КАЗАНДЫ АГАРТУУ ЫКМАЛАРЫ

Казан агартуу керек дегенди укканда эле апамдын айтып бергени эсиме келет. Жаш келин кези экен, казан агартам деп отко казанын кактап жатса бир кулагы эрип түшүп калыптыр. Кайненеси көрүп калбасын деп шашкалактап тээ сайга барып көмүп келиптир. Кийин апамдын бул “кылмышын” чоң энем “казанды эритип, сайга көмүп койгонуңду билбейт дейсиңби” деп күлгөн экен. Андыктан бул тема бардык аялзатына, айрыкча жаш келиндерге пайдалуу болмокчу.

ЧОЮН КАЗАНДЫ КҮЙҮКТӨН, КАТЫП КАЛГАН КӨӨДӨН ТАЗАЛОО

Убагында тазаланбаган күйүк жана көө казанга гана эмес, идиштин бетинде кычкылданууну пайда кылып, ден соолукка да зыян келтириши мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн казанды ар бир колдонгондон кийин жууп туруңуз. Алгач апамдын отко кактоо ыкмасын айтып берейин. Бул ыкма илгерки ыкмалардан. Очокко как, кургак отундарды жагып, чоюн казанды көмкөрөбүз. Бирок отту улуу жагып жиберсеңиз казаныңыз эрип кетиши мүмкүн. Отту бир калыпта үзбөй жагып отурсаңыз казан өзү агарып чыгат, а сыртындагы көөлөрү күбүлүп түшөт.

Казан ар кандай металлдан жасалышы мүмкүн. Тазалоонун алдында анын материалына көңүл буруңуз. Эмаль менен капталган, түбүнө тарттырбоочу катмары бар казанды катуу щётка жана темир кыл жуугуч менен жууганга болбойт.

КАЗАНДЫН ИЧИН ТАЗАЛОО

1-ыкма: туз, уксус, сода

3 чоң кашык сода, 3 чоң кашык туз жана 100-150 грамм ашкана уксусу (9) керек. Казаныңыздын көлөмүнө жараша бул өлчөмдөрдү көбөйтсөңүз болот. Казанга туз салып, үстүнө уксус куюңуз. Казанды мешке коюп, ысытыңыз. Аралашма кайнап баштаганда сода кошуңуз. Аралашманы күйүктүн оор-жеңилине жараша жарым саатка чейин кайнатсаңыз болот. Уксустун жыты урбашы үчүн терезелерди чоң ачып салыңыз. Казан муздагандан кийин идиш жуугуч суюктук менен жууп салыңыз.

2-ыкма: туз жана сода

Эгер колуңузда уксус жок болуп калса, туз менен соданы эле колдонсоңуз да болот. 200 граммдан сода жана туз даярдаңыз. Казанга толтуруп суу куюңуз. Сууга туз менен соданы салыңыз. Аны мешке коюп, ысытыңыз. Суу кайнаганда отту жайлатыңыз. Аралашманы 2 саат бою жай отто кайната бериңиз. Муздатып, идиш жуугуч каражат менен жууп салыңыз.

3-ыкма: лимон кычкылы

4-6 чоң кашык лимон кычкылы жана 2-3 литр суу керек. Казанга сууну кайнатып, лимон кычкылын кошобуз. Каражатты идишке жай отто 1-2 саат кайнатабыз. Мындан калган кирди идиш жуучу каражат менен жууп салыңыз.

ИЧИ-ТЫШЫН ТАЗАЛОО

1-ыкма: самын жана клей

Кадимки кагаз клей жана кир самынды даярдап алабыз. Эң алгач бардык терезелерди ачып салыңыз, колуңузга кол кап кийип, бетиңизге бет кап тагыныңыз. Бул териңизди сактоого жана дем алуу жолдорун клейдеги уулуу каражаттардан коргоого жардам берет.

Казандын бетин идиш жуугуч каражат менен сүртүп нымдаштырып алыңыз. 72 пайыздык бир кир самын менен 100 грамм клейди аралаштырып тазалоочу каражатты даярдап алыңыз. Казанды чоң темир идишке салыңыз. Болжол менен жарымына чейин суу куюп, мешке коюңуз. Суу кайнаганда самын менен клей аралашмасын куюп, жакшылап аралаштырыңыз. Идишти 2-3 саат кайнатыңыз. Андан ары казандын ичи-тышын металл кыл жуугуч менен жакшылап сүрүп, суу менен таза жууп салыңыз.

2-ыкма: суутектин кычкылы

Суутек кычкылы (перекись водорода) көөнү жана майды кетирүүдө жакшы жардамчы. Тазалоочу каражатты даярдоо үчүн 125 грамм сода, 1-2 тамчы идиш жуучу каражат жана 1-2 аш кашык суутектин кычкылы керек болот. Бул каражаттарды көбүк пайда болгонго чейин чалыңыз. Пайда болгон аралашманы кир болгон казанга сүйкөп, бир нече саатка калтырыңыз. Андан кийин кир болгон казанды жумшак губка менен сүртүп, көп өлчөмдөгү суу таза менен жууңуз.

3-ыкма: активдештирилген көмүр

Активдештирилген көмүр майды жана көөнү жакшы кетирет. Бул үчүн казандын көлөмүнө жараша 10-20 таблетка активдештирилген көмүр керек.

Таблеткаларды майда кылып талкалаңыз. Казанды суу менен нымдаштырыңыз. Талкаланган каражатты казандын ичи-тышына сүртүңүз. Көмүр таасир этиши үчүн ушул бойдон 2-3 саатка коюп коюңуз. Талкаланган таблеткаларды кетирип салбастан, үстүнө ысык суу куюп, дагы 1-2 саатка коё туруңуз. Идиш жуугуч буюм менен көп өлчөмдөгү суу менен жууп салыңыз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан