Темир Дамирбеков, ырчы: “БУЛ УНААНЫ БИР ЫРЫМДЫН ПАЙДАСЫНА АЛДЫМ”

Ырчы Темир Дамирбеков “Рулдагы жылдыз” рубрикабызда конокто. Ырчы мырза кандай айдоочу экенине баам салып, темир тулпары менен чогуу таанышалы, окурман.

Үлгүсү – Lexus RX 330

Чыккан жылы – 2004-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 3300 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 240 чакырым

Баасы – 13 миң доллар

– Арыбаңыз, Темир мырза. Жакында “наам алдым” деп интернет желесине сүрөт жүктөп калдыңыз. Кененирээк билсек болобу?

– Жалпы окурмандар, саламатсыздарбы? Ал наамды алганыма 2 күн болду. “Кайрымдуулук иштерин жасап жүрөсүң, өсүп келе жаткан жаштарга кеп-кеңеш бересиң” деп Эл аралык насаатчы коомунун атынан “Насаатчы” деген наам алдым. Күтүлбөгөн жерден болгондуктан өтө кубандым, ата-энем кошо кубанды. Колума аларым менен кубанычымды катталуучуларым менен бөлүштүм.

– Кут болсун, сыйлыктарыңыз көп боло берсин. Анда биз унааңыз тууралуу сүйлөшөлү. Билишимче, бул унааны алганыңызга деле көп убакыт боло элек, ээ?

– Ооба, бул Лексусту алганыма 3 айдай болуп калды. Америкалык унаа, менин “красавицам”. Көз тийбесин, жолдо калтырбай, бир да өнөрүн көрсөтпөй жакшы кызмат кылып жатат. Мен муну жактырам, бул мени жактырат. Айтор, бири-бирибизди жактырып жүрөбүз. Бизге ата-энебиз эле каршы дебейминби (күлүп). Тамаша, албетте. Буга чейин Хонда Цивик айдачумун. Азыркы унаам менен узак жол жүргөн ыңгайлуу экен. Анткени биз Ысык-Көлгө, түштүк жергесине жакшылыктарга, концерттерге көп барабыз. Жол тандабас анча-мынча ашууларда, жайлоолорго барганда жакшы экен. Кудайга шүгүр, ушунун баары чыгармачылыктын арты менен болуп жатат. Жакшылыктарына чакырган элибизге рахмат. Тагыраагы, бул унааны “Ким сени мынча алдаган?” деген ырымдын арты менен алдым.

– Бул канчанчы унааңыз? Алгач рулга отургандагы сезимдерди эстебейлиби.

– Бул менин бешинчи унаам. Унаа айдаганды Акыл деген досум үйрөткөн. Мектепте окуп жүргөндө атасы жумушунан келип унаасын токтотору менен ал мени чакырат. Экөөбүз унаа менен тоо жакка чыгып кетебиз. Ошентип жүрүп үйрөнгөм, ал кезде 8-9-класста окучубуз. Сүлүктүдө чоңойдум да, шаардагы унаанын тыгынын көрүп алып бул жакта машина айдай албайм го деп ойлочумун. Бирок шаарда да айдаганды үйрөндүм. Алгачкы унаам Мазда болду. Ал кезде унаа алганга акчам жок эле. Чыгармачылыкка жаңы киришип, “Туулган жер” деген ырым жаңы чыккан кез. Унаа алышым керек болуп калды. Асан, Үсөн деген досторума барып “машина алышым керек болуп жатат” десем, “канча акчаң бар?” дешти. “Акчам жок” десем, “сен эмне бизди шылдыңдап жатасыңбы?” деп ишенишпейт. “Чын эле, акчам жок, бирок машина алууга ниет бар” дедим. “Бизде Мазда бар, ошону ал” дешти. Ошентип 20 миң сомдой акча берип, калганын 2-3 ай аралыгы кутулам деп алып алгам. Убада бергенден кечиктирбей акчасын кутулуп бүттүм. Ошол унаа ак жолтой болду. Негизи бир нерсени катуу кааласаң, акчаң жетпей жатса кийин төлөй тургандай кылып алсаң мотивация болот экен. Ошону төлөшүм керек деп ыңгыранбай жүгүрүп иштеп каласың.

– Мырзалар унаасын улам жаңыраагына, чоңураагына алмаштырууну каалайт эмеспи, сизде да ошондой ойлор барбы?

– Насип болсо, сөзсүз түрдө мындан чоңураагына алмаштыруу ниетим бар. Анткени чоң машина бир жагынан ыңгайлуу экен, чарчабайсың. Бул унаа менен эң алыс Казакстандын Чымкент шаарына жакшылыкка кыйналбай сонун барып келдим. Буюрса, 3,3 көлөмдү 4,7 же 5,7 көлөмгө алмаштырсак деген ойлор бар.

– Оңдогонду билесизби?

– Колумдан келгенин өзүм оңдоп коём. Лампочкалары иштебей калса алмаштырып коём. Компьютердик текшерүү болсо атайын алып барып жакшылап каратып, оңдотуп алам.

– Унааңызда дайыма эмне буюм жүрөт?

– Унаада ар дайым менин кийимдерим, сөзсүз түрдө парфюмдар, унаа дубасы, электрондук теспе жана китеп жүрөт. Бирөөнү күтүп отуруп калганда китеп окуп турам.

– Биздеги айдоочулардын маданиятына кандай баа бересиз? Өзүңүз кандай айдоочусуз?

– Көз тийбесин, 3-4 жыл мурункуга салыштырмалуу азыр айдоочулардын маданияты жакшырды. Азыр жол берип койгулачы деп белги берсең аябай тыгын болуп турса дагы айдоочулар сабыр кармап сени өткөрүп жиберишет. Байкашымча, пандемиядан бери “Тез жардам” кызматына жакшы жол бошотуп берип калдык. Эч нерсеге карабай, капталдан кирип-чыга калган коомдук транспорттор бар. Эми аларды дагы туура түшүнүш керек, билишимче, алар убактысына жараша жүрөт экен. Башка мамлекеттерде айдоочулук маданият, бири-бирине болгон сый-урмат өтө жогору. Буюрса, биз дагы ошолордун катарын толуктап мындан дагы өнүгөлү. Өзүм өтө сабырдуу айдоочумун. Алдымдагы унаа бурулуу белгисин күйгүзсө мен сөзсүз жол берем.

– Темир тулпар тандап жатканда түсүнө маани бересизби?

– Унаанын түсүнө такыр маани бербейм. Мазда жашыл, Хонда Стрим ак, Тойота Альтеза күмүш түстүү, Хонда Цивигим кара түстө болчу, айтор, айырмасы жок. Негизгиси машинага отурганда аурасы жакшы болсо болду. Эч нерсесин деле түшүнбөйм, отуруп музыкасын коюп көрүп, “аа, колонкасы жакшы экен, алалы” дейм. Анан эксперт дос балдарыбыз бар, алар барып эки жагын текшерип беришет.

– Унаа сатып алгысы келип, бирок акчасы жетпей жаткандарга кеңешиңиз?

– Эң башкысы, катуу ниет кылыш керек. Мен акчасы жок барып Мазда алып жатпаймынбы. Жогоруда айткандай, биринчи сатып алып, анан акчасын бөлүп төлөй турган мүмкүнчүлүктөр бар. Эң башкысы денибиз сак, алты саныбыз аман болсун. Жөө жүргөнгө эч нерсе жетпейт. Унаа жөн гана мүмкүнчүлүк, бизге кызмат кылуучу, бизди бир жерге жеткирүүчү каражат.

– Ар дайым жолуңуз шыдыр болсун! Маегиңизге рахмат!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан