СЮЦАЙ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СЫПАТТАЙТ. Кимиси күчтүү?

Сюцай – адам тууралуу анын туулган датасына карап билүү. Адамдын туулган күнү – аң-сезим саны, жан дүйнө коду. Кайсы датада төрөлсө, ошол сандын программасы, ошол планетанын таасиринде болот. Сандар 1ден 9га чейин алынат. Эгер туулган күнүңүз 2 орундуу сан болсо, ал эки санды бири-бирине кошуп, 1 орундуу сан чыгарып аласыз. Мисалы, сиз 24-октябрда туулган болсоңуз, 2+4=6 болот. Аң-сезим саныңыз – 6. Бул ирет биз саясаттагы лидерлердин туулган күнүнө карап, жан дүйнө кодун, мүнөзүн сюцай адиси Азизбек Момукулов менен бирге талдап көрдүк.

САДЫР ЖАПАРОВ – БАЙЛЫКТЫН ЭНЕРГИЯСЫН АЛЫП ЖҮРӨТ

Туулган күнү – 6-декабрь. Демек, жан дүйнө коду – 6. Башкарган планетасы – Венера. Жан дүйнө коду 6 саны болгондор жашоого ийгилик жаратуу үчүн келгендер, тубаса даанышман жана мыкты кеңешчилер. Кудайдын, байлыктын энергиясын алып жүрүшөт. Андыктан колунда эч нерсеси жок калса да инвестиция өзүнөн-өзү келип турат. Бийликке келсе өлкөгө нур жаап, инвесторлор тартылып баштайт. Элдин жашоосун оңдоого киришишет. Даанышман болгондуктан ким эмне кылып жаткандыгын сезип турушат.

6 санында туулгандар дүйнөдөгү адамдардын 3 гана пайызын түзөт. Адамдарга жакшы мамиле кылып, оор кырдаалдан даанышмандык менен чыгып кетет. Эңсегенине жете алышат. Эмоциясы күчтүүлөр. Булар көбүрөөк уктоолору зарыл. Уктаганда эмоциялары тынчтанат. Алар уктап жатканда Кудай алардын иштерин өзү бүткөрөт.

6 санында туулгандар туризм, ресторан бизнеси, зер буюмдар өндүрүшүн колго алышса иши бат өнүгүп, каалагандай байлык топтой алышат.

Терс жактары. Кара жумуштарга жок. Кежир жана кекчилдер. Кылмыштуу топ түзгөнгө, мыйзамды оңой бузуп коюуга бара алышат.

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАНА АДАХАН МАДУМАРОВ – ЖАШООГО ЖЕҢҮҮ ҮЧҮН КЕЛГЕНДЕР

Камчыбек Ташиевдин (27-сентябрь, 2+7=9) жана Адахан Мадумаровдун (9-март) жан дүйнө саны – 9. 9 санында туулгандардын колдоочу планетасы – Марс.

Активдүү, шамдагай, алдыга умтулгандар. Булар тубаса аскер жана спорт адамдары. Жашоого жеңүү үчүн келгендер. Керектүү маселелерди чечүү менен элге кызмат кылуу жагын ойлонушат. Идеяларга өтө бай.

Идеялары көбөйгөн сайын энергиялары да көбөйүп турат. Идеялары жок калганда адреналин керектелет. 9 санында туулгандардан мыкты хирургдар чыгат. Көп ойлонгонду жаман көрүшөт, идеяны дароо ишке ашырууга өтүшөт да, андан кийин гана ойлонушат. Эмоцияга алдырып, көп ишти бир маалда баштап алышып, аягына чыгара албай кыйналышат.

Бийликке келсе эл күтпөгөн жакшы иштерди жаратышат. Адамдарды жакшылыкты билет жана билбейт деп бөлүшөт.

Терс жактары. Өздөрүнүн позициясы, пикири үчүн башкаларга кысым көрсөтүшөт. Бирөөлөргө кылган жакшылыгын милдет кылып, менин командамда болосуң дешет. Эмоцияга алдырышканда уруш-талаш жаратышат.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ – АКЧАНЫ КӨБӨЙТҮҮ ҮЧҮН КЕЛГЕН

Акылбек мырзанын туулгандагы коду – 5 (14-сентябрда туулган. 1+4=5). Колдоочу планетасы – Меркурий. Жан дүйнө коду 5тер тубаса бизнесмен, экономисттер. Булар дүйнөгө баарын көбөйтүү үчүн келгендер, анын ичинде акчаны да. Булардын оозу менен Кудай сүйлөйт. Алдын ала көрө билип айткандары дал келет, каргаса каргышы тиет. Адамдар менен мыкты тил табыша алышат. Дайыма логика менен жашашат. Ойлоосу мыкты болгондуктан туура иш алып барышат. Мээримдүү көрүнүшөт, бирок айрым жагдайда таш боор да боло алышат. Ийгилик жылоолоп жүргөндөр. Каалоосуна жараша байый алышат. Меркурий планетасы кичине планета болгондуктан ауралары жука, айтылгандардын баарын жүрөктөрүнө жакын кабыл алышып, бат таарынышат. Жан дүйнө коду 5 саны болгондордон визажист, стилист, мугалим, журналист, бизнесмендер көп чыгат. Энергиясы, идеялары түгөнбөйт. Адамдарды пайдасы тийчү, пайдасы тийбечүлөр деп бөлөт.

Терс жактары. Таш боор жана берген убадаларын аткарбай коё алышат. Тагдыр сыноосунан, же өч алуу, же башка максатта снайпер, киллерге айлана алышат.

ТАЗАБЕК ИКРАМОВ – ТУБАСА КРИЗИС МЕНЕДЖЕР

Тазабек Икрамовдун (туулган кунү 6-октябрь, 1+6=7) жан дүйнө коду – 7.

Коду 7 болгондордун колдоочу планетасы – Кету. Булардын башынын ордунда жылдыз болот. Андыктан өздөрүн жылдыз сезип, кайда болсо да эл мени бааласын деп турушат. Идеяларды өтө бат ишке ашырышат. Энергиясы күчтүү. Булар ааламдан келген мугалимдер, элди бириктирген дипломаттар. Ошондой эле тубаса кризис менеджерлер, кайда болсо да мейли үйүндө, чөйрөсүндө, иштеген жеринде, мыктылары элде кризис жаратуу менен элди башкача ойлонууга, жаңыча жашоого, аракет кылууга түртөт. Бирок жакшы жашоого жеткенге чейин кыйынчылыкка салат. Тренинг, билими аркылуу элге жаңы түшүнүктөрдү берүүгө ашыгышат. Колдогон периштелери көп.

Өздөрүн ар тараптан өнүктүрүп, йога менен машыгышса эл башкарган адамдар чыгат. Дүйнөдө адамдарды жан дүйнө коду 1 жана 7 болгондор башкарат. Адамдарды ыймандуу, ыймансыз, мени баалагандар жана баалабагандар деп бөлүшөт.

Терс жактары. Өзүмчүлдүк, кырдаалды дароо туура аңдабастык, кыйратууга, хаос жаратууга жакындык.

НУРЖИГИТ КАДЫРБЕКОВ, ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ, ЖАНАР АКАЕВ, ДАСТАН БЕКЕШОВ – ТУБАСА ТӨҢКӨРҮШЧҮЛӨР

Нуржигит Кадырбеков (31-мартта туулган, 3+1=4) Өмүрбек Текебаев (22-декабрда туулган, 2+2=4), Жанар Акаев (13-декабрда туулган, 1+3=4) жана Дастан Бекешовдун (22-ноябрь, 2+2=4) жан дүйнө коду – 4.

Колдоочу планетасы – Раху. Энергиялары башынан моюнуна чейин эле келет. Андыктан баштары жакшы иштейт, анализ жүргүзө жана элди башкара билгендер. Иш-аракетин эсеп-чот аркылуу түзөт. Алдамчылыкка барыш керек болсо да алдын ала план түзүшөт. Чындык, акыйкат үчүн күрөшүшөт. Тубаса новатор, төңкөрүшчүлөр. Креативдүү идеяны, жаңы мүмкүнчүлүктү таба алгандар. Булардын баштары космосто, өздөрү аба сепилинде жашашат, андыктан адамдарды өйдөдөн карашат. Алдын ала баарын көрө, сезе билишет, бирок билгендерин адамдарга жеткирүүдө кыйналышат.

Тубаса кызыл тилдүү, сүйлөгөндө элдин үстүнө боз туман түшүргөндөй болушат. Ошол боз туман менен элдин санаасын тазалашат, ой жүгүртүүсүн өзгөртүшөт. Эл аларга ишенет, артынан ээрчийт. Физикалык, моралдык жактан күчтүүлөр.

Терс жактары. Булар тоодон кулап келе жаткан оттуу шардай. Эгер койгон максаттары туура болбосо баарын кыйратат. Апатияга алдырышат. Бир нерсеге оңою менен канааттанышпайт. Акчага сараң. Мансапкор. Бирөөнү алдап коюудан тартынышпайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан