ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 11-17-июлга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Түшүнүшүүгө, адамдар менен көз караштарды дал келтирүүгө аракет кыласыз. Олуттуу чечим кабыл алуу алдында турсаңыз акылыңызды эмес, жүрөгүңүздү угуңуз. Сүйүү, романтика темаларында баарлашуу үчүн жагымдуу учур. Сүйүктүүсү барлар түгөйү менен мамилеси жакшырып, өнүгүүгө жаңы дем алышат. Бойдоктор сүйүктүү адамын табышы мүмкүн. Балдарыңызды кубантып зоопаркка, циркке алып баруу сыяктуу эсте каларлык нерсе жасаңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үйдү жакшыртууга байланышкан материалдык маселелерди чечүүгө бел байлайсыз. Эгер үйдөгү шаймандарыңыз бузулуп жатса, аларды оңдоого, алмаштырууга убакыт келди. Үй-бүлөдөгү психологиялык климат жагымдуу болуп, көптөгөн үй жумуштарын чогуу аткарып, маселелериңизди тез чече аласыз. Туугандарга, жакындарыңызга белек сатып алууга ыңгайлуу учур. Ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер аптада достору, тааныштарын жаңы образда чыгып таң калтырышат. Айрыкча айымдардын жаңы чач жасалгасын, макияжын, чачынын түсүн жана кийинүү стилин жаңыртуусу идеалдуу болот. Мындан тышкары эгиздердин мүнөзү жумшак тартып, сабырдуу боло түшүшөт. Бул убакта үйдө же жумушта отурбаңыз, жашооңузду жандантып, иш-аракеттериңизди жылдырып жаңы нерсе ойлоп табууга аракет кылыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Эч нерсеге алаксыбай, бардык көйгөйлөрдү унутуп, эс алууга аракет кылыңыз. Анткени сиздин организм эс алууга абдан муктаж. Буга чейин таарынтып алган адам менен бул апта жарашууга аракет кылбай туруңуз. Досуңуздун же сүйлөшкөн кызыңыздын жүрүм-туруму тууралуу жагымсыз маалымат угуп калышыңыз мүмкүн. Бул мезгилде демиңизди ичке катыңыз, ашыкча эмоцияга алдырбаңыз. Ден соолугуңузга кам көрүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада арстандар жаңы тажрыйба алуу үчүн чөйрөнү түп-тамырынан өзгөртүүнү каалашат. Достук мамилеге көбүрөөк көңүл буруп, убакыт бөлүп башташат. Бойдоктор достук гана эмес, романтикалык мамилелерди түзүүдө да жолдуу болушат. Кесиптик иш үчүн олуттуу чечим кабыл алууга ылайыктуу эмес. Дем алыш күндөрү шаар сыртына чыгуудан баш тартканыңыз оң. Сергек жашоо образын түзүп, спорт менен машыксаңыз өзүңүздү жеңил сезип каласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Кандайдыр бир жашыруун иштерди чечүү үчүн жакшы убакыт. Буга чейин коомчулукка ачык чыгара албаган талуу маселеңизди ачыкташыңыз мүмкүн. Максатыңызга эч кимди аралаштырбай, эч кимдин көңүлүн бурбай акырын жеткениңиз оң, болбосо көрө албастар табылып бут тосушу мүмкүн. Узак сапарлар, саякаттоо үчүн ылайыктуу учур эмес, кийинкиге жылдыра туруңуз. Дем алыш күндөрү соода кылуудан жана ири каржылык чыгымдардан баш тартканыңыз оң.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жаңы тажрыйбага ээ болууну максат кылган таразаларды ийгилик коштойт. Алыс аймакта жашаган досторуңуздан чакыруу аласыз. Аптаны туристтик саякатта өткөрүүнү каалагандар чакыруудан баш тартпаганы жакшы. Бойдоктор виртуалдык таанышууда өтө берилбеши керек, реалдуу жашоодо ал адам көңүлүңүзгө төп келбей калышы мүмкүн. Үй жумуштарын кылып жатып курч буюмдарды кармоодон этият болуңуз, жаракат алып каласыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндардан жылдыздар тайманбас, максаттарына жетүү үчүн чечкиндүү аракеттерди күтүшөт. Үй-бүлөлүү чаяндардын өнөктөшүнүн ийгилигинен улам каржылык мүмкүнчүлүктөрү жогорулашы мүмкүн. Насыяга буюм сатып алууга ыңгайлуу учур. Ошондой эле аптада өнөктөштөрдүн жүрүм-турумун (үй-бүлөдө да, бизнесте да) жакшылап карап чыгышыңыз керек: алар сизден бир нерсени жашырып жаткан болушу ыктымал. Дем алышты балдарга арнаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көптөн бери кыялданып жүргөн тилектериңиз орундалат. Бул кубаныч кыймылсыз мүлк сатып алуу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүү жаачыларда түгөйү менен келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Бирөө жөнүндө сөз айтарда айта турган нерсеңиздин аныгын, тууралыгын билип алып анан айтканыңыз туура. Ден соолугуңузга өзгөчө көңүл буруңуз, жугуштуу оорулар күчөп жаткан убак.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада күчтү, энергияны, көп убакытты талап кылган тиричилик көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечесиз. Ири суммадагы карыз алуу жана берүүдө этият болуңуз. Арыктагысы, же тескерисинче, толгусу келген текечерлер аракетин ушул жума баштаса жыйынтыгы жакшы болот. Кесип тандоо алдында турган студенттер кесибинин көп маяналуулугуна эмес, пайдалуулугуна басым жасаганы туура.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Күндөрүңүз сүйүү жана гармонияга бай болот. Жаңы үйлөнгөндөр бал айын жылуу өлкөдө өткөрүшөт. Көптөгөн талаштуу маселелерди жеңил жана тынч чече аласыз. Өнөктөшүңүз сизге көп жагынан эпке келүүгө, сиздин пикириңизге кошулууга ыктайт. Бойдоктордо романтикалык мамиленин башталышына жол ачылат, жаңы таанышкан мырза же бийкеч көңүлүңүзгө төп келсе колдон чыгарбаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй-бүлөдөгү психологиялык атмосфера өзгөчө гармониялуу өнүгүп, шыктануунун булагы болот. Ата-энеси менен чогуу жашаган балыктарда каржы маселесинде талаш-тартыштар орун алышы мүмкүн. Сиз жумушка жарамдуу куракка келсеңиз деле ата-энеңизден материалдык колдоо күткөндү токтотушуңуз керек. Үй-бүлөлүк мүлктү мурастоого байланышкан маселелерди талкууга чыгарбай эле койгонуңуз оң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан