АППЕНДИКС ИЧЕГИГЕ СУУК ТИЙГЕНДЕН, МАЙДА СӨӨК КИРИП КЕТКЕНДЕН СЕЗГЕНЕТ

Алгачкы ирет эл сокур ичеги деп атап жүргөн аппендиксти алып таштоо операциясы 1735-жылы Лондондо 11 жашар балага жасалган. Андан бери илим жана техника өнүккөндүктөн, аны операция жасап алып салуу ыкмасы да жаңыланды. Кызыгы, аппендикс сүт эмүүчү жаныбарлардын айрымдарында, мисалы, маймыл, жылкы жана коёндордо, ошондой эле адамда кездешип, ит, уй менен мышыктарда жок. Мына ушул узундугу болгону 10 сантиметрдей болгон органдын кереги барбы, бар болсо эмне кызмат аткарат, аны сезгенүүгө эмне жеткирет деген суроо жаралат. Эмесе, ушулар тууралуу сөз кылабыз.

СОКУР ИЧЕГИ ЖАНА АППЕНДИКС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Сокур ичеги – бул жоон ичегинин башталыш бөлүгү. Элде “сокур ичеги сезгенди”, “сокур ичеги жарылып кетти” деген түшүнүктөр бар. Бул туура эмес. Чындыгында, сокур ичегинин курт сымал көрүнүштөгү ичке учкай бөлүгү, аппендикс гана сезгенет. "Аппендикс" – бул латын сөзү, бизче которгондо “кошумча бөлүк” дегенди түшүндүрөт. Анын диаметри болжол менен 1 сантиметрди, ал эми узундугу 6-12 сантиметрди түзөт. Бирок узундугу 20 же андан ашыгыраак узундуктагылары да кездешет.

АППЕНДИКС – ИЧЕГИНИН ИШТЕШИНЕ КЕРЕКТҮҮ БАКТЕРИЯЛАРДЫН ФЕРМАСЫ

•Аппендикс – ичегинин иштеши жана тамак-аштын сиңирилишине керек болгон пайдалуу бактериялардын турактоочу жана көбөйүүчү фермасы болуп эсептелет. Ага айрым учурда гана кокустан ичегидеги заттар кирип кетпесе, башка учурда кирбейт. Андыктан пайдалуу бактериялардын бейиш жайы гана болуп берет.

•Аппендиксте тамак-аш менен кошо кирбей турган ичегинин оригиналдуу микрофлорасы да сакталат.

•Аппендикстеги лимфоиддүү ткандар иммунитеттин кызматын аткарат. Андыктан аппендикси алынып салынган адамдар ичеги инфекциясына кабылышса, ичегисиндеги пайдалуу микофлораны калыпка келтирүү кыйындыкты жаратат.

•Аппендикс байыркы убакта элди ичеги инфекциясы каптаган учурларда өзгөчө орунду ээлеп, оорудан кийин ичегинин микрофлорасынын калыпка келүүсүнө шарт түзүп берип турган. Учурда болсо ичеги инфекциясынан айыгууда жана ичегинин микрофлорасын калыпка келтирүүдө медициналык каражаттар жардамга келет.

•19-кылымда Америкада жаңы туулган балдардын аппендиксин алып таштоо жайылган. Бирок кийин мындай жөрөлгөдөн баш тартышкан. Буга аппендикси алынган адамдардын ден соолугуна жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгы себепкер болгон. Байкоолордо андай адамдардын ичегилеринде маселелердин (оорулардын) бардыгы аныкталган.

•Аппендикс жайгашкан жерине карап 4 түрдүүчө бөлүнөт: киндикти, ылдый жамбашты көздөй, сокур ичегинин артында, узун болуп өйдө, өт баштыгы тарапты көздөй жайгашкан.

АППЕНДИЦИТ – АППЕНДИКСТИН СЕЗГЕНҮҮСҮ

Кичинекей органды сезгенүүгө төмөнкү факторлор жеткирет:

•Ичегилердин нерв системинин сезгенүүсүнөн жана инфекциядан;

•Жоон ичеги менен ичке ичегилерге суук тийгенден;

•Чоочун заттар кирип кеткенден. Мисалы, тамак-аш аркылуу кирген майда сөөк, жемиштин уругу, күнкараманын кабыгы, дарбыздын жутулган данектери ичегиден аппендикске өтүп кеткенден;

•Ичегидеги таштай болуп катып калган майда заңдар сокур ичегиден аппендикске өтүп, инфекцияны өөрчүткөндөн.

ТҮРЛӨРҮ

•Жөнөкөй же өөрчүй элек түрү. Мында аппендикстин ички катмары гана сезгенет;

•Өөрчүп, ириңдеп кеткен;

•Ириңдеп жарылып кеткен;

•Жарылып, бүт ич көңдөйүнө тарап кеткен;

•Жарылып, бүт денени сезгентип, сепсис жараткан түрү.

ДАРЫЛОО

Аппендикс операциялык жол менен алынат. Бул аппендектомия деп аталат. Оору өтүшүп кетпесе, аппарат аркылуу жасалуучу операция, башкача айтканда, лапароскопия колдонулат. Операциядан соң денеде, болгону, билинбеген 3 чекиттин орду гана калат.

ООРУ БЕЛГИЛЕРИ

Аппендицитти дарыгерлер “эки жүздүү оору” деп аташат. Анткени ооруну аныктоо кээде бир топ кыйынчылыкты жаратат. Анын оору белгилери аялдардын жыныс бездеринин сезгенүүсүнүн, жатындан тышкары бойго бүтүүнүн, ичеги жарасынын оору белгилерине окшош. Статистикага таянсак, бир жылда ар бир 1000 адамдын 10-15 чактысы аппендицитке туш болот. 20-40 жаш курактагылар бул ооруга көп кездешет.

АППЕНДИЦИТТИН ООРУ БЕЛГИЛЕРИ

•Көбүнчө ич же ашказан тарап ооруйт. Анан 2-3 сааттын тегерегинде оорутуу ичтин ылдыйкы оң капталына (аппендикстин тушу) өтөт. Ич кээде акырын, кээде толгоо сымал бурап оорутса, кээде курч бычак сайгандай чыңалып оорутат.

•Көңүл айлануу, кээде кусуу күтүлөт.

•Адам өзүн начар сезип, алсырайт.

•Дене табы көтөрүлөт.

«Тез жардам» келгиче же ооруканага алып баргыча…

Төшөккө жатуу керектелет. Тамак, суусундук, ооруну басуучу дарыларды ичүүгө болбойт. Анткени бул оорунун белгилерин өзгөртүп, так диагноз коюуга жолтоо болот. Ичке муздак суу куюлган грелка басуу кажет.

АППЕНДИКС ИРИҢДЕП КЕТСЕ…

Перитонит – бул аппендикстин сезгенгенден соң ириңдеп, жарылып кетүүсү. Мындай учурда адам дароо ооруканага кайрылбаса, анда коңшу органдарга коркунуч туулат. Анткени гангрена (инфекциядан улам ткандардын өлө башташы) башталат. Бул өмүргө коркунуч келтирип, дароо операция жасалбаса, адам жашоо менен кош айтышат.

Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн хирург, профессор, медицина илимдеринин кандидаты Орозалы Кочоровго ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан