ЧИЗКЕЙК – ЖАЙКЫ ДЕСЕРТ

Биздин өлкөдө акыркы он жылда популярдуулукка ээ болгон чизкейк биздин заманга чейинки кылымдарда эле жасалып келгенин билесизби? Көпчүлүк өлкөлөргө жайылган чизкейк кафе-ресторандарда негизги десерттердин бири. Бул десертти үй шартында жасоонун сырлары жана тарыхы менен тааныштырабыз.

•Чизкейк англис тилинен которгондо – cheese «сыр», cake «торт» дегенди билдирет.

• Биздин заманга чейинки V кылымда жашап өткөн грек доктуру Эйгимус чизкейктин жасалышы тууралуу жазмаларды калтырган.

• Байыркы Грецияда бул десерт Олимпиада оюндарындагы спортчуларга берилген. Курамы белокко бай болгондуктан адамга күч-кубат, энергия берип, булчуңдарды чыңдайт дешкен.

• Байыркы Римдин кол башчысы Юлий Цезарга чизкейк абдан жагып, ал Европага жайылышына себепчи болгон.

• Ханыша Елизавета IIнин таажы кийүү аземинде чизкейк десерт катары берилип, калганы аукцион аркылуу кымбат баада сатылган.

• АКШнын Нью-Йоркто жайгашкан “Turf” ресторанынын башчысы Арнольд Рубен 1940-жылы десертти филадельфия сырын, коюулатылган сүт, жумуртка кошуп жасап көргөн. Ушул рецептте популярдуулугу арткан. Буга чейин сырдын ордуна быштак колдонулган.

• Эң чоң көлөмдүү чизкейк Орусиянын “Чизберри” компаниясы тарабынан 2017-жылы жасалып, Гиннесстин рекорддор китебине катталган. Анын диаметри 2,8 метр, бийиктиги 85 сантиметр, салмагы 4240 килограммды түзгөн.

• АКШда бир жылда 5 жолу чизкейк күнү белгиленет. Алсак, 30-июль – улуттук чизкейк күнү, 6-март – ак шоколаддан жасалган чизкейк күнү, 21-октябрь – ашкабактан жасалган чизкейк күнү болуп саналат.

• Бышырылбай жасалган чизкейк – raw-чизкейк деп аталат. Учурда туура тамактанууну колдогондор ушул түрүн менюга кошууну сунуштап келишет.

Пирог, торт деп да атоого мүмкүн болгон чизкейкти жайкы десерттердин катарына кошушат. Ал печенье, каймак май кошулган корждон жана сыр, быштактуу толтурмадан турат. Түрдүү даам берүү үчүн коржго шоколад, лимон ширесин, корица, мускат жаңгагын, ал эми толтурмага ар кандай жемиштерди кошушат. Башкысы, өлчөмү менен кошуу сунушталат, негизги сыр татыган даамы калышы кажет. Сунушталган сыр түрлөрү – филадельфия, рикотта, маскарпоне, бирок булар кымбат жана бизде аз жайылгандыктан ордун быштактуу сыр, быштак менен алмаштырууга болот. Эгер ал суюгураак болсо дакиге салып ашыкча суусунан арылтып алуу оң.

Классикалык Нью-Йорк чизкейки

Керектелүүчү азыктар:

Корж үчүн:

Каймак май – 100 грамм

Печенье – 150 грамм

Толтурмасы үчүн:

Каймактуу сыр же быштактуу сыр – 500 грамм

Кумшекер – 150 грамм

Коюулатылган сүт (33%) – 40 миллилитр

Каймак (сметана) – 3 аш кашык

Жумуртка – 2 даана

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Печеньени ундай кылып майдалап алабыз да, үстүнө эритилген каймак майды куюп аралаштырабыз. Кол менен мыкчыганда ажырабастан биригиши керек. Диаметри 20-25 сантиметр болгон бекитип-ачуучу форманын астына пергамент кагазын төшөп, чекелерин майлайбыз. Майдаланган печеньенин жарымын салып, стакандын түбү менен ныгырып чыгабыз. Калган күкүмдөрдү чет жактарына себелеп, стакан менен капталдарын чыгарабыз. Муздаткычка 15-20 мүнөт салып коюңуз.

2. Бул учурда толтурмасын даярдайбыз. Каймактуу сырга же быштактуу сырга кумшекерди салып аралаштырып, коюулатылган сүт менен каймакты, лимон ширесин кошуп аралаштырабыз. Акырында жумурткаларды чегип бир массага келгиче аралаштыруу керек. Көбүк болбоого тийиш.

3. Муздаткычтан чыккан коржго толтурманы куюп, электр мешине салабыз.

Маанилүү! Электр мешине чизкейкти салгандан кийин 180 градус ысыкка 10 мүнөт коюп, анан 120 градуска чейин азайтабыз да, 60 мүнөткө коюп бышырабыз. Мындан соң өчүрүп, электр мешинин оозун коомайлап дагы жарым-бир саат коёбуз. Болбосо коржу үбөлөнүп жарылышы мүмкүн.

4. Айланта бычак менен бошотуп чыгып кылдаттык менен форманы чыгарабыз. Фантазияңызга жараша кооздоп, бул таттуу менен чай же кофе ичип ырахаттана бериңиз.

Raw-чизкейк

Керектелүүчү азыктар:

Грек жаңгагы – 100 грамм

Кургатылган өрүк же курма –

10 даана

Быштак – 250 грамм

Йогурт (5%дан жогору)– 200 миллилитр

Бал – 4 аш кашык

Желатин – 10 грамм

Кайнак суу – 50 миллилитр

Кулпунай же малина, черника – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач кайнак сууга желатинди салып көптүрүп коёбуз.

2. Жаңгакты блендерден майдалап алабыз да, үстүнө өрүк же курманы салып аны дагы майдалайбыз. Экөө биригип илээшкек массаны пайда кылат.

3. Диаметри 20 сантиметр болгон бекитип-ачуучу формага пергамент кагазын төшөп, жаңгак аралашмасын салып текши жайып, кашык менен басып ныгырабыз.

4. Малина, кулпунай же черника сымал мөмө жемишти эзип алабыз, блендерди пайдалансаңыз болот.

5. Быштактын үстүнө йогуртту куюп, балды салып чалабыз. Эзилген жемиш менен желатинди куюп кашык менен аралаштырабыз. Блендер менен аралаштырууда суюлуп кетет.

6. Формадагы жаңгак коржуна толтурманы куюп, тегиздеп, 4-5 саатка тоңдургучка же бир түнгө муздаткычка салып коёбуз. Алып чыгып кылдаттык менен тегерек калыпты чыгарып, мөмө жемиштер менен кооздоп жакындарды кубантыңыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан