Мирлан Самыйкожо, Жогорку Кеңештин депутаты: «ШАЙЛАГАН ДЕПУТАТЫН СӨККӨНДӨР ИШ ЖҮЗҮНДӨ ӨЗДӨРҮН СӨГҮП ЖАТЫШАТ»

Убагында Базар-Коргондун эли 30 жаштагы жөнөкөй мугалим Өмүрбек Текебаевди бир добуштан парламентке депутат кылып шайлап алгандай, Ак-Талаанын эли акын Мирлан Самыйкожону жабыла колдоп Жогорку Кеңешке депутат кылды. Миллиондоп акча чачпай, жомокко окшош куру убадаларды жаадырбай эле элдин колдоосун тапса болорун Мирлан мырза далилдегендей болду. Депутат менен акындык өнөрү, депутаттык жашоосу тууралуу баарлашып кайттык.

– Саламатсызбы, Мирлан мырза, жайдын аптабында маанайыңыз кандай? Ысык-суукка чыдамдуусузбу, ысыктан кантип коргонуп жатасыз?

– Саламатчылык. Табияттын ысыгына да, суугуна да чыдамдуумун, анткени катаал шарттагы аймакта чоңойдум. 6 ай кышы бар Ак-Талаа деген аймакта балалыгым өттү.

– Акын, алпаруучу, чыгармачыл Мирлан Самыйкожону депутаттык статус канчалык өзгөртүп жатат?

– Депутаттык статус мени өзгөртө албайт, тескерисинче, мен депутаттык статусту өзгөртүүгө аракет кылып жатам. Элдин аң-сезиминде депутат деген көпүрө куруп, жол салып же таза суу чыгарышы керек деген түшүнүк орноп калган. Шайлоодо үгүт иштери учурунда 3 районду, 78 айылды кыдырып чыктым. Суу чыгарып, үйүңөрдөгү лампичкеңерди бурап, 5 миң сомдон бере албайм дедим. Мыйзамдарды иштетебиз, мыйзам иштесе сууңар да чыгат, көпүрөңөр да курулат, жолуңар да салынат дедим. Эл мени түшүндү, түшүнгөнүн шайлоодо далилдешти. Минтип бир тыйын бербеген мени парламентке алып келишти. Бул да болсо өзгөрүү, элдин аң-сезиминдеги бурулуш. Депутат болсо эле мансабына манчыркап элден башкача болот, төрт көзү, үч кулагы болот деген түшүнүктө ойлонуу туура эмес. Эл тарабынан шайланган үчүн элдин кулу, элдин уулу болгонго эмне жетсин. Менин депутаттык статусум мага эмес, элдин, мамлекеттин ишине иштеши керек.

“Бийлик колдун кириндей,

Бир жуулат билинбей.

Көпкө турбас бийликти

Көргөн болбойт пириндей” деп коюшат. Депутаттыкты пир тутпай, элдин жону менен эмес, жолу менен басканга аракет кылабыз.

– Элден көп сын уккан, тепки жеген депутаттар болуш керек. Депутаттар тууралуу коомдук пикирди өзгөртүү үчүн көпчүлүк аракет кылышы керек да?

– Ооба, ошондой тепкиге татыктуулар бар арабызда. Биз сыяктуу элдин катмарынан чыккан депутаттар көп болсо, ошондо чыныгы парламент болот. Өздөрү шайлап алып, кайра ошол депутатын сөккөндөр өздөрүн-өздөрү сөгүп жаткандай эле сезиле берет. Ушундай эле да негизи. Эгер депутат жаза басып жатса, аны чакырып туура багыт бергенге эл милдеттүү.

– Парламентте макалдатып, кер-какшык аралаштыра чымчып сүйлөп пикир билдирип жатасыз. Микрофонго чыгыш үчүн айрымдардай болуп атайын сөз тандап даярданбайт деле болушуңуз керек?

– Мен ушул даярдануу деген нерсеге аябай кылдат карайм. Депутат сүйлөөр алдында даярданышы керек. Кагазга жазып аны он кайталап жаттап эмес, өзүңдүн акыл-туюмуңа жараша жүрөгүңө салып, анализдеп, электен өткөрүп анан чыгып сүйлөгөн оң. Дайыма даярданып сүйлөйм.

– Талкуу жараткан маселелерде эл тарапта болуп, социалдык желеден мактоолорду угуп жатасыз. Коом деле кээде жаңылышы мүмкүнбү? Сурайын дегеним, коомдук пикирди такай ээрчийсизби, же эл макул болбогон демилгени деле колдоп чыгышыңыз мүмкүнбү?

– Толук мүмкүн. Эгер эл, мамлекет жана мамлекет башчы – баары бир бүтүнгө айланса өлкө өнүгөт. Анан туш-туштан чыгып туура нерсени да туура эмес деп кыйкыра берсек, же жеке кызыкчылыгын көздөп жүргөндөрдү ээрчип кете берсек, анда биз мамлекет үчүн ойлонбой калган болобуз. Мисалы, чындап эле мамлекетти башка жолго сала турган жакшы мыйзам болсо, эл ошону түшүнбөй жатса мен аны миң кайталап, миң жолу ыр, аңгеме, чыгарма кылып жазып, мыйзам түрүндө жазып элге түшүндүрүүгө аракет кылам. Менин максатым ошол.

– Депутат катары калыс позицияны кармануу кыйын болчудайбы? Абийир менен аргасыздык таразага коюлган сыноолор болдубу сизде?

– Азыр калыс деген сөздү да ар кандай түшүнүктө колдонуп жаткандар болууда. Өткөндө парламентте депутат Арсланбек Малиев "регламенттеги “макул”, “каршы” деген сөздөн сырткары “калыс” деген кнопканы да кошолу" деп чыкты. Мен каршы болдум. "Анда калыс дебей эле, ыргылжың деп койбойлубу?" дедим. Депутат “ооба” же “жок” дебесе, демек, ыргылжың да. Калыс ой, калыс пикир башка, ар бир маселеде калыстык болушу керек. Депутат аргасыздыкка арбалып кетпеши керек. Жеке мен абийирди аттап аргасыздыкка моюн суна албайм.

– Казино боюнча мыйзамга каршы чыккан эл өкүлдөрүнүн бири болдуңуз. Бирок каршы болгондор кворум түзүп беришти, “Бүтүн Кыргызстандай” болуп добуш берүүдөн баш тартышы керек эле деп жатышат, буга эмне дейсиз?

– Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган, регламент боюнча депутаттар “макул” же “каршы” деп добуш бериши керек. Ошол жерде тирүү отуруп добуш бербей койсоң болбой калат. “Бүтүн Кыргызстан” жаңы регламенттин жоктугуна таянып добуш берген жок. Алардыкы да туура. Ошон үчүн мен “казино тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышы канчалык мыйзамдуу болгону күмөн болуп калды” дедим. Добуш берүүдөн баш тартып деле койсом болмок, бирок антким келген жок. Мен каршымынбы ачык эле каршылыгымды билгизгим келди. “Бүтүн Кыргызстандын” деле добуш бербегени каршымын деген сөз, биз аларга кошулуп добуш бербей койсок деле ал долбоор өтмөк, анткени 53 депутат макул болуп жатпайбы.

– Маанилүү мыйзамды парламенттен өткөрүүдө депутаттардын ар биринин кабинетине кирип көндүрүүгө аракет кылышат деп айтылат. Сиздин кабинетке деле келип жатышабы?

– Мүнөзүмө жараша го, мага булаңгыр мыйзамды колдоп бер деп эч ким келбейт, келген эмес жана келишин каалабайм. Элге абдан керектүү, максаты ачык мыйзам болсо ал кабинеттерден чечилбейт. Палатадан, комитеттен, ачык-айкын талкуулардан кийин чечилет. Кабинетке келген мыйзамдарды түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт.

– Айтышка алпаруучу болгон күндөрдү сагынасызбы? Көрүүчүдө башка, алпаруучуда башка сезимдер болсо керек...

– Мен алпаруучулукту сагынбайм, анткени аны менен дагы деле чогуумун. Бул менин баштапкы коомдук жумушум. Эл аралык айтыштарды азыр деле алпара берем, анын уяты жок. Депутат айтышты алпарган болбойт деген мыйзам да жок. Мен бул улуу өнөрдү өзүмдүн каалоом менен дайыма жонума көтөрүп жүргөнгө даярмын.

– Акындык талантыңыздын абалы кандай? Баягыдай буркан-шаркан түшкөн ырлар эми жаралбай калбайбы?

– Мурункудан да буркан-шаркан түшкөн ырлар жаралышы мүмкүн. Талант, ыр жазуу, акындык бул менин жан дүйнөм. Аны катып жашырган сайын ошончолук кыйналасың. Мисалы, жан дүйнөдө жасалмалуулук жок, ичиң одуракай болсо ошондой ырларды жазасың. Ырларды кандай жазсам, мыйзамдарды да ошондой жазганга аракет кылам. Системге көнүп кетпей, тескерисинче көндүрүп, саясат канчалык кир болбосун сен таза болсоң өзүңдү кирдетпейсиң, антивирус болосуң. Бүгүн айтып, эртең кайтып кетсең болот, саясат деген ушундай да деген аң-сезимдеги түшүнүктөн арылуубуз керек. Саясатты өзүбүз туура кылышыбыз зарыл. Саясат бул сөзсүз эле алдоо, убада берүү, көз боёмочулук эмес, саясаттын да тазалыгы бар, мен таза жагын гана көрөм.

– Маегиңизге чоң рахмат, саясатты тазарткан адамдар көп болсун дейли!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан