Айым Айылчиева, ырчы: “ЭМИ БҮТ КҮЧҮМДҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА ЖУМШАЙМ”

Мектеп жашынан ырдап, жергиликтүү да, эл аралык да сынактарда өзүн сынап көрүүгө жетишкен таланттуу ырчы кыз Айым Айылчиева биздин маек төрүбүздө. Бул аптанын башкы каарманы менен окуусу, чыгармачылыгы, алдыдагы пландары тууралуу сөз кылдык.

– Салам, Айым! Окууну бүтүшүң менен куттуктайм. Жакшы жыйынтыктап алдыңбы?

– Рахмат, саламатсыздарбы? Борбордук Азиядагы Америка университетин бүтүрүп жатам. Дароо эки кесиптин ээси болдум. Бири – коомдук ишкерлик, экинчиси – шаар куруу жана дизайн. Өзүм ойлогондон жакшы бүттүм. Жакында эле бүтүрүү кечебиз болду. Пандемиядан улам бүтүрүү кече болбой жүргөн. 3 жылдын бүтүрүүчүлөрү чогулуп, сонун кече уюштурдук.

– Эми пландар кандай, ырчылыкка билек түрө киришесиңби? Чыгармачылыгың дагы солгундап калды.

– Мен университетке сынактан утуп алып өткөндүктөн окуу жайдын иш-чараларына активдүү катышып турдум. Окуум англис тилинде, сабактардан жетиштүү упай топтоо үчүн убактымдын көбү окуу менен өттү. Чыгармачылыкка деле киришкем, чогуу алып кетким келип жүрдү, бирок окуумдан улам жана чет өлкөгө сапарлар көп болгондуктан жеткиликтүү убакыт бөлө албай калдым. Өзүмдөн дагы “сен эмне ырдаганды токтотуп салдың беле?” деп сурагандар көп. Негизинен чакыруу түшкөн иш-чара, концерттерде ырдап эле жүрөм. Олку-солку болбой бирин жакшы бүтүрүп, экинчисин баштайын, чыгармачылык да, окуум да эптеп-септеп болуп калбасын дедим. Өзүм дагы ушул учурду күтүп жүргөм. Азыр көптөгөн идеялардын, жаңы долбоорлордун үстүнөн иштеп жатабыз. Акырындык менен пландарды ишке ашырабыз. Окуу, жыйынтыктоочу сынактар дагы көп күчүмдү алып койду. Бир аз калыптанып алып, толук түрдө чыгармачылыкка күчүмдү жумшайм. Окуудан бошодум, эми вокалга, бийге, тигиге-буга барышым керек деп эле жатам. Эми натыйжалуу аракет болушу үчүн убактымды туура бөлүштүрүшүм керек.

– Кандай багыттагы ырларды ырдайын деп жатасың? Өзгөчөлүк күтсөк болобу?

– Азыркы тапта бир ырым даяр болуп калды. Июлдун ортолорунда, балким, угармандарга сунабыз. Бул такыр башкача өңүттө чыгат. Буга чейин мен эски ырларды гана жаңыртып ырдап келгем да. Мисалы, мурун сүйүү жөнүндө ырдачу эмесмин. Көпчүлүк учурда олуттуу темаларда ырдачумун. Азыркы ырымда сүйүү темасы козголду. Жеңил ыр десем болот. Чыгармачылыгыма өзүмдү, өзүм жашаган кайсы бир толгонууларды чыгаргым келип жатат. Анткени Батыштын ырчыларын карай турган болсок, алар өздөрүндө болуп жаткан нерселерди чыгармага айлантышат. Бул нерсе угарманга көбүрөөк жакын болот. Бул сапар өзүмдүн күйөрман, угарман, катталуучуларыма ачыгыраак болгонго аракет кылам.

– 5 жыл башка кесип үчүн билим алып, анан ырчылыкка киришүүңдү жакындарың кандай кабыл алып жатышат? Окууңду чет өлкөдө улант деп сунушташкан жокпу?

– Ой, алар да менин чыгармачылыкка киришүүмдү көптөн бери күтүп келе жатышат. Апам “эми качан ырдайсың, чыгармачылыгыңа көңүл бур” деп айтып жүрдү. Бирок күндөп-түндөп окуу, тапшырмалар менен алектенгенимди көрүшөт да. Азыр жаңы бир нерсени алып чыгууга, өздөштүрүүгө, чыгармачылыкта өз багытымды табууга аракет кылып жатам. Себеби ар бир ырчынын өзүнө таандык уникалдуулугу болуш керек. Мисалы, биз угарыбыз менен бул Мирбек Атабеков деп таанып жатпайбызбы. Мен дагы эл укканда менин ырым экенин билишин каалайм. Ушуга аракет кылам, күчүмдү изденүүгө жумшайм.

– Бизге буга чейинки берген маегиңде стиль, имидж өзгөртүп, Жийдеш Идирисованын жолдошу, продюсер Андрей Доргай менен иштешип жатканыңды айттың эле. Анан эле тынчып калдыңар...

– Ооба, биз иштешип баштаганбыз. Бирок пандемиядан улам иштешүүбүздү, долбоорду аягына чыгаруу кыйыныраак болду. Командадагы кыздар дагы жер-жерлерге тарап кетишти, кайра чогулта албай калдык. Биз иштешүүнү туура эмес учурда баштап алыптырбыз. Ошону менен токтоп калды.

– Шоу-бизнеске баам салып, анализдеп жаткан учуруң экен да, кандай өзгөчөлүк байкап жатасың?

Азыр “Curltai’дан” ырдап чыгып жаткан Улукманапо, Жакс, Бакр аттуу ырчылар жаңы багыт, аларды коңшу өлкөлөр дагы угушат. Биздин өлкөдөн да ушундай ырчылар чыкканы – бул абдан жагымдуу. Шоу-бизнесте, алып карай турган болсок, эки башка багыт бар. Бири – интернет аркылуу кеңири аудиториясын табууга, бири – мурункудай калыптанган өңүттө чыгармачылыгын өлкө ичинде өнүктүрүүгө аракет кылып жатышат. Менимче, чыгармачылыкта “аа, бул минтип салыптыр, мен дагы ошентейин” деп өзүңдү бирөө менен салыштырып, бирөөнү туурабашың керек. Дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылардын чыгармачылыгын карап, ошолордун деңгээлине чыгууга аракет кылып, Кыргызстандын аймагы менен эле чектелип калбашың зарыл.

– Окууну бүттүң, качан күйөө балалуу кыласың деген суроолор да бериле баштаса керек?

– Ата-энем мени эч качан шаштырбайт, тескерисинче, алар “шашпа, оку, эки жакты көр” деп турушат. Эгер мен кимдир бирөө менен сүйлөшө турган болсом апама айтып кеңеш сурай алам. Ал мага туура багыт берет. Апам өзү турмушка эрте – 19 жашында чыккан. “Мен көп нерсени көрбөй калыптырмын, шашпа, убактың бар, баарына жетишесиң. Турмушка чыккың келбей жатса оку, иште, саякатта” дейт. Ал эми чоң апам бир жылдан бери “бирөө-жарым менен сүйлөшүп жатасыңбы деги, сүйлөшүп башта. Мага жакшы күйөө бала тап” деп тамашалап калчу болду (күлүп). Ага чейин “эч ким менен сүйлөшпө, окууңа гана көңүл бур” дечү. Үй-бүлөдөгү улуу небересимин, ошого дагы күтүп жатат окшойт.

– Анан жүрөктүн ээси барбы? Мырзаларга талабың кандай?

– Мен качан олуттуу мамилеге жетип, баары бышып калганда гана баарын ачыктай алам, ага чейин бул теманы козгогум келбейт. Өзүмдүн адамыма кезигип, баары анык болуп калганда бул маалыматты баары менен бөлүшөм. Ал эми мырзалар боюнча айта турган болсом, атайын деле санай турган критерийлерим жок. Эң негизгиси ал адам менен убакыт өткөрүү мага жагымдуу болсо, аны менен кайсы тема болбосун сүйлөшө алсам ошол жетиштүү.

– Маегиңе рахмат. Чыгармачылык ийгилик! Сенден жаңы ырларды күтөбүз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан