СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

АФК кубогу. "Дордой" жана "Нефтчи" атаандаштарына жеңилүүдө

Бишкекте жана Дүйшөмбүдө 23-июндан тартып Азиянын футбол конфедерациясынын (AFC) тайпалык этабындагы оюндар болуп жатат. Буга Кыргызстандан “Нефтчи” жана “Дордой” клубдары катышууда.

F тайпасындагы "Дордой" – "Копетдаг" оюну Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, оюн 0:1 эсебинде Түркмөнстандын “Копетдаг” клубунун пайдасына аяктады. Ал эми Дүйшөмбүдө "Нефтчи" Өзбекстандын “Согдиана” клубуна 2:0, Түркмөнстандын "Алтын-Асыр" клубуна 1:0 эсебинде утулуп калды.

30-июнда "Дордой" – "Худжанд"(Тажикстан), "Нефтчи" – ЦСКА (Тажикстан) менен беттешет.

F тайпасында биринчи орунду ээлеген команда АFC кубогунун борбордук зонасына финалга чыгып, E тайпасындагы жеңүүчү менен беттешет.

Чолпон-Атада бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт

Кыргыз жергесинде 12-20-июль аралыгы бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. 12-15-июлда эркин пирамида дисциплинасындагы оюндар болуп, анда 19 жашка чейинкилер медаль үчүн таймашат. Ал эми 12-20-июлда динамикалык пирамида боюнча чоңдор арасындагы оюндар өтөт.

Бекназ Алмазбеков “Галатасарайдын” негизги курамында

Кыргыз футболчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын “Галатасарай” клубунун негизги курамы менен машыгуу өтө баштады. Стамбулдук команда жаңы сезонго даярдыкты баштады. “Галатасарайдын” U-17, анан U-19 курамдарында ойноп келген футболчу өткөн сезондо клубдун негизги курамы менен машыгуу өткөрүп, киевдик “Динамо” клубу менен болгон көргөзмө оюнга катышкан.

Жаш футболчу Бекназ Алмазбеков 11-июнда Мьянмага каршы оюнда Кыргыз улуттук курамында дебют жасаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан