Эркайым Абдуллаева, актриса: “ТАЙМУРАСТЫН КҮЧТҮҮЛҮГҮН ЖАКТЫРАМ”

Эркайым Абдуллаеваны мурун модель, актриса, катары таанычубуз. Учурда УКМКнын төрагасы, саясатчы Камчыбек Ташиевдин келини, эки баланын апасы, блогер катары тааныйбыз. Маек актрисанын өзү жана турмушка чыккандан кийинки өзгөрүүлөр тууралуу болду.

– Саламатсызбы? Актриса, модель Эркайым турмуш куруп, эки баланын апасы болгондон кийин кандай өзгөрдү? Келиндик кызматты кандай аткаруудасыз?

– Саламатсыздарбы? Биз үйлөнгөндөн 4-5 күндөн кийин эле Жалал-Абад шаарында жашай баштадык. Ата-энебиз болсо Бишкекте турат. Ошол үчүн келиндик кызматты укмуш аткарып жибердим деп айта албайм (күлүп). Учурда Бишкекте ата-энебиз менен чогуу жашап жатабыз. Келиндик кызматты жакшы эле аткарып жатат окшойм. Кээ бир учурда кайын энем жардам берип, кеңештерин айтат.

– Бала тарбиялоо ишинде кыйналуу болдубу?

– Кааласак да, каалабасак да эне болгондон кийин жашоо башкача болуп калат. Мурун эле көп балалуу болсом деп кыялданчумун. Анткени биз эки эле бир тууганбыз. 10 балалуу болсом деп ойлочумун. Эки бала удаа төрөлгөндө бир аз кыйынчылык болот экен, азыр жардамчы сиңдим бар, жолдошум Таймурас дагы жардам берип колдоп турат. Ата-энемдин 11 жыл күтүп көргөн баласымын. Ошондуктан алар менин турмушка эрте чыгышымды каалашкан. Неберелүү болгондо абдан кубанышты.

– Бала тарбиясында кандайдыр бир эрежеңиз барбы?

– Мурункуга караганда азыр балдарды эркин тарбиялап калбадыкпы, мейли, сындырсын, чийсин деп коймой биздин үйдө да бар. Бирок “плохой полицейский” менмин. Жолдошум балдарына көбүрөөк болушат.

– Адатта жаңы бүлөгө көнө албай кыздар депрессияга түшөт дешет, сизде кандай болду?

– Мен депрессияга бат-баттан түшүп турам (күлүп). Аны да жашырып койбой, Инстаграм баракчама чыгып айтып салмайым бар. Депрессияга көп кабылганымдын себеби – биз Жалал-Абад шаарында тургандыктан ал жакта жакындарым, досторум жок. Өзүмдү жалгыз калгандай сезе берчүмүн. Же төрөттөн кийинки депрессиябы билбейм.

– Актриса, модель болуп жүрүп үйдө отуруп калган кыйын болдубу?

– Мен турмушка чыкканга чейин эле максаттарымды ишке ашырып, каалаган нерселеримди жасап тынчтанып калгам. Андыктан андай деле эл көзүндө болгум келген сезим болгон жок. Азыр деле андай сезим жок. Кээде съёмкаларды сагынып калам, бирок эки балам менен жетишпей каларымды билген үчүн чыгармачылыкты токтотуп туралы деген чечимге келдик.

– Турмушка чыккандан кийин бир топ убакыт Инстаграм баракчаңызга да чыкпай калдыңыз? Жолдошуңуз каршы болдубу?

– Жок, тескерисинче жолдошум мага мотивация берип, колдоп турат. Өзүм эле бир аз жалкоолонуп кеттим окшойт. Азыр жаштар сонун болуп чыгып жатышпайбы, мен өзүмдү бир аз карып калгандай сезем (күлүп). Эне болгондон кийин өзүмдү чоң сезип калдым.

– Жолдошуңуз менен канча убакыт кыз-жигит болуп жүрдүңүз?

– Аз эле убакыт. Биз таанышкандан кийин экинчи жолугушууда эле үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген. Мен “коркпойсуңбу?” десем “эмнеден корком, сен тууралуу маалыматтын баарын билем, корко турган эч нерсе жок” деди. Үч ай сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк, Таймурастын өжөрлүгү, бир сөздүүлүгү, кылам дегенин кылган мүнөзү жагат, ошол сапаттарына байланып калдым. Азыр андай жигиттер аз да. Менин мүнөзүм дагы күчтүү, андыктан мага менден күчтүү адам керек болчу. Ошентип турмушка чыккам. Турмушка чыккандан кийинки Эркайым менен мурунку Эркайымды салыштырып калам, азыр өтө токтоомун. Мурун элге тез аралашчумун, азыр антпей калдым. Көп сүйлөбөй, үйдөн деле чыккым келбей калды.

– Турмушка чыккандан кийин кайсы бир маселе боюнча апаңызга даттанган учур болдубу?

– Жок, мен дайым өз маселемди өзүм чечкенге аракет кылам. Анын үстүнө көп деле уруш-талаш болгон жок. Апамдарды бир нерселерди айтып кыжаалат кылбайм, азыркыга чейин көп тынчын ала бергим келбейт. Кыргызда “чыккан кыз чийден тышкары” деп коюшат эмеспи. Төрт жылдан бери карап көрсөм анча-мынча чыр-чатак чыгышына өзүм эле себепчи окшойм, анткени жолдошум токтоо, көп сүйлөбөйт, урушканды жаман көрөт, мен эле жинине тийип турам (күлүп).

– Тасмаларга тартылууга азыр деле сунуштар түшөбү?

– Тарыхый тасмага тартылып бер деген сунуш түштү, жолдошум макул болбоду. Анткени Ысык-Көлдө үч ай тартылат экен, балдар кыйналып калат деген ойдон улам баш тарттык. Кийин деле актрисалыкты, моделдикти аркалайм деген ойлор жок. Негизи актрисалыкка деле кокусунан келип калгам, сынактарга кызыгып калып эле ошол жаатта иштеп калдым. Балдар чоңойсо башка кесипти аркалайм деген оюм бар.

– Белгилүү инсан Камчыбек Ташиевдин келини болгонуңуздан кийин коомчулук алдында эркиндигиңиз чектелеби?

– Ооба, кээде үйдөн чыгып таштанды төгүп келгенче карап турган көздөр бар. Пиццага буюртма берсек, аны да сөз кылып жибергендер бар, “өзү жасабайбы?” дешет. Бирок мен мурун деле буюртма аркылуу кайсы бир нерселерди алдырчумун. “Жасанып эле жүрөт, үйүндө иш кылбайт” деп көрүп тургансып айта беришет. Биз үйдө бардык жумушту өзүбүз жасайбыз, эч кандай үй кызматчы жок. Бизде аял аялдын ишин, күйөө күйөөнүн ишин кылат. Коом тараптан, албетте, чектөөлөр бар, бирок үй-бүлө тараптан чектөөлөр жок. Кайын энем билбеген нерселерди үйрөтүп, акылын айтып турат, жолдошум да колдойт.

– Маегиңизге рахмат, балдарыңыз бактылуу жашоодо чоңойсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан