Абдыманап Качиев: “КАРАЖАТ ЧОГУЛСА КЫЗЫМ РАК ИЛДЕТИН ЖЕҢЕТ”

Бишкек шаарынын тургуну Абдыманап Качиев рак илдети менен күрөшүп жаткан кызына материалдык жардам керек экендигин айтып редакциябызга кайрылды. “Кызым Перизат Түркияда дарылануу этабынан өтүп жатат, бирок учурда каражаттын жоктугунан дарылануусу токтоп калды. Тууган-туушкан, дос-тааныштарыбыздын баары буга чейин жардам берди. Бирок ракты жеңүү оңой эмес экен. Элден материалдык жардам суроого аргасызбыз”,- дейт.

“3 ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛЫП, 42 ЖОЛУ ХИМИОТЕРАПИЯ АЛДЫ”

– Кызым Перизат Абдыманап кызы 32 жашта, жакшынакай жолдошу, 2 баласы менен бактылуу үй-бүлөдө жашап жаткан. Өзү жеке ишкерлик менен алектенчү. 2018-жылы көкүрөгү ооруп ооруканага кайрылган, анализ тапшыргандан кийин сүт безинин рагы экени аныкталды. Эртерээк айыктырууга болгон аракетибизди жумшадык. Санкт-Петербургга барып операция жасаттык, Бишкектен да операция болду. Нур жана химиотерапияларын тынбай алып жатты. Анализдерде рак дээрлик жок болду дешкен, бирок кийин рактын клеткалары кан менен тарап, метастаз баш мээ бөлүгүнө өткөнүн айтышты. Санкт-Петербургда жүргөндө “башым ооруп жатат” деп көп айтчу, кийин такай эле башы ооручу болду. Көрсө, ошондо эле башында рак клеткалары өөрчүп жаткан тура. Дарыгерлер 3-стадиядагы рак илдети деп айтышты. Эсептесек, бүгүнкү күнгө чейин 3 жолу операция жасалып, 42 жолу химиотерапиясын алыптыр. Кийинчерээк толук дарылануу үчүн Түркиядагы дарыгерлер менен байланышсак, “биз бул стадиядагы ракты алып жүргөн бейтаптарды айыктырганбыз, бизге келип көргүлө” дешти. Күйөө балам кызымды алып Стамбулга кеткен, ал жактан операция жасалды, абалы кыйла жакшы. Дарыгерлер да айыгып кетет деп айтышты. Мындан улам өчүп бараткан үмүтүбүз жанып, акыркы күчүбүздү топтоп каражат чогултууга бел байладык.

Кызымдын дарылануусуна 13 миң доллар керек. Мекендештерибиздин ар бир сому биз үчүн маанилүү, кайрымдуу адамдардан жардам сурайбыз. Анткени кызым 4 жылдан бери бул оору менен алышып дос-тааныш, тууган-урук, баары колдон келген жардамдарын беришти, каржы ресурсубуз түгөнүп, элге кайрылууга аргасызбыз.

“ЖЕГЕН ТАМАГЫ СИҢБЕЙ, ӨЗ АЛДЫНЧА БАСА АЛБАЙ КАЛГАН БОЛЧУ”

– Түркиядагы клиникалар заманбап аппараттарга ээ. Мындан улам рак илдетин айыктыруу көрсөткүчү жогору. Кызым Перизат жайдары, шайыр, эрки күчтүү, чечкиндүү кыз эле. Оорусу көп кыйнап койду. Акыркы жылдары денесинин оң тарабы иштебей, басканда жетелеп басып калдык. Тамак жегенден кийин аны сиңирүүсү да начарлап кеткен. Бул ооруну азыркы заманбап медицина жеңе алат, болгону режими менен дарыланып, онкологдордун көрсөтмөлөрүн так аткаруу кажет дешти врачтар.

Негизи бул дарттын кызымдын организминде кандайча пайда болуп калганын иликтеп, анализдегенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Катардагы жаш үй-бүлөлөрдөй эле тиричилигин кылып келе жаткан. Кызымдын 2 уулу азыр биздин колубузда, экөө тең мектепке барышат. Биз – таене, таятасы жакшы көрүп караганыбыз менен, баары бир балдар ата-эне мээримине муктаж. Кызым төшөктө, күйөө балам аны карап, балдарга кыйын болууда.

Байланыш телефону: 0508 250 968

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

ЭЛСОМ: 0709 180 999

VISA: 4446 7320 0024 0913
(P. ABDYMANAP KYZY)

Сбербанк: 2202 2036 2823 2979

TINKOFF: 5536 9140 2163 2223
(Nurgul Abdymanap kyzy)

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан