Чоро Думанаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ТЕҢТУШТАРЫМДЫН КӨБҮ ӨТҮП КЕТТИ, ЖАЛГЫЗСЫРАЙМ...”

10 жашынан бери театрда эмгектенип келе жаткан Чоро Думанаев агабыз менен маектештик. Жакында сыркоолоп жатыптыр деп угуп, абалын сурап келдик. Агай кубантып күүлүү-күчтүү экенин айтып, жакшы маанайда маек куруп берди.

– Саламатсызбы? Сизди бир аз сыркоолоп калды дешкенинен кабар алганы келдик, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламатсыңар. Ден соолугум жакшы эле, жаман болсо бул жерге келип интервью бере албайт элем да (күлүп). Эми менин жашымда ден соолук бир аз начарлайт экен. Анча-мынча сыркоолоп калдым, абалымды сурап келгениңерге ыраазымын. Эми оору тууралуу деле кеп кылгым келбейт. Мени кубандырган нерсе – үч жылдай театр оңдоп-түздөө иштери болуп жабылып калбадыбы беле, ачылгандан бери жакшы спектаклдер коюлду. Эл дагы сагынып калган окшойт, мыкты бет ачарлар болду. Мен да сахнада роль ойногонду сагынып калыптырмын. Азыр кайра театрдын сезонун жаптык, артисттердин баары жакшы эс алып келсин деп тилеп жатам. Келгенден кийин кайра жаңы дем менен күпүлдөп иштеп баштасак, талантыбызды элге тартууласак деп турам.

Мен 10 жашымдан бери театрда роль аткарып келе жатам. Нечендеген залкар актёрлордун колунан өттүм. Алардын балдары менен чогуу чоңоюп, тарбиясын көп алдым. Азыр карасам, театрда ойноп жаткан жаштар менин балдарымдай болуп калды. Актёрлор кары-жашыбызга карабай театр менен жашап келе жатабыз. Театрга карыгандар да керек, болбосо аксакалдарды ким ойнойт (күлүп)? Мени менен тең актёрлордун көбү өтүп кетти, жалгызсырап калат экенсиң. Жаман коңултуктап жүрөм. Ага-тууган менен кээде эле жолугасың, театрда болсо бир үй-бүлөдөй болуп каласың да. Кээде отуруп гастролдорго чогуу чыккан учурларым эсиме түшөт. “Ай, аттиң, коё турса болмок” деп кейип каласың. Бир топ мыкты инсандар өтүп кетти, кээ бири ооруп, кээ бирөө кырсыктап (ойлонуп).

– Көп учурда азыркы актёрлорду мурунку актёрлордой ойной албайт деп залкарлар менен салыштыруу көп болот, ээ?

– Уучубуз куру эмес экен, азыр театрды кармап тургандар – жаштар. Залкарлар эми аты эле айтып тургандай залкарлар да, ар бир актёр өз убагынын каарманы. Азыр жаштарыбыз дагы жакшы чыгып жатышат. Фестивалдарга барып мыкты орундарды алып келишүүдө. Иши кылып театрдын келечеги бар деп сүйүнүп калам.

– Азыр театрга эл көп барып жатканын байкадым, чын эле сагынып калышкан окшойт...

– Сагынып калышты, анткени театрда жандуу байланыш эмеспи. Кинодо, интернетте болгон окуяларың башка. Сахнада жандуу аткарган спектаклди көргөн башка. Сериалдардан, жаңылыктардан театрдан алгандай ырахат ала албайсың да.

– Сиз канча жылдан бери роль жаратып келе жатасыз, бул тармактын туу чокусу болот бекен? Ага жеткен адам барбы?

– Актёрлуктун туу чокусу жок, менимче, актёр “ошол чокуга мен жеттим” деп айта албаса керек. Анткени улам бир жаңы роль чыгат, жан талашып ошону ачып бергенге аракет кыласың. Кудай берген талант, анан эмгек, тырышчаактык керек. Мурун артист десе эле бир байкуштай сезишчү да эл, азыр бул кесиптин барк-баасын түшүнүп калышты. Азыр жаш актёрлор үйлүү болуп калса деп ойлой берем. Үй-бүлөнү жакшы жолго коюп алса чыгармачылыкка өзүн арнашат эле.

– Ушунча жылдан бери театрда иштеп келе жаткан сизге бериле элек, жаш актёрлор качан жетер экен?..

– Өкмөттөн жакында айтышты “салынып жатат, ошол үйдөн беребиз” деп, берип калар. Жакшы нерседен үмүт кылабыз. Нааразы болсок деле театрга кирип барганда баары унутулуп калат. Мени жаш актёрлор “батя” деп коюшат (күлүп). Эркелеп калышат, мен да эркелетип коём.

– “Көчө” тасмасынан кийин өз учурунун жылдызы болдуңуз да, “жылдыз оорусу” менен ал учурда кантип оорушчу эле?

– “Жылдыз оорусу” менен оорусам ошону менен омкорулуп кетмекмин да. Мен “жылдыз оорусу” менен ооруган жокмун, бактым кичинемден залкарлар менен чогуу жүрүп калганым болду. Алар оорубаган “жылдыз оорусу” менен мен кантип оорумак элем? Мыкты режиссёрлор менен иштештим, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдор тарткан кинодо роль жараттым. Алардын баары жөнөкөй адамдар. Ал кезде кыйын болуп деле кеткен адам болчу эмес, же мен көрчү эмес белем, билбейм.

– “Көчө” тасмасында Аваздын ролунда сиз ырдайсыз го, өзүңүздүн үнүңүзбү?

– Менин ырчылыкка шыгым жок. Башка актёрлор жакшы ырдап да, актёрлук да кылып кетишет. Менин андай өнөрүм жок. “Көчө” тасмасында ойногонумда Аваз ырдаган “Аппагым” деген ырды 25 дубль менен тартканбыз. Анда да болбой окшошпой койду. Үн операторубуз “медведь на ухо наступил” деп күлгөн. Айла жок Эрмек Мойдуновду ырдатып кошушкан. Бул ырды азыркыга чейин ырдап келе жатышат.

– Жакында туулган күнүңүз болуптур, 70 жашты кандай белгиледиңиз?

– Үй-бүлө, жоро-жолдоштор менен эле белгиледик. Чыгармачылык чоң салтанатты күзүндө берели деп сүйлөштүк. Кудай ден соолук берсе деп турабыз.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.

– Үй-бүлөм тууралуу айтсам, жубайым балдар ооруканасында рентгенде иштейт. Кичүү балам болсо циркте артист. Ал дагы азыр эс алууда, бул жайда чогуу эс алсак деп турабыз.

– Маегиңизге рахмат! Ден соолукта болуңуз!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан