Шайырбүү Турдалиева: “ДАРЫГЕРЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН 1 ЖАШАР НЕБЕРЕМДЕН АЙРЫЛДЫК”

“Апаат күн келе жатат,

Эси ооп эне жатат.

Оролуп ак кепинге,

Наристе дене жатат.

Уйкудан ойготушкан,

Эми эле ойнотушкан.

Кайдыгер доктурлардан

Баласын жоготушкан.

Наристе бөбөк эле,

Энеге жөлөк эле.

Өлбөсө ушул бала,

Бир күнүн көрөт эле.

Эх аттиң... Аттиң арман,

Жашаса болбойт беле?

Доктурлар так иштесе,

А, балким өлбөйт беле?

Энелер мага окшогон,

Көз жашын төкпөйт эле”,- деген саптар ширин небересин жоготкон Шайырбүү Турдалиеванын калемине таандык. Каарманыбыз “бизди дарыгерлер ал жакка, бул жакка бар деп тепкилеп жүрүп неберем өз убагында дарыланбай калды. Бөбөктүн өлүмүнө Гиппократтын антын берип жумушуна шалаакы мамиле кылган врачтар күнөөлүү” дейт.

“Неберемдин көздөрү саргарып жатканда ооруканага кайрылганбыз”

– Аты-жөнүм Шайырбүү Турдалиева. Аксыдан болобуз, бирок учурда Бишкекте жашайбыз. Өзүм 30 жылдан бери медайым болуп иштейм. Медицина тармагында ушунча жыл иштеп дарыгерлердин кайдыгерлигине, шалаакылыгына кабылам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мага эле ушундай мамиле кылышты, карапайым элди кантип кабыл аларын элестете албайм. Окуя мындайча болгон.

2021-жылы 23-октябрда тун неберем Мейкиндин көздөрү саргарып калыптыр. Ал күнү ишемби болгондуктан ооруканага алып барган жокпуз. Өзүм медайым болуп иштегендиктен 25-октябрь күнү мен иштеген жеке клиникадан анализ тапшыртып, дароо №3 шаардык ооруканага кайрылдык. Ал жактан бизди Бишкек шаарындагы Темир жол ооруканасына жөнөтүштү. Ал жактан бизге күзөттөгү врач "Халида Азимбаева деген гепатолог келет, ошого көрсөткүлө" деген. Ал күнү кеч кирип кеткендиктен эртеси келели деп үйгө кеткенбиз.

“А” гепатити менен ооруган баланы үйүнө жиберип коюшкан”

– Эртеси 26-октябрь күнү келиним неберемди көтөрүп Темир жол ооруканасына кайра келет. Б. К. деген врач көрүп, курч мүнөздөгү "А" гепатити деген диагноз коюптур. “Азырынча үйдөн карай бергиле, болбосо кайра келесиңер” деп үйгө жөнөтүп жиберген. Мындай диагноз менен дароо ооруканага жаткырыш керек болчу, кантип үйгө жиберди? Жазып берген диеталарын сактап 28-октябрга чейин келиним үйдө болуптур. Неберем токтоосуз ыйлап баштайт, кайра Темир жол ооруканасына алып барса алар “невропатологго көрсөткүлө” деп коюшкан. Келиним чалганынан мен ошол күнү айткан жерине барсам Жалдагы балдар ооруканасынын алдында “эч ким албай жатат” деп отуруптур. Боорун УЗИге тарттыралы десе 3 саат ачка болуш керек деп тартпай коюптур. Тынымсыз ыйлап, басылбаган баланы эмизип эле үнүн баспаса бала кантип токтомок эле? Кайра Темир жол ооруканасына бардык. Барсак Б. К. “мен бул жеке клиника чыгарган анализдерге ишенбейм, “Интермедикал” лабораториясына барып анализ тапшырып келгиле” деди. Ал лабораторияга барсак ал жактан да бала ачка болушу керек деп албай коюшту. Кайра Темир жол ооруканасына бардык, дарыгерлер карашкан жок. Неберемдин ыйлаганы токтобой бизди суй жыкты, жиним келип врачтар отурган иш бөлмөсүнө кирип “эмнеге ооруп жаткан баланы кабыл албайсыңар, бала эртеден бери жаагы басылбай ыйлап жатат, бооруна күч келет деп ойлобойсуңарбы” деп кыйкырдым. Кебелбей отуруп “чуркап барып врачтарың карабай жатат деп башкы врачка айт” деди. Айтор, бизди көрүнгөн ооруканага жиберип неберемди, келинимди мени кошуп кыйнашты. Биз ошентип тиги ооруканадан бул ооруканага чуркап жүргөндө 31-октябрь күнү неберем эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, реанимацияга түшүп калды. 2-ноябрь күнү ИВЛ аппаратта жатып чарчап калды. Дарыгерлердин айынан тили эми чыгып келе жаткан ширин неберемден айрылып калдык.

“Тиешелүү адамдар жоопко тартылсын”

– Шалаакы дарыгерлердин үстүнөн Башкы прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазгам. Карга карганын көзүн чукубайт болуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги шалаакы дарыгерлерин жоопко тарткан жок. Сөгүш да жарыялаган жок. Алар дагы деле иштеп жүрүшөт. Биз гепатит менен ооруган балабызды көтөрүп алып ооруканадан оорукананы кыдырып жүрдүк, ал бирөө-жарымга жугушу мүмкүн да, ар кайсы лабораторияга жиберип жатып 4 күнгө чейин балага диагноз коюлган жок. Милдетин билбеген врачтар жумуштан кетсин элдин убалына калбай, мен ошону талап кылам. Неберем жөрмөлөп, буюмдарды кармалап басып калган эле. Анын кылык-жоругун эстеген сайын эт жүрөгүм эзилет, сагынам, жакшынакай жүрүп эле саналуу күн ичинде ушундай кырсык болуп кетти.

“Баланы сактап калууга дарыгерлер болгон аракетин жасашкан”

Зульфира Рыскулова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дарылоо иши боюнча башкы адис:

– Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборубузда 1 жаштагы Мейкин Камчыбеков реанимацияда жатып көз жумганы чын. Дарыгерлер баланы сактап калууга болгон аракетин жасашкан, бирок ата-энеси 5 күн кеч кайрылып убакыттан уттуруп коюшкан. Бала келгенде сапсары болуп ооруканага түшкөн, биз ким менен байланышта болгонун тактай албай койдук. Бөбөк энеси менен Жалал-Абаддан келиптир, жолдо кимдер менен байланыш болду билбейбиз да. Энеси “ал жакта жүргөндө таза болчу, бул жактан жукту” деп жатат. Бөбөктүн чоң энеси Шайырбүү айым Темир жол ооруканасында иштеген эки врачтын үстүнөн даттанып министрликке кайрылганда биз 10 адамдан турган комиссия түзүп, аталган ишти териштирдик. Комиссия мүчөлөрү профессорлор, докторлор, медицинанын мыктылары эле. Алар бир ооздон бала гепатиттин чагылгандай бат тараган, күчтүү формасында ооруптур, сактап калуу мүмкүн эмес болчу деген тыянак чыгарышты. Энеси болбой эле дарыгерлерди жумуштан айдатам, жоопко тарттырам деп аракет кылууда. Темир жол ооруканасынын эки врачы келип менин иш бөлмөмдөн Шайыр айымдан кечирим сурашты, “кааласаң сенин көзүңчө арыз жазып кетели” дешти, бирок ал өзү унчукпай эшикке чыгып кетти. Кийин келип “мен силердин чыгарган тыянагыңарга канааттанган жокмун, башкы прокуратурага арыз жазам, массалык маалымат каражаттарына чыгарам, баламды унута албай жатам” деп келди. Бала каза болгондо аны сойдурбай алып кетишкен экен, сойгондо эмнеден каза болгону билинмек. Айлабыз түгөнгөндө “анда сөөктү эксгумация кылдырып экспертизага берели” дедик, ага да болбойт. Ал убакта ковид күчөп дарыгерлер адам өмүрү менен алышып жаткан эле. Бала гепатит менен келип, кийин эки өпкөсү пневмония болуп каза болду. Бул учурда врачтар колунан келгенин жасашты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан