ЖЫНЫС МҮЧӨЛӨРГӨ ЖАСАЛЧУ ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГИЯ

Учурда интимдик пластикалык операциялар көбөйүп барат. Төшөктө бактылуу болууну эңсегендердин тилеги кантип ишке ашат? Анда кепти пластикалык микрохирург Бактыбек Өмүрзаковго берели.

КЫЙШЫК “АЛИГИНИ” ТҮЗӨӨ
– Кээ бир эркектердин “алигиси” тубаса кыйшык жаралып калса, кээ бирлериники жаракатка кабылуудан соң кыйшайып калат. Мындай мүчөлөр чыңалганда же жыныстык катнаш убакта оорутуу жаратса гана операция жолу менен түздөлөт. Эгер оорутуу жаратпаса, анда операциянын кереги жок. Операцияны 18 жаштан кийин жасатуу жакшыраак. Анткени ушул жаштарда гана дене мүчөлөрү өсүүсүн токтото баштайт. Операция ооруну сездирбөөчү дары-дармектердин арты менен ишке ашырылат. Эгер ткандар тартышып калып “алиги” ошондон улам кыйшайса, анда ал жерлерге эркектин өзүнүн дене мүчөсүнөн ткань алынып, кошулуп жамалат. Кокус “алигиде” ашыкча ткандар бар болсо, алар алынып салынат.
Операция болгон адам клиникада 3-4 күн же бир апта жатып дарыланган соң гана үйүнө чыгарылат.

ЖЫНЫС КЫНЫН КИЧИРЕЙТҮҮ
– Кээде төрөт учурунда жыныс кыны ичинен да, сыртынан да айрылып, чоңоюп калышы мүмкүн. Кээде ичи айрылбай сырты гана айрылып, кеңейип калат. Мындай жыныс кындар кийин төшөк оюнунда бир топ ыңгайсыздыкты жаратат. Анткени аял менен эркек кошулганда бири-бириникин жакшы сезбей, моокумдары канбай калат. Башкача айтканда, кең жыныс кынында ыйкоо, кысуу начар жүрөт. Эркек аялды “жыныс кының кең, меникин кыспай калды, ыраазы болбой жатам” деп күнөөлөйт. Ошол эле учурда аял эркектин “алигиси” жыныс кынынын ичин толтуруп турушун каалайт. Жыныс кынын кичирейтүү (вагинопластика) ошон үчүн керек.
Операция алдында ооруну сездирбөөчү дары сайылат. Анан жыныс кынынын айрылып кеткен жерлери тигилет. Буга 1-2 саат убакыт кетет. Эгер ичинен да, сыртынан да айрылса, анда ичинен да, сыртынан да тигүү жүргүзүлөт. Эгер сырты гана айрылса, анда ошол жер гана тигилип, операция бат эле аяктайт.
Операциядан кийин аял үйүнө кете берсе болот. Биротоло айыккыча келип көрүнүп турат.

КИЧИНЕ ЖЫНЫС ЭРИНДЕРИНЕ ОПЕРАЦИЯ
– Кээ бир кыздардын кичине жыныс эриндери тубаса чоң болот. Алтургай чоң жыныс эриндеринен да чыгып, көрүнүп тургандары кездешет. Кээ бирлердин кичине жыныс эриндеринин бири гана чоң болуп туулат. Мындай кыздар жыныс эринин кичирейткиси келсе, өз эрки. Операция 1-2 саатка созулуп, ооруну сездирбөөчү дарылардын арты менен ишке ашат. Андан соң айым айыккыча клиникада жатып дарыланат.

Венера Камалова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
gogo
2010-12-25 03:03:58
ана сага шумдук!!
0
Baku
2010-12-26 11:27:29
Жок нерсенин өзү жок болуп баратат го!
0
Nazulya
2010-12-28 16:33:30
Аааиий танкалыштуу экен.
0
janchar
2010-12-28 20:54:20
значит бизге да жетип келиптир да..эч кандай деле каршылыгым жок..нормальный эле го деп ойлойм
0
aminali
2010-12-28 22:23:01
jancharga kowulam.
0
velkom
2012-07-12 18:54:06
бир чети жакшы нерсе экен
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан