Түрк кино жылдызы ЖЕМРЕ БАЙСЕЛ

Мындан 5-10 жыл мурун популярдуу түрк актрисалары десе Туба Бүйүкүстүн, Берен Саат, Фахрие Эвжен сыяктуу айымдардын аты биринчи чыгат эле. Убакыт өтүп, ал актрисалардын артынан сахнага жаш муун чыкты. Азыркы муун Ханде Эрчел, Демет Өздемирди жакшы таанышат. Сулуулугу, таланты менен көпчүлүктүн көңүлүнөн орун таап келе жаткан дагы бир актриса бар. Ал – биздин бүгүнкү макалабыздын каарманы – Жемре Байсел.

Туулган жери: Түркия, Измир шаары

Туулган жылы: 1999-жыл, 5-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 175 сантиметр

Билими: Эгей университетинин живопись бөлүмү

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Рамо”, “Менин сол тарабым”, “Тагдыр оюну”, “Сенден дагы сулуу” жана башка

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, агасы бар

АКТРИСАНЫН ИНТЕРВЬЮЛАРЫНДАГЫ КЫСКА СУРОО-ЖООПТОР

– “Бир эле күн эмне кылсаң да өлбөйсүң” деген мүмкүнчүлүк болсо эмне кылмаксыз?

– Бир нече саат деңизге чумкуп, суунун астындагы дүйнөнү изилдеп чыкмакмын.

– “Каалаган сыйкыр күч берели” десечи?

– Учканды билейин демекмин. Же болбосо телепорт кылган күчүм болсо. Андан башка сыйкырдын деле кереги жок.

– Өзүңүздү биринчи жолу экрандан көргөндөгү сезимиңиз?

– Аябай уялгам. Көпкө чейин башкалар менен чогуу өзүмдү көрө албай жүрдүм.

– Кимдир бирөө менен бир күн жүрүп, билбегениңди билип ал десе кимди тандамаксыз?

– Пабло Пикассо. Сүрөтчү, акын, драматург... Мындай адамдын жанында жок дегенде бир күн жүрүп, кичинекей нерсе болсо да үйрөнмөкмүн. Анын ою мага кызык болгон көп суроолор бар.

– Кайра жаралсаңыз кайсы жаныбар болмоксуз?

– Албетте, мышык.

– Кофе же чай?

– Кофе.

– Кандай жанрдагы кинолорду жактырасың?

– Ужас, триллер.

КҮТҮЛБӨГӨН КЕСИП

Жемре чоңоюп колуна калем кармаганды үйрөнгөнү сүрөт тартканды жакшы көрчү. Ата-энеси да кызынын бул талантын байкап, түркүн түстөгү карандаш, альбомдорду кенен алып беришет эле. 15 жашында Эгей университетинин живопись бөлүмүнө тапшырып, өтүп кеткен. Келечекте чоң-чоң үйлөрдүн, мейманканалардын, кооз имараттардын долбоорлорун чийген архитектор болом дечү.

“Киного чакыргандай таанышым деле жок болчу. Ага караганда модель болуп бер деген сунуштар түшүп, камера алдында иштегенди үйрөнүп баштагам. Бир күнү таанышымдын студиясына "профессионалдык фотосессия кылып алайын. Социалдык тармактарга сапаттуу сүрөттөрдү чыгарам" деп баргам. Сүрөттөр интернет желесине тарагандан кийин көптөгөн сунуштар түшө баштады. Киного дагы ошол студиядагы таанышым чакырган. Барсам “Жашыл деңиз” сериалына кастинг болуп жатыптыр, өтүп кеттим. 16 жашымда ушинтип күтүүсүздөн актрисалык дебютум болгон”,- дейт Жемре Байсел. Кызыгы, Жемрени алгач көргөндө режиссёр такыр жактырган эмес. Адамдын көзүн түз карай албаган, ашыкча уялчаак кыздан актриса чыкпайт деп ойлоо күтүлгөн эле нерсе болчу. Бирок кыз колуна сценарий тийгенде өз каарманынын сөздөрүн так, эмоция кошуп окуп бергенде тартуучу топто ишеним пайда болгон.

АТЫН ТААНЫТКАН ТАСМАЛАР

Актрисалык кесипти улантуу үчүн Стамбулга көчүү керек болду. Измир... Туулуп-өскөн, дос-тааныш күткөн, үй-бүлөсү жанында болгон, негизгиси, көнүп калган жайынан кеткиси келбей койду кыздын. Анын үстүнө ата-энеси да анын бул кесипти аркалашына каршы эле. Курбусу бир күнү Измирдин тегерегинде эле кино тартылып жатканын айтып, чогуу барып келели дейт. Ага чейин экрандан чыгып калган сулууну көргөн киночулар ага дагы бир кичинекей роль сунушташат. Тагдырдын ага бир эмес, экинчи жолу мындай мүмкүнчүлүк тартуулап жатканы жөн жерден эмес деп түшүнгөн кыз олуттуу түрдө чечим кабыл алат да, актрисалык кесипти башкы планга чыгарат.

Жемре Байселди көпчүлүккө тааныткан 2017-жылы чыккан “Абдулхамиддин тактысына болгон укук” тарыхый сериалы болду. Андан кийин “Менин колумду коё бербе”, “Рамо”, “Тагдыр оюну” сериалдарында талантын көргөзө алды. Учурда Жемре Байсел башкы ролдогу “Сенден дагы сулуу” сериалы көрсөтүлүп жатат.

АЙТАЧ+ЖЕМРЕ

Сүрөтүн караңызчы, кандай сулуу кыз, ээ? Мындай сулуунун колун кармаганга мырзалар кезекке турса керек. Бирок алар кечигип калышты. 2021-жылы романтика, комедия жанрындагы “Тагдыр оюну” сериалын көрсөңүз керек. Анда Бора аттуу жигит менен Аданын махабат баянына күбө болгонбуз. Сериал бүткөндөн кийин Боранын ролун аткарган актёр Айтач Шашмаз менен Аданын ролундагы актриса Жемре Байсел кыз-жигит деген маалымат тарады. Көп өтпөй бул жаңылык тастыкталып, кино талаасынан жолугуп, таанышып-табышкан түгөйлөр мамилелерин ачыкка чыгарышкан. Ошондон бери Айтач менен Жемре жетелешип, бири-бирин колдоп келишет.

ЖЕМРЕ ӨЗҮ ТУУРАЛУУ...

  • “Азыр жашоомдун эң бактылуу, тынч стадиясында жашап жатам. Мындан жакшы же жаман болсун деп өзгөрткүм келбейт”.
  • “16 жашымдан киного аралаштым. Андан берки убакыт аралыгында миңдеген адамдар менен тааныштым, канчасы менен иштештим, тажрыйба топтодум, сабак алдым. Актрисалык мага өзүмдүн билбеген сапаттарымды, таланттарымды, мүмкүнчүлүктөрүмдү кабыл алганга, аны башкалар менен бөлүшкөнгө үйрөттү”.
  • “Кайсы бир убакта актрисалык потенциалым, энергиям түгөнсө керек. Ошондо мектепке же университетке кирип мугалим болгум келет. Сүрөтчүлүктөгү билбегенимди үйрөнүп, билгенимди башкаларга үйрөтөм дейм. Анан да режиссёрлукка кызыгуум бар. Балким, кийин камера алдында эмес, артында туруп калармын”.
  • “Кинодо жараткан каармандарымдын ичинен “Тагдыр оюнундагы” каарманым Адага аябай окшошмун. Энергиям ашып-ташып, дайыма жүргөн жеримди ызы-чууга, күлкүгө эле бөлөп жүрөм”.
  • “Бош убактымда үйдө тынч эс алып, уйкуну кандыра уктап, сүрөт тартып отурган жагат. Биздин иш графигибиз менен ушул жөнөкөй эле нерселер кыялга айланып калат. Көптөн бери толук кандуу уйкуга зар болуп жүрөм”.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан