Арсен Эралиев, машыктыруучу: “АЗЫР БАЛБАНДАР ҮЧҮН ШАРТТАР КЫЙЛА ЖАКШЫРДЫ”

Белгилүү балбан, эки жолку Олимпиада оюндарынын катышуучусу Арсен Эралиев биздин маек төрүбүздө. Учурда ал грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу. Ал жетектеген команда Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда жалпы эсепте биринчи орунду ээледи.

– Саламатсызбы, Арсен мырза? Азия чемпиондугундагы жетишкендигиңиздер менен куттуктайбыз. Кепти ушундан баштайлы.

– Рахмат. Азия чемпиондугу жогорку деңгээлде өттү. Жакшы даярдык көрүлүптүр, келген спортчулар ыраазы болуп кетишти. Өзүбүздө өтүп жаткандан кийин жакшы көрсөткүчкө жетели деп биз дагы болгон күч-аракетибизди жумшап даярдандык. Азия чемпиондугун утурлай Түштүк Кореяга барып сбор өтүп келдик. Машыктыруучулар менен кеңешип Кореяга атайын 23 жашка чейинки курама команданы алып барганбыз. Андан келип Ысык-Көлдө сбор өттүк, бизге Казакстандан командалар келишти, алар менен биргеликте машыгуулар болду. Балбандарыбыз жакшы даярдыктан өтүп, өз жерибизде өткөн мелдеште жакшы күрөшүп беришти, 3 алтын, 6 күмүш медалды куржунга салдык.

– Түштүк Кореяга барып сбор өтүү мурдатан бери планда бар беле?

– Бизди биргеликте сбор өтөлү деп корейлер чакырышты, каржылык тарабын да алар көтөрүштү. Эркин күрөштөн 6, грек-римден 6 балбан барды. Бир салмак категориядагы балбандарга атайын тандоо болуп, ошонун негизинде балбандар тандалып барды. Негизи алар чоңдор арасындагы курама команданы чакырышкан. Бирок биз Азия чемпиондугуна даярдап алалы деп 23 жашка чейинкилер арасындагы курама команданы алып бардык. Жакшы тажрыйба топтоп, мыкты деңгээлде сбор өттүк. Аларга дагы жагыптыр, эми сүйлөшүүлөр жүрүп, келишим түзүлүп жатат. Жылына бир жолу биз Кореяга барабыз, алар бир жолу бизге келип сбор өтүшөт.

– Ал жактан машыктыруучу катары да тажрыйба топтоп келсеңиз керек?..

– Мен күрөшүп жүргөн кезде да Түштүк Кореяда сбор өтчүбүз. Акыркы жолу 2016-жылы Олимпиаданын алдында сбор өткөнбүз. Бул ирет бешинчи жолу бардым. Ал жакта пандемиянын чектөөлөрү дале болгондуктан олимпиадалык базага кире алган жокпуз. Янгу деген шаарында болдук. Күрөш боюнча булардын тарыхы чоң, чемпиондор көп чыккан, машыктыруучулары тажрыйбалуу, Олимпиада, Дүйнө чемпиондору болгондуктан, тажрыйбалары терең. Ала турган нерсе өтө көп. Ал жактан көрүп келген нерселерди бул жактан командага көрсөтүп берип жатабыз.

– Машыктыруучулук кызматты качантан бери аркалап келе жатасыз?

– 2018-жылы бекитилгем, төрт жыл болуп калды. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиададан кийин карьерамды жыйынтыктадым. Анан эки жыл грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевдин жанында жүрдүм. Анан 2018-жылы 23 жашка чейинкилер арасындагы курама командага башкы машыктыруучу болуп дайындалгам, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатам.

– Бир учурда АКШга кетүү ойлоруңуз бар экенин айткан элеңиз. Ал ойлорду жыйыштырып, күрөштү өнүктүрүүгө салым кошоюн дептирсиз да...

– Негизи эле көп спортчулар АКШга кетишкен да, ал жакта жумуш жакшыраак, артыкчылык көбүрөөк эмеспи. Мен да спорттук карьерамды аяктагандан кийин кетүү тууралуу көп ойлонгом. Ал кезде визам дагы бар эле. Бирок өзүмдүн билгенимди өсүп келе жаткан жаштарга үйрөтөйүн деп машыктыруучулукту аркалоону туура көрдүм.

– Азыр күрөш кыйла өнүктү, сиздер күрөшүп жүргөн учур менен азыркы учурдагы шарттарды салыштырып каласызбы?

– Негизи эле жалпы дүйнө жүзүндө күрөш өсүп жатат. Биздики дагы артта калбай акыркы жылдары өнүгүүнүн үстүндө келе жатат. Мурунку видеолор менен азыркы видеолорду салыштырып көрсөң, азыркылар аябай бат, анан техникалары да өнүккөн. Мурун машыгуу залдарында шарт жок болчу да, азыр шарттар жакшы. Азыркы спортчуларга спорт залдар көп салынып жатат. Бизнесмендер да куруп берип жатышат. Мурун спорттук жатак мектепти бүткөндөн кийин өздөрү батирге чыгып, машыгуусун улантчу. Азыр жатаканалары дагы бар, ошол жакта жатып машыгуусун кыла беришет. Машыктыруучу Чынарбек Изабеков жакшы зал салып берип, жатаканасы, тамак-ашы менен кылып койгон. Өнүгүүнүн бирден-бир себеби – жакшы шарт да.

– Уулуңузду ээрчитип жүрүп каласыз, балбан кылайын деген ойлоруңуз барбы?

– Бир уул, бир кызды тарбиялап жатабыз. Уулум улуусу, күзүндө жетиге чыгат. Азыр спорттук гимнастикага бергем. Ошону менен алектенип жатат. Чоңойгондо өзү кааласа балбан болушуна каршы эмесмин. Бирок балбан кылам деп ага күрөштү таңуулабайм деле. Алма сабагынан алыс түшпөйт болуш керек деп ойлойм. Байкашымча, шыгы бардай көрүнөт. Кээде сборлорго алып алам, балбандарды тааныйт. Жоламан, Акжолду жакшы көрөт. Ал экөө дагы кичинекей балага аябай жакын. Менин жаныма уктаарда эле келбесе, ошолордун эле жанында жүрөт.

– Сбордо эки жакта көп жүрөсүз, жубайыңыз кандай карайт?

– 2014-жылы үйлөнгөм, ал кезде күрөшүп жүргөн кезим болчу да. Ошондон тартып ушул күнгө чейин сборлоп эле жүрөбүз. Келинчегим кесибиме көнүп калган. “Бул сенин жумушуң” деп туура түшүнүп, мени колдоп келет.

– Үй-бүлөңүзгө бакыт, ишиңизге ийгилик каалоо менен маекти жыйынтыктайлы.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан