Бала кезден бул ырды эже-агалардан угуп, ырдап чоңойдум.
“Эгер мен суу болуп жаралсам үйүңдүн астынан акмакмын” деген саптарындагы салыштырууга таң калып, элестетип да жиберчүмүн. Сүйгөнү үчүн сууга, гүлгө айлангысы келсе, сүйүүнүн керемети ушунда го деп ойлочумун. Ушул ырдын жазылуу тарыхына кайрылып көрдүк.
“УШУЛ ЫР АПАМДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН БАШАТЫ БОЛУПТУР”
Ырдын сөзү акын Райкүл Мамыровага таандык, обонун Качкын Абдыкадыров жазган. Райкүл Мамырованын көзү өтүп кеткен. Андыктан тексттин жазылуу тарыхын анын кызы, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актрисасы Назгүл Мамырова айтып берди.
– Апам жаш кезинен эле ырга жакын болуптур, ырдын башаты өзүнүн балалык сүйүүсүнөн башталган. Тагыраагы, ушул “Эгер мен...” деген ыры ырларынын башаты болуп берген. Өзү да ушул ырын жакшы көрчү. Ыр апамдын 14-15 жашындагы алгачкы балалык махабатына арналган. Ал адам өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы жигит экен, бири-бирин жактырып жүрүшүп, тагдыр экен, экөө эки башка жолго кетишиптир. Ушундай тагдырдан кийин апам ырларды көп жаза баштаптыр. Бул ырга эки обон чыккан. Алгачкы обонун ким жазганын билбейм, анысы эл арасына тарап, той-топур, отуруш-кечелерде ырдалып жүрдү. Ал обон менен Күлүйпа Керимбаева эже ырдап жүрчү. Кийин Качкын Абдыкадыров экинчи обонду жазды. Аны Дилбар Райымбекова, Элмира Кайып кызы, Дилшат Кангелдиева ырдаган.
Апамдай акын тууралуу кийинки муун да биле жүрсүн деп кыскача тааныштыра кетейин. Апам Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылында 1948-жылы 5-сентябрда туулган, алгачкы ыры 1985-жылы «Ленинчил жаш» балдар журналына басылып чыккан. Ошондон баштап анын ырлары «Чүй Баяны», «Эпкиндүү эмгек үчүн», «Эркин-Тоо» гезиттеринде басылып келген. Биринчи китеби балдарга арналып, «Калтар баяны» деген ат менен 1996-жылы жарык көргөн. Өзү совхоздо Маданият үйүнүн башчысы болуп иштеди, «Райгүл» аттуу чакан ишкана ачып, аны жетектеди. Жазуучулар союзунун мүчөсү болду. «Калтар баяны» аттуу дастаны Орозбек Кутманалиевдин аткаруусунда Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. «Эгер мен...», «Караба, жигит, караба», «Арман», «Кош бол эми», «Биз да сулуу элек», «Ай күбө» сыяктуу ырларына обон жаратылган. Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси.
Апам өзү абдан жөнөкөй адам эле, алган сыйлыктарын да мактанчу эмес, сандыгына салып койчу. Наам алууга да умтулчу эмес, “ырларым эл эсинде кала турган болсо, ырларым ырдалып турса, ошол мага наам” деп койчу. Апам аз жазса да, адабиятка салым кошо турган, элге, мекенге калтыра турган ырларды жазып кетти деп айта алам. Өзүнүн чыгармачылыктагы ордун тапты, бирок өзүнө ылайыктуу наам албай калды. Апамды акындар арасында “боз чымчык” деп да атап коюшчу, анткени бир патриоттук ырында таранчыны “кичинекей таруу сымал көзүнөн теңдеши жок чоң сүйүүнү көрөсүң” деген саптар менен сүрөттөп, мекенге болгон сүйүүсүн жазып кеткен. Апамдын түптөп кеткен “Ыр кербен” деген адабий коому бар, артында шакирттери бар. Мен да апамдын ырларын ырдап жүрөм.
Качкын Абдыкадыров, обончу: “БУЛ МЕНИН БИРИНЧИ ЖАРАТКАН ОБОНУМ”
– Мен музыкалык окуу жайды бүткөндөн кийин, 1989-жылы Балыкчыда Маданият үйүндө иштеп жүргөм. Бир күнү үйдө “Ленинчил жаш” гезити туруптур, ачып карасам, “Эгер мен...” Сөзү Райкүл Мамырованыкы” деген ыр турат. Ыр мага жакшы таасир калтырды, төрт куплет экен, 2-куплетти окуп келатканда эле көкүрөгүмдөн кайрыктар келип, обон жаралды. Текстин оңдогон да, алымча-кошумча да кылган жокмун. Кээде обонду текстти карап кыйналып жазасың, кээде ушинтип кайрыктар өзү келип, оңой эле туулуп калат. Бул менин биринчи обонум болгон.
Кийин 1992-93-жылдары Бишкектеги Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрына ишке кирдим. Ошол жерде режиссёр “жаңы ырлар керек болуп жатат” деп калды. Анда мен обонду жаңы чыгарып жаткан кезим, обонум бар деп айткандан уялдым. Эмне болсо да угузуп көрөйүнчү деп жамаатка угуздум, жактырышты. Ал жерде ырчы Дилбар Райымбекова иштечү, ошол анан биринчи жолу ырдап, клип тартып “Заманага” чыгарган. Ошентип ырдалып жүргөн, мен эл арасына таралганына деле маани берген эмесмин. 2007-2008-жылдары Жылдызбек Кадыркулов деген аранжировкачы жигитке башка ырга аранжировка жасатып калдым. Менин фамилиямды угары менен ал аккордеонун алып “Эгер менди” ойноп ырдап жатпайбы. Мен таң калып “муну каяктан билесиң?” деп сурасам, ал мектепте окуп жүргөндө эле мугалимдер ырдаганда аккордеон ойноп берип жүргөнүн айтты. Ошол жерден элге тараганын билдим, абдан кубандым. Кээде авторлор деле ыры элге тараганын билбей калат экенбиз. Андан кийин Дилшат Кангелдиева ырдап жүрдү. Алтынбек Каленов деген жигит да ырдап жүрөт.
Дилшат Кангелдиева, ырчы: “ЭЛДИК ЫР КАТАРЫ ЭЛДИН КУЛАГЫНА СИҢИП КАЛГАН”
– Бул ыр мага мурдатан эле жакчу, өзгөчө тексти жана ага айкалышкан обону менен жаккан. Бир күнү Жылдызбек аттуу аранжировкачы балага барып калдым, аны менен сүйлөшүп отуруп, ал “ушул ыр сиздин үнүңүзгө жарашат, ырдап көрбөйсүзбү” деп калды. Мен дароо эле макул болдум, ал “Качкын байке кубанат, мен да айтып коём” деп аранжировкасын жасап берди. Студияда ырдап, үнүн жаздырып, радиолорго бердим. Бирок мага чейин бул ырды бир топ ырчылар ырдашкан экен. Ырда аранжировка көбүрөөк мааниге ээ. Мен фольклордук стилде жасатканым үчүн комузда ойнодум. Өзүмө жагат, ырга өзгөчө бир башка колорит бердим деп ойлойм. Андан бери бир топ жыл өттү, бул элдик ыр катары элдин кулагына сиңип калган ырлардын бири. Ар бир ыр жандуу адам “Эгер менди” билет деп ойлойм. Ырда “Эгер мен суу болуп жаралсам, терезең түбүнөн акмакмын” деген сап бар да, “акмакмын” деген сөз кыргыз тилинде эки маанини бергени үчүн “агармын” деп өзгөртүп койгонбуз. Кийин Райкүл эжеге чыгармачылык кечеден жолугуп, ал ыраазы болуп, китебин берди. Бул ырга дагы бир заманбап аранжировка жасатып чыксамбы деп жүрөм.
“ЭГЕР МЕН...”
Сөзү: Райкүл Мамырованыкы
Обону: Качкын Абдыкадыровдуку
Эгер мен гүл болуп жаралсам,
Терезең түбүндө өнмөкмүн.
Анда угуп эрте-кеч үнүңдү,
Ар дайым жүзүңдү көрмөкмүн.
Эгер мен суу болуп жаралсам,
Мен сенин бакчаңдан акмакмын.
Жүзүңдү жууганы келгенде
Шыбырап сырымды айтмакмын.
Эгер мен куш болуп жаралсам,
Мен сенин багыңа конмокмун.
Шагыңа салмакмын уямды,
Ар дайым жаныңда болмокмун.
Эгер мен нур болуп жаралсам,
Шооламды бир сага төкмөкмүн.
Бейкапар сен уктап жатканда
Жүзүңдөн аймалап өпмөкмүн.
Гулийпа Маметосмон кызы