Капкан (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ызырынган бойдон унаасын көздөй жөнөдү. Анын келе жатканын көргөн айдоочусу эшикти ача салды.

– Айда Нурзаттыкына,- Тимур өктөм үн катты. Айдоочу үн дебестен зуулдата айдап, Нурзат жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына келип токтоду. Демейдегидей айдоочусунун эшикти ачышын күтпөй эле өзү шашыла түшүп үйгө кирип кетти.

– Нурзат!- кыйкырып кирип келген Тимурдун көзүнө столдун үстүндөгү коньяк менен рюмка урунду.

– Нурзат!- экинчи жолу кыйкырганда аял уктоочу бөлмөдөн чыгып, алайып Тимурду карап калды. Ачуусу менен эмне кылар экен деп коркуп да кетти. Бирок анысын билдирбегенге аракет кыла жайбаракат сүйлөдү.

– Эмне мынча чуу салып?

– Өлүмүш болбочу, Нурзат! Үйгө камалып коньяк ичип менин өлүмүмдү майрамдап жаттың беле? Мына – мен, өлбөй алдыңа келдим!

– Сен эмне деп жатасың?- столдо турган коньяктан рюмкага куя баштады аял.

– Өлүмүш болбо, мен баарын билем. Челектеп май алып барып чачканыңды, үйгө өрт коюп алып артыңды карабай качканыңды, анан да киши жалдап бизди өлтүртүүгө аракет кылганыңдан кабарсыз калды деп ойлоп жатасыңбы?! Аны да билем. Сен эмне каалап жатасың?- Тимур жакындап келгенде Нурзат артка кетенчиктеди.

– Жөн жүрөсүңбү же сенин көзүңдү тазалатып коюп тынч жашайынбы?- Тимур аялды жакадан кармап тиктеп турду да, дем жетпей көздөрү алайып кеткенде дубалга түртүп жиберди. Дубалга урунган аял шалдая полго отуруп калды. Тимур чылымын алып терезени карап түтөтүп унчукпай бир топко тура берди. Качан гана демин басып, ачуусу тарай түшкөндө бурулуп аялды карады.

– Менин аялым бойдон калсаң эле бөксөң толчудай болуп жатабы? Каалаганыңды берем дедим, каалашыңча жаша деп эркиндик бердим. Сенин үстүңө аял алып, “эч кайда баспайсың, эч кимге жолукпайсың” десем жарашат беле сага? Эмне жетпей жатат, айтчы?! Бизди өрттөп жиберип кантип тынч жашайм деп ойлодуң? Ушундай кадамдарга кантип барып жатасың, сени тааныбай турам. Мен тааныган, мен билген Нурзат мындай эмес.

– Хм, сен тааныган Нурзат качан эле өлгөн. Эми араң билип жатасыңбы? Дагы жакшы билбей калбай. Аны сен жылдар бою жанчып жүрүп отурдуң, эздиң, соолуттуң. Эми келип качанкы Нурзатты издеп жатканың кандай? Эми андай Нурзат жок. Сенин берген дүнүйөңдүн, эркиндигиңдин мага кереги жок болчу. Мага сүйүүң, камкордугуң жетиштүү эле. Хм, кайдагы сүйүү, кайдагы камкордукту айтып жатам?- Нурзат өзүн шылдыңдагандай кытмыр жылмайды. Жашын чыгарбай ичине жашырайын деген, бирок кармай албады. Көзүнөн мончоктоп жаштар куюла берди. – Жылдар бою сенин бир тамчы сүйүүңө зар болуп жашадым. Анан дагы “эмне жетпейт?” дейсиң. Мен сага жаштыгымды арнадым. Күйбөгөн жерим күл кылып эми кайдагы жаш кыздын кареги менен тең айланып жатпайсыңбы!- аял көз жашын колу менен сүрткүлөдү. Тимур аялды аядыбы, айтор, ага суу алып келип берди.

– Нурзат, жашооң мен кеткен жерден бүтүп калбайт. Мени коё бер дагы, жашачы жыргап, эмне мынча өзүңдү кыйнайсың? Балким, бактыңды табасың, сени сүйүп жашай турган адамга жолугарсың,- аялды колунан кармап жерден тургузду да, сыртка чыгып кетти.

ххх

Карлыгач эми Бишкектен кетүүнү гана ойлоп жатты. Бишкек ага эскисин эске салган жайсыз шаардай сезилди. Жаңы шаарга барып, жашоосун биротоло жаңы барактан баштагысы келип жатты. Башка жакка барса эле эскиси унутулуп, жаңысы жай тапчудай туюлду. Уктоочу бөлмөдө телефон баскылап жаткан Байыштын жанына келди. Эркелеп жанында бир аз жатты да, кеп баштады.

– Байыш, биз Орусияга барып иштеп келбейлиби?

– Эмне?! Кайдагы Орусия? Кафе ачып, анын ишин жаңыдан жолго салып келе жатам. Алар эмне болот? Анын баарын абадан акча таап ачты дейсиңби, банкта толтура кредит бар, аларды төлөш керек.

– Кафеге жетекчи кылып бирөөнү дайындап кетебиз. Онлайн көзөмөлдөп турабыз, тескерисинче ал жактан экөөлөп иштеп кредиттен батыраак кутулабыз.

– Кафенин иши мен каалагандай жүрбөй калсачы, ушунча эмгегим талаага кетеби? Орусия кайдан чыга калды?

– Жакшы билген кишини дайындайбыз. Ал жактан жакшы иштеп, керек болсо Москвага тамактануучу жай ачсак да болот. Элдин баары эле ал жакта ишкерлик кылып жатышпайбы. Бишкекте, Москвада тамактануучу жайларды ачып салсаң, эмне жаманбы?- Карлыгач Байышты карап калды.

– Байкап көрөлүчү,- Байыш көңүлдөнүп калгандай сүйлөдү. Байышка Москвадан тамактануучу жай ачалы, кредитти экөөлөп эрте төлөйбүз деген сөздөр чынында жакты, ойлонуп отуруп калды.

ххх

Марат агасынын сөзүнөн кийин көп ойлонду. Акыры агасынын сөзүнө муюп айылга жөнөдү. Дарбазадан кирип келген атасын көздөй уулдары жүгүрүп жетип барып, кучактап калышты.

– Чоң апа, чыныңдагы сууну алып келбейсиңби,- деп улуураагы кыйкырды.

– Баспай туруңуз, азыр чоң апам суусун чачсын, анан киресиз,- деп атасын колунан тартты. Аңгыча уулунун келгенине жетине албай турган эне суусун алып келип айлантып чачты.

– Жакшы келип алдыңбы, айланайын? Сени келет деп камыр жууруп жаркөп жасадым, садага болоюн, сумкаңды таштап келе кал,- деди кемпир кубана.

Балдар атасын бучкактап эле ээрчий басып калышты. Бир аз көздөрүнөн далдоо болсо кайра кетип калчудай чочулашты. Ата-энесин сагынып мусаапыр болуп отурган балдардын жүзүнө кызыл жүгүрүп кажы-кужу түшүп бири-бири менен сүйлөшүп атасына эркелеп бүтүшпөйт. Атасынын алып келгендерин ары-бери көтөрүп сүйүнүчтөрүндө чек жок. Кемпир неберелеринин кубанычын көрүп көзүнө жаш ала сүйлөдү.

– Өх, келип ырас кылбадыңбы. “Ата” деп бири ыйлайт, “апа” деп бири ыйлайт, байкуштарым. Энеси болбосо дагы сен жанында бол. Карачы, жүздөрү күлүп калбадыбы.

– Кайда барат элем, эми айылда эле болом. Шаардагы үйдү ижарага берип койдум.

– Мейлиң, тура бергенче керек-жарагыңа акча чыгып турсун.

“Ичип алып Карлыгачка барып бирдин ичинен чыкпаса экен” деп санааркап жүргөн кемпир кубанып кетти бул кабарды угуп. “Үйдү батирге берип салса, эми Марат шаарга барам дегенин токтотот” деп ойлонду.

ххх

Тимур Айсараны бейтапканадан чыгарып, башка батирине алып барды.

– Тигил үй эмне болду? Өрт эмнеден чыгыптыр?- деди кыз үйгө кирип баратып.

– Балдар иликтеп жатышат, азырынча белгисиз. Үйдү оңдоп-түзөп сатабыз. Башка жаңы үй алабыз, сен ал жөнүндө ойлонбо,- Тимур өрт эмнеден чыкканын эч кимге айткан жок. Аны билгендердин дагы оозун жаптырып, жазылган видеолорду жок кылдырып салган.

– Айсара, сен тамактан, эс ал. Мен сотко кеттим, буюрса, бүгүн бүтөт сага сөз берем,- чекесинен өөп үйдөн чыгып кетти.

ххх

Сот залында маңдай-тескей Тимур менен Нурзат отурду. Экөөнүн тең жанында жактоочулары бар. Сот иши Тимур күткөндөн да тез бүттү. Нурзат эбак ажырашуу арызына кол коюп даярдап коюптур. Бая күнү жулунуп баарын алам, эч нерсеси жок калтырам деп жаткан аял бүгүн өтө токтоо, жумшарып калыптыр. Ушунун баарын бер деп жаткан узун тизме жок. Тимур кагазды карап чыгып таң калгансып Нурзатка карады. “Нурзат, коё бер” дегенсип көзүн жумуп, башын бир ийкеп койду. Аял Тимурду коё берүүнү чечти. Эми ал сүйүү күтүп эмес, өзүн сүйүп жашоого үйрөнмөй болду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан