Даниелдин эжеси Жамиля: «МЕНИ ДАНИЕЛДИН ЖАН САКЧЫСЫ ДЕП КОЮШЧУ»

Бир тууган

Бир тууган... Бул ысык толкундун артында канча сезимдер, балалыктын күндөрү, анан сөз менен айтып жеткире алгыс жакындык бар. Бүгүн рубрикабыздын коногу – Даниелдин бир тууган эжеси Жамиля.

БИР ТУУГАН БЕГАЛИЕВДЕР

  • Бегалиева Жамиля, 22 жашта, юридикалык факультетте окуйт.
  • Бегалиев Даниель, 20 жашта, ырчы.

«КИРПИЧ МЕНЕН БАШКА ЧААП...»
– Үй-бүлөдө эки эле бир тууганбыз. Даниель менден эки жашка кичүү. Кичине кезинде ал аябай шок болчу. Бала бакчага барганда аны кичүү экенине карабай, менин группама киргизип коюшкан. Апамдар “инисин карап жүрсүн” деди болуш керек. Ошол күндөн тартып менде бөбөгүмдү карашым керек экен деген ой пайда болду окшойт, анын жан сакчысына айландым. Иниме чоң балдар кичине эле катылып койсо, жанына жетип барып сазайын берип койчумун. Ошонума карап бакчадагылар мени “Даниелдин жан сакчысы” деп коюшар эле.
Конокко кеткенде ата-энем Даниелди мага табыштап кетишчү. Экөөбүз жакшынакай ойноп жатып эле чырдашып кетчүбүз. Эсимде, бир жолу экөөбүз бир нерсени талашып кеттик. Мен чоңдугума салып сабап койдум. Уруп коюп сыртка чыгып баратсам, ыза болгон ал короодо жаткан кирпичти ала коюп мени башка чапса болобу! Кыш мезгили болгондуктан, калың топу кийип жүргөн элем. Ошондуктан анча ооруган жок болуш керек. Күлүп, андан ары качып кетсем, ызаланганын сурабаңыз.
Каникулда таенемдикине барып эс алар элек. Таякемдин да балдары болгондуктан, баарыбыз чогулуп концерт койчубуз. Ар дайым Даниель алып баруучулук милдетин аткарып, мен анын жардамчысы болчумун. Ал “Ералаштагы” күлкүлүү жоруктарды туурап, ким кандай көйнөк кийип чыгарын, ким ырдаарын, баарын өзү уюштурчу.

«ЧОҢОЙГОНДО ДОСКО АЙЛАНДЫК»
– Кичине кезибизде Даниель менин иничегим гана болчу. Чоңойгон сайын ал аганын, ининин, достун да милдетин аткарып калды. Кээде акыл айткан чоң атага да айланып кетет дебейимби. “Абайла, өзүң билесиң, азыр заман башка” деген сыяктуу сөздөрдү айтса, бир чети ыраазы болуп, бир чети күлкүм келет. Адатта чоңойгон сайын бир туугандар алыстай баштайт го. А биз, тескерисинче, өтө жакын болуп кеттик. Экөөбүздүн ортобузда сыр таптакыр жок. Мен эч кимге айтпаган сырларымды иниме айтып берем. Ал мага айтат...
Аны биринчи жолу телевизордон көргөндө толкунданганымды сөз менен жеткире албайм. Көзүмдү албай тиктеп отурдум да “менин бир тууганым! Кечээ эле өзүм ээрчитип жүргөн иничегим...” деген бир сыймыктануу, ары таң калуу сезими пайда болду. Азыр деле сахнадан же телевизордон көргөндө жүрөгүм бир башкача дүкүлдөп кетет.
Даниель азыр Бишкекте, а мен ата-энем менен Ошто жашайм. Кээде мен апам менен таарынышып кеткенде телефон шыңгырайт. Иним дароо чалып, мени тамашалап күлдүргөнгө аракет кылат. Же “болбогон нерсеге эле капа боло бересиң, эй, жакында барам” деп сооротот. Мына ушундай күйүмдүү, боорукер иничегим бар.
Эне уул баласын өзгөчө жакшы көрөт эмеспи. Апам уулун жакшы көрөт. Кээде апамдан “уулуңузду өтө жакшы көрөсүз, ээ?” десем, “сен чоңсуң да, ал кичүү балам эмеспи” деп кутулат. Мен ага кызганыч деле кылбайм. Анткени мен атамдын кызымын.

«БЕЛЕКТЕР»
– Даниель мага көп эле белек берет. Эсимде калганы 8-Мартка карата апам экөөбүзгө өз колу менен открытка жасап берген эле. Ортосундагы гүлдү колу менен жасап, майрамыбыз менен куттуктаган.
Бишкектен келе жатканда биз жакшы көргөн тамагын жасап күтүп алабыз. Келгенинен дайыма кетмейи бат. Аябай сагынып, бук болуп кеткенде инимдин клиптерин, сүрөттөрүн карап, ырларын угуп кадимкидей сагынычым тарайт.

Нуржамал Жидебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Akjol
2010-12-24 20:47:00
Ырчыга ийгилик каалайм!
0
honey
2010-12-25 15:29:18
Эжесине караганда Даниель жакшынакай экен. Ийгилик сага Даниель!
0
Tokmok
2010-12-25 15:31:45
Aman bolgula!!!
0
jua
2010-12-26 01:47:40
Бир туугандар бар болгула.
0
jamalenok
2010-12-26 22:17:00
Бегалиев Даниель эмес эле Бегалиев Дамир го!!! Оз атын жашырбай эле чындыкты айтса болмок!
0
japarova
2010-12-27 13:07:21
baari jakwi,4inigi tuugandar kirgizdardan 4igat..!
birok ,,barar elem,anan kalar elem degen sozdor kirgiz tilinde jok..elder kirgiz4a suylogondu uyrongulo4uu..ozbekterdin fanati bolup juroberbey..,,bar4umun,kel4umun ,,dep jaziw kiyin bolup kaldibi.?
0
Prettykggirl
2010-12-27 17:38:30
Damir Daniw, kakaya raznisaaaa!!! azamatsin Dani )) Igilik saga:) . p.s. Dani Lover))
0
Wonderfullgirl
2010-12-27 19:00:38
Мен биринчи Дамир деп тааныганмын ,кийин эле Даниель болуп кеттиго , эми кантсе да, Дамирби ,Даниельби ийигилик .
0
malish
2010-12-27 22:08:08
аман болгула
0
shishka
2011-01-21 15:25:44
japarova sen emne tilchi bolup,eldin forumchulardyn katasyn tekshergenge kirdin bele.kai jerdi karaba tuura jaschy dep,je ozungduku tuura emes ujat bolup jurosung.
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан