Маалыматка таянсак, окуя 19-июнда болгон. 25 жаштагы завуч Саруу айылындагы орто мектептин окуучулары сабап салганын айтып ооруканага кайрылган. Оорукана милицияга маалымат берген. Жабырлануучу учурда ооруканада, тийиштүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.
Жабырлануучунун айтымында, 10-класстын окуучуларын экскурсияга жибербей койгону үчүн аны сабап салышкан.
Окуя “бейбаштык” беренеси боюнча каттоого алынып, кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 17 жаштагы 5 жигит кармалганы айтылды