Жарандар “Манас” аэропортунан сыртка учуучу жүргүнчүлөрдөн ПЧР-тест тапшырууну талап кылганына нааразы болууда. Бул маселени Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков дагы көтөрдү.
– Өткөндө тапшырма бердик эле, жооп жок. Дагы деле жарандарды 3500 сомго ПЧР-тест тапшыртып жатыптыр. Бул тармакты караган бирөө-жарым барбы?- деди депутат.
Ушул эле күнү “Манас” аэропорту билдирүү жасап, Кыргыз өлкөсү ПЧР-тест тапшырууну талап кылган жок деп маалымдады.
– Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Авиабилет сатып алууда ПЧР-тест тууралуу маалыматты тактап алууңуздарды суранабыз. Мисалы, Кыргызстанга келгендер үчүн бардык талаптар жокко чыгарылган. Өзбекстан, Казакстан, Түркия дагы ПЧР-тестти же эмдөө сертификатын талап кылууну токтоткон. Бирок Орусия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия бул талаптарды жокко чыгарган жок. Андыктан аталган өлкөлөргө учууга катталууда авиакомпания өкүлдөрү ПЧР-тест же эмдөө сертификатын талап кылышат,- дешти аэропорттон.