КЫЗ ЖИГИТКЕ “ҮЙЛӨНҮП”... Тойдо фотографтар туш болгон окуялар

Кыргызда эмне көп? Той көп. Ошол тойлордо ар кандай окуялар болот. Бул ирет тойлордо болгон окуяларды фотографтардан сурап көрдүк, кызыктуу болду, окуп көрүңүз.

Канат Мырзабеков: “ШЕЙШЕПТИ СЕБЕТКЕ САЛЫП КАФЕГЕ КӨТӨРҮП КЕЛИШЕТ”

- Мен 2009-2010-жылдары Бишкекте тойлордо фотограф, оператор болуп иштеп калдым. Азыр деле бул чөйрөдөн алыстап кеткен жокмун. Буюртма түшсө, тартып берем.

Бир ирет адаттагыдай той тартып берүү буюртмасы менен алгач Бакыт өргөөсүнө бардык. Бир эжелер “мындай кылгыла, ары тургула, бери тургула” деп тейлеп жүргөн. Жигит тарап ошолор экен деп ойлодук. Өчпөс оттон кийин “Манас айылына” бардык. Ал жактан кыз “үйгө барып келишим керек” деп калды. Мен түшүнбөй эле “кыз үйдөн бир эле жолу чыгат. Андан кийин үйүнө барбайт” дедим. Ал болбой эле “барып келем” деп жатты. Күйөө жолдош менен сүйлөшүп калсам, ал “кыздын апасы кечинде үйгө барганда силерди мас кылам деп жатат” деп калды. Мен болсо “кандайча анын үйүнө бармак элеңер? Баланын үйүнө барасыңар да” деп жатам. Сейилдөө бүтүп, кафеге бардык. Тамада менен да кыздын апасы сүйлөшүптүр, тамада дагы күйөө тарап ошолор экен деп ойлоп, кыз тарапты кулдук урдуртуп салды. Алар деле тамаданын айтканын аткара беришти. Той болуп жатат, улам эле кыз тараптан бала тарапка үстөмдүк болуп жатканын байкап калдым. Той аяктайын деп калганда кыздын жеңеси сөз сүйлөп жатып “кудагый, бир учурда сиз дагы ушинтип турмуш жолуна аттангансыз. Эми болсо балаңыз аттанып жатат” деп сүйлөп салды. Таң калып эле калдым. Ошондо баланын жини келип кетти, бокал кармап турган, аны “бастырды” да, талкалап туруп эшикке чыгып кетти. Артынан достору чуркап чыгып баланы таап келишти. Анан ошентип той жыйынтыкталган. Бул кыргыздардын тою болду.

Эми цыгандардын тойлорунда көргөн кызыктарды айтып берейин. Мындан 2 жылдай мурда күбө болгом. Алар кошумча катары алтын алып барышат экен көбүнчө, биздегидей болуп каалоо-тилек айтылбайт. Кыз менен жигиттин алдына дасторкон даярдалат. Анда нан, арак, суусундуктар турат. Келгендер ошол жакка барып, “бактылуу болгула” деп туруп бир “алып” коюшат экен. Тост сүйлөнбөйт, көп бийлешет, бийлеп жатканың сыйлап жатканың деп кабыл алынат. Кызыгы, той ортолоп калганда кыз менен жигитти нике түнгө жөнөтөт экен, анан “далил” катары шейшепти себетке салып, кафеге көтөрүп келишет экен. Ал шейшепти кыз-эркек, кары-жаш дебей баарына көрсөтүшөт. Ошол жерден анан аны кыздын апасы баланын апасына тапшырып, беркилер ыраазычылыгын айтышат экен. Цыгандардын 2 тоюна бардым. Экөөндө тең ушундай салтты көрдүм.

Эржан Кадырбеков: “ЭРЖАН ТАРТСА БИРИНЧИ НАРИСТЕБИЗ УУЛ БОЛОТ ДЕП ЫРЫМДАШАТ”

- Ушул окуя эсимден кетпейт. Кыз-күйөөнүн үйүнө барып, алар менен чогуу Бакыт өргөөсүнө бардык. Нике каттоо аземи башталганы жатканда тепкичтен чыгып баратсам шымымдын аласы айрылып кетти. Кете албайм да, маанилүү учур, тартыш керек. Анан кыздын курбусунун пиджагын сурап ичиме байлап тарткам. Анысы курсагыма
жетпейт, эптеп тартып байлап, курсагым кысылып, айтор, эптеп тарткам.

Дагы бир жолу шаардагы чоң ресторандардын биринде чоң үйлөнүү үлпөтүн тарттым. Тойдон кийин сумкаларымды салыштырып столдун үстүнө коюп койгом. Кардар эмгек акымды берди. Акчаны алган бойдон унаама отуруп үйгө кетип калыптырмын. Үйгө барып бир аз эс алгандан кийин батарейкаларды кубаттагычка коёюн десем фотоаппаратым жок, унааны, кеңсени карап таппай койдум. Көрсө, акчаны алгандан кийин баарын унутуп кетип калыптырмын. Түнкү саат 3-4төрдө ресторанга барып күзөтчүнү ойготком. Кудайга шүгүр, сумкам ошол жакта туруптур.

Ар бир үлпөт тойдо кызмат кылып жатып кыз-күйөө менен тил табышып кетем. Тойдон кийин дос катары катташып калган учурлар да болот. Фотографтарды көбүнчө кыздар тандайт да. Жигиттери келип, “Эржан, эмне деген адамсың, келинчегим сени эле тандап туруп алды, кыздарды өзүңө тарта турган бир нерсең барбы?” деп тамашалап калышат.

“Эржан тартса биринчи наристебиз уул болот” деп ырымдагандар да бар. Калп айтпайын, мен тоюнда кызмат кылган түгөйлөрдүн 80-90 пайызынын биринчи наристеси уул төрөлдү.

Адилет Бектуров: “КЕЛИНДИ УНУТУП КАЛГАНБЫЗ”

- Үйлөнүү тоюн тартып жүргөндө бир ирет келинди унутуп калганбыз (күлүп). Сейилдөөдө жүргөнбүз, “Манас айылына” барып, сейилдеп, ал жактан чыгып кеттик. Кыз дааратканага кеткен экен, аны ошол жакта унутуп кетиптирбиз. Дос балдары менен бакылдап-шакылдап жүрүп күйөө жигиттин деле эсинде жок. Жигит үйлөнүп жатканын деле унутуп калды окшойт (күлүп). Жарым жолго жеткенде эстеп, анан артка кайрылып келип кызды алып кеткенбиз.

Мындан тышкары кытай улутундагылардын тоюна күбө болгом. Буюртма боюнча той боло турган жерге бардым. Биздин тойлордой көрүп, азыр тамада сүйлөп кыз-күйөөнү тойканага киргизет, анан той башталат деп ойлоп алгам да мен. Тойдун башталышын күтүп коридордо отура бергем, саат 9 болуп кетти. Бир маалда бирөө келип, “сен тойду тартпайсыңбы” деп калды. “Башталсын тартам” деп коём. Ал киши “той болуп жатпайбы” деди. Көрсө, той башталмак тургай, бүтөйүн деп калыптыр. Алардын тою, жогоруда айткандай, биздикиндей салтанат менен башталбайт экен, коноктор келип, той ээлерине конверттерин берип столдорго отура беришет экен. Ар бир столдо өздөрүнчө сүйлөшүп отуруп, майрамдай беришет. Биздикиндей болуп тост сүйлөнбөйт. Столдорго арак, чемичке, тамеки сөзсүз коюлат экен.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан