АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Марал сүрөтүндө так эле жашоосундагыдай текебер жылмайып турат. “Кана, колуңардан дагы эмне келет?” дегендей. Апасы кызынын сүрөтүн бооруна кыса берди. Ооба, кызы жашоодон оор сокку алды, аны кандай болсо да коргой албады. Алгач атасынын катуулугунан, кийин Аскарга турмушка чыгышынан, кызынын кырстыгынан, өзүмчүлдүгүнөн коргой албады. Айласы жок, ажалга берип отуруп калды. Ушундай болорун билген эле, акыркы жолу жолукканда катуу эскерткен.

– Кызым, Аскар жокто качан болсо кафелерде жүрөсүң, уят эмеспи.

– Аны кайдан көрдүңүз?- деген кызы кашын серпе.

– Инстаграмдан көрдүм, аны да жашырып койбой чыгарасың, бир күнү ушул жоругуңдун азабын эле тартпасаң болду. Аскар да адам. Турмушка чыктыңбы, жагабы, жакпайбы, анын мыйзамы менен жашашың керек.

– Сен атамдын мыйзамы менен 30 жыл жашадың, анан эмне болду? Мени менен тең бир кызды тапты да, баарыбызды таштап кете берди. Аскар да ошондой. Балким, мен андан өч алып жаткандырмын.

– Марал, андай болбойт жашоо, ойнойм деп омурткаң сынып калбасын, токтот мындай басканыңды!

Энесинин минтип безилдеп жатканын мыскылдай күлүп койгон. Бирок ошондо эле жүрөгү бир нерсени сезди эле. Кызы өлүп калгандан кийин күйөөсүн бир жолу көрдү. Мүрзө башына барса күйөөсү жалгыз отуруптур. Мөгдөп, чарчап, карып калган күйөөсүн көрдү, “аа, шордуу жалгыз кызыңдан айрылып сенин көргөн жыргалың да курусун” деди ичинен. Жаш баладай ыйлап отурган аны көргүсү келбей кетип калган. Марал өлдү, бирок Аскар тирүү. Ал жазасын өтөшү керек. Телефон чалды.

– Бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдон, мен ал адамдын өмүр бою жаза алышын каалайм. Менин кызым күн жүзүн көрбөй жатса, демек, ал дагы тирүү туруп өлүккө айланышы керек. Бардык байланыштарыңды колдон!

– Макул,- деди күч түзүмдөрүндө көп жылдан бери иштеген бир тууганы.

Аял трубканы коюп, көксөөсү кангандай отуруп калды.

ххх

Аскар окуя болуп өткөндөн кийин гана эсине келди. Бирок баары кеч болчу. Бир саамдык ачууга алдырды. Жапжаш аялдын өмүрүн кыйды, уул-кызынын жүзүн карай албагандай абалга кептелди. Өмүр бою элдин алдында кооз сүйлөп, моралдык жактан сабак берип келген адам эл алдында уят болду. Бирок бул нерсени ал убакыт өткөндөн кийин гана сезди. Жазасынын да жеңилдешин каалаган жок. Болгону аны балдары кечирсе болду. Эркиндин жашоосу бир нукка түшүп кетишин каалады. Анткени ал бул жерге түшкөндөн бери уулу гана жанында болду. Бүгүн да жолугууга келген экен.

– Ата, эмнелер керек? Кийим-кече, таза сүлгү, бардыгын алып келдим. Дагы эмне керек болсо айт.

– Адвокаттар эмне деп жатышат, балам?

– Иштеп жатабыз дейт,- деп көзүн ала качты Эркин.

– Көзүңдү ала качпа, сен күнөөлүү эмессиң, уулум. Үй-бүлөң кантти?

– Мурункудай эле.

– Эркин, адвокатыңдын деле кереги жок, балам, мен жазамды өтөшүм керек. Эркиндикке чыкканда деле бара турган жерим, жата турган үйүм калбады. Мага бул жерде тынч, жайлуу.

– Ата.

– Болгону апаңдын алдында күнөөмдү кандай болсо да актагым келет. Сен компания банкрот болду деп эле отуруп калба. Аны апаңдын атына өткөр, экөөлөп бутуна тургузасыңар. Сүйүнгө айт, убагында мен анын күчүн, акылын баалабаган экенмин. Апаң кыйын аял, балам. Компанияны өз колуна алсын, керек рычагдарын иштетсе эле бутуна туруп кетет. Карындаштарың да мени кечирсин, эң негизгиси, сен мени кечир, балам...

– Эбак эле кечиргем, ата. Бул жашоодо бирөөнү бирөө күнөөлөп деле кереги жок экенин түшүндүм. Мурун күнөөлөчүмүн, өзүм Айсулууга ушунча оюн ойногондон кийин сени эмне деп күнөөлөй алам?

– Сага эч качан айткан эмесмин, бирок сен татыктуу уул болдуң. Сенин акылыңды, жүрөгүңдүн актыгын мен алсыздык катары кабыл алчу экенмин. Азыр ойлосом, турмуш өзгөртө электе мен сендей болгон экенмин. Көзүмдү караңгылаткан бир учур келди. Тез эле бийлик келип калды, аркасынан байлык келип калды. Даяр болбосоң бул экөө тең сени өлтүрчү курал экен. Мен капканга түшүп калдым. Эгомдун капканынан чыга албадым. Жашоодон бир нерсени издеп эле чабалактай бердим, силерди да бактысыз кылдым. Акча менен баарын сатып алам дедим, бийлигим баарына жетет дедим. Бирок болбойт экен.

– Баары жакшы болот, ата...

Уулу өңү азып кеткен атасын боору ооруп карады. Аскар да уулунун көзүнө тиктеди. Жылдар бою тиктебеген экен. Эмнегедир ушул баланын көзүнө тике карабаптыр. Балким, уулунун көзүнөн жаш кездеги өзүн көргөндөн, жоготуп алган өзүн көргөндөн корксо керек.

– Айсулууга айт, баарына мен күнөөлүү экенимди айт. Сенде эч күнөө жок.

– Укса айтайын.

Уулу менен атасы ушинтип коштошту. Бул алардын акыркы жолугушуусу болорун билишкен жок.

ххх

Эрик кыйналып жатты. Ичинен бирөө ийне сайып жаткандай ар бир тамыры солкулдап баңги сурап жатты. Бул дартка эбак чалдыккан, түрмөдөн чыккандан кийин ого бетер берилип кеткен. Эч нерсеси калбаптыр сатып алганга. Энеси да акыркы жолу киргизбей кууп чыккандан бери айласыз бир батирде күн кечирүүдө. Жаны чыгып бараткандай куурулат. Бакырып жатты. Бул азаптан кутула албай өзүн-өзү ургулай берди. Кайра денеси солкулдап жатып калат, беш мүнөттөн кийин жан оорусу кайра башталат.

– Эптеп сыртка чыгышым керек,- деди өзүнө-өзү.

Кийимдерин араң кийип сыртка чыкты. Күндөн көзү уяла берип бетин жашырымыш болду. Каңгып эле бир жерде бара жаткандай болду. Бир учурда кан жолдо кетип баратканын сезди. Жанында машинелер сигнал басып өтүп бара жатты. Ушул учурда бир ой келди. Жанын кыйнаган бул оорудан, жанын кыйнаган бул тозок жашоодон кутулгусу келди. Башынын ичиндеги курттай жыбыраган сезимдерден кутулгусу келди. Жасай турган иштердин баарын жасап бүтүптүр. Эркиндин жашоосунун таш-талканын чыгарды. Аскар өзүнө-өзү көр казды. Атасы эбак өлүптүр. Бул жашоодо кыла турган эч бир иши калбагандай сезилди. Бул нерсе акылына келгенде кубана түштү. Катуу келе жаткан КамАЗды карады. “Азыр баары бүтөт” деди акылында. Чагылгандай көз ирмемде келген бул жыйынтык анын акылынын акыркы бүтүмү эле. Зуулдап келе жаткан
КамАЗ айдаган адам боз күрмөчөн адамды кеч көрүп калды. Эрик дөңгөлөк алдында калды.

ххх

Алмаз комузун сылап коюп ойлуу. Устаканасына аялы кирди.

– Сен айткандай баарын даярдадым.

– Гүлүм, жаш кезинде Аскар күү черткенди жакшы көрчү эле, билесиңби?

– Ооба.

– Ага бардык кыздар ашык элеңер, ээ?

– Койчу ай, кайдагыны айтпай...

– Жок, мен билчүмүн, бардык кыздар, алардын ичинде сен дагы Аскарга ашык болчусуң. Чын эле ашык боло турган жигит эле да. Акылдуу, келбеттүү, кайраттуу. Бирок сен мага турмушка чыгууну чечтиң...

– Ооба, бул үчүн бир мүнөт да өкүнгөн жокмун. Аскардын кийинки жашоосун карап эң туура чечим чыгарганымды сездим. Сен жакшысың, Алмаз, сенин жүрөгүң апакай. Сен таптаза адамсың. Мени да таптаза жашоодо жашаттың.

– Рахмат, кемпирим, айтайын дегеним, мен дайым өзүмдү Аскардын алдында күнөөлүү сезчүмүн. Ал дагы сага ашык эле, кийин эч эле аялга байланбай койгону да, балким, сен үчүн болду. Мен бул өмүрдүн кайрымжысын ага бере албайм. Бирок жаштыктан калган бир элес катары ага бул комузду алып барып бергим келди. Эрмек кылсын куру дегенде...

– Өзүң бил, Алмаз. Сен кандай десең ошондой болсун,- деп аялы чыгып бара жатып кайра кайрылды. – Сен өзүңдү күнөөлүү сезбе, Алмаз. Аскар экөөбүз сенин айыңдан ажырашкан эмеспиз. Ал мени сага чейин сатып кеткен. Сен дагы, мен дагы анын алдында күнөөлүү эмеспиз.

Алмаз үн каткан жок, тек гана башын ийкей берди. Эртеси Алмаз Аскарга жолукканы келди. Саламдашып отурушкандан кийин сөз таба албай бир топко отуруп калышты.

– Кандай анан, эргул?

– Көрүп тургандай.

– Ичим ачышты сага, Аскар, мынчалыкка барбашың керек эле.

– Эх, досум, маңдайга жазылган тагдырдан кутула албайт экенбиз. Менин соңум түрмөдө деп жазылганы ушул тура.

– Ошентсе да...

– Аны койчу, мен сенден бир нерсе суранайын дедим эле.

– Ии?

– Жакында неберем төрөлөт,- деп алды Аскар кудуңдай. – Ошого сенин колуңдан чыккан бир белек кылып беришиңди суранайын дегем.

– Макул.

– Комуз чаап жүрөсүңбү?

– Ооба.

– Кызыл өрүктөн кипкичинекей комуз, анан бир бешикти мыкты кылып жасап берчи, досум. Өз небереңе жасап жаткандай жаса.

Мен муну неберем болот дегенде эле кыялданып койгом. Карабайсыңбы, жетишпей калдым. Сенин устаканаңда экөөбүз бакылдашып жасап жатканыбызды аябай кыялдандым эле. Аттиң, жетишпей калдым.

– Аскар?

– Анан “чоң атаң Аскардан” деп жазып кой, ээ? Ошент.

– Макул, бирок мен да сага бош келген жокмун.

– Ии?

– Комуз алып келдим, анан сага берип коюшат. Сен өзүң жаш кезде чертип жүргөн комузду алып келдим.

– Ошенттиңби? Рахмат, досум!

Аскардын ыйлагысы келип кетти. Бул ушундай кызык адам. Ичиңдегини окуп коёт...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан