Таланты, бетке чабар мүнөзү, курч тили менен өзгөчөлөнүп турган музыкант Курмангазы Азыкбаев бизде конокто. Кыргыздын түпкүлүгү, белгилүү музыкалык окуу жайлардын абалы, кызы үчүн сыймыктанганы жана башка темада каарманым кызыктуу маек куруп берди.
– Курмангазы агай, саламатсызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Саламатсыңар, негизи мен оорубайм, ден соолук жакшы.
– Телефондон байланышсам күйүп-бышып бир маселенин четин чыгардыңыз эле, ошол боюнча суроо салайын деп турам...
– Биздин чөйрөдө карап туруп жаның күйүп кеткен окуялар болууда. Өзүңөр билесиңер, мен дайыма бетке айтам. Акыйкатты айтпасак, анда биз эмнеге төрөлдүк? Мисалы, бизде көзгө басар үч музыкалык окуу жай бар. Коррупцияга малынып калган. Балдарга эң жогорку музыкалык билимди бере турган жерде директор креслосун гана ойлойт. Мукаш Абдраев атындагы мектепти айтып жатам. Окуу жайда таракандай болуп тууган-туушкандары быжырап кеткен. Ашканасынан тарта пол жуугучуна чейин директордун туугандары. Андай адамдардын чыгармачылыгы өчүп, чиновник болуп калат экен. Маданияттын туу чокусундагы адам кыргыздын канча музыкалык аспабы бар экенин, алардын маани-маңызын, “Манас” дүйнөсүн изилдеп, ошого баш оту менен кирип чулганып алышы керек эле. Ал жерде турган адам креслого тырмышкандан бийик болушу зарыл. Анысы аз келгенсип, наам десе чуркап барат, өзүн бир карап туруп ошого чак, бап келеби, ойлоп койбойт. Мисалы, бир төш белги тагынсаң, кыргызга өмүр бою карызсың. Креслону мыкчый бербей ошол карызды ойлонуш керек да.
– Нааразычылыкты ачык айтып чыгышыңызга эмне түрткү болду?
– Себеби маданият тармагы реформаланышы керек. Ата-энелер мага “сиз үч революцияда тең жүрдүңүз, революцияга да, эволюцияга да жакынсыз, болгон маселени бетке айтасыз” деп кайрылышты. Мен бетке айтып көнүп калгам. Азыр эле эмес, элибиз эгемендикти алгандан бери эле чындыкты чыркырата бетке айтам. “Токтоткула, кадр маселесин жакшы карап чыккыла” дейм.
– Ошол өзүңүз айтып жаткан окуу жайлардын бирине сизди жетекчи кылып дайындап калса...
– Мен жогору жакка “неудобный” адаммын. Ошончолук иш жасап берем, алардын сырларын да ачып салам. Менден өрттөн корккондой коркушат. Чыңгыз Айтматов бир жолу мага “балам, сен өжөр экенсиң, душманың көп болот” деген эле. Азыркыга чейин душманым көп. Аркамдан айтышат. Бетиме айтып эч ким мени менен тең тайлаша албайт.
– Коррупциядан кантип кутулмаксыз деп сурайын дегем?
– Түп тамырынан бери кыркып, эволюция жасамакмын. Сөз менен эмес, иш менен далилдемекмин. Ошол үчүн коркпой-үркпөй айтып жатам.
– Сиз сындап жаткан адамдар менен өнөр жаатында күч сынашып көрдүңүз беле?
– Аспаптарымды алып чыкканда эле жүрөктөрү түшүп калат жанагы “чиновник композиторлордун”. Мага тең тайлашыш үчүн алар өлүп кайра төрөлүшү керек. Комузу болобу, кыл кыягы болобу, чоор, чопо чоор, чогоно чоор, сыбызгы, сурнай-керней, аса-таяк, добулбас, най, чуулдак, жетиген, булардын баарын чертмек тургай, ошолор бар экенин, кантип жаралганын, кандай учурда колдонорун билишпейт. 150 мамлекетке барып кыргыздын желегин желбиретип келдим, кайсы чиновник ушунча өлкөгө барыптыр? Мен аспапта ойноп жатканда башка элдин өкүлдөрү таазим кылып “сенин ата-бабаң аска-зоону мекендеген эл тура” деген убактар болду. Баамчылдар дароо билет ата-тегиңди.
– Кеп өңүтүн бурсак. Кыргыздар тууралуу изилдеп келе жатасыз, эмне жаңылык таптыңыз?
– Кыргыз ак сөөк эл. Азыр кытай китептеринде кыргыз тууралуу тарыхый маалыматтар чыгып жатат. Түрк тилдүүбүз деп келебиз, андай эмес. Кыргыздын тили биринчи жаралган. Кыргыз деген кыраакы эл. Кол жаңсоосунан, көзүнөн, сөзүнөн эле ал адам кандай экенин билип койгон. Азыркы нумерология, хиромантия, Айды карап, Күндү карап билген нерсени кыргыздар эбак эле билген. Жаргылчак, укуруктун, ар бир буюмдун философиясы бар. Генибизде илимпоздук бар.
– Сиз айткандай болсо, анда эмне үчүн улуу эл чоң нерсе жасай албай жатат?
– Ошол үчүн сен экөөбүз маектешип жатабыз. Түпкүлүктү билиш керек, кандай элдин тукуму экенин кыргыз билиши керек. Ошондо гана эл ойгонуп чоң нерсе жасайт.
– Руханий жолго канча жашыңыздан түшүп баштадыңыз?
– 50 жашымдан тарта түшүп баштадым. Ага чейин эле иликтеп-жиликтеп жүрчүмүн. Кийин анализдеп “аа, мен туура эмес жолдо жүрүптүрмүн” деп руханий жолго түшкөм.
– Жубайыңыз да “Манас” эпосун изилдеп жүрөт, билишимче...
– Генетика деген укмуш экен, жубайым Жапай уулу Тыныбек деген манасчынын небереси болот. Мен китепти жай окуйм, бирок аябай анализдейм. Жубайым калың китепти бир нече саатта окуп бүтүп коёт. Бардыгы автоматтык түрдө эсинде калат. Үч тонна китеби бар. Мисалы, Бишкектен даарат алып чыгып алып 7-8 сааттык жолго чыксак "Манас" айтып кете берет. Мен рулда болом, ал тынбай айтат. Айткандарын диктофонго жазып туруп, аны кайра угуп чечмелейт. Чечмелеп туруп ошол ишти аткарат. Ал чоң жүк. Аны түшүнбөгөндөр ар нерсени айта беришет.
– Балдарыңыздын баары сиздин жолуңузду улады окшойт...
– Ооба, бирок кошумча да кесиптери бар. Улуу балам 22 музыкалык аспапта ойнойт, музыкант. Кызым Нурайымды тааныбаган кыргыз жок. Азыр психология, философияны окуп жатат. Нурсултан бизнес кылат, ырдап да жүрөт, кичүүм Бексултан программист, англис, кытай тилинде жакшы сүйлөйт.
– Балдарыңыз менен абдан сыймыктанган окуялардан айтып берсеңиз...
– Кызым Нурайымдын ырдаганын угуп Түркмөнстандын президенти баа берди. Дароо Түркмөнстандын Эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарды, Аваза деген шаарына чакырып коноктоду. Барсак, бизди кыргыз кийимдери менен түркмөн кыздар тосуп алышты. Сыймыктанганымдан эмне кыларымды билбей калгам. Кыргыздар бере электе кызыма наамды башка улут берди. Анан айла жок “башка улут берип жатат, кой эми биз деле берип коёлу” деп кыйылып жатып кыргыздар наамды араң беришти Нурайымга. Эмнесин көрө албайт десең...
– Куюлуштуруп сүйлөйт экенсиз, элге жакшы маанайда каалоо-тилек айтып маекти аяктайлы...
– Негизи, күндү ыраазычылык менен баштаган жакшы. “Жарыкты көргөнүмө ыраазымын, ырыскы бергениңе ыраазымын, кубандырган күндөрүңө ыраазымын, кут белегиңе ыраазымын. Жагымдуу нурларың көп болсун, тууралыкты кабыл алайын, өзгөрүп өсөйүн, тамырым бекем болсун, талпынган канатым бекем болсун” деген ыраазычылык адамдын жүрөгүндө дайым болушу керек. Анан бата-тилек деген ыйык нерсе бар, ошону айтып коштошоюн.
Жарыкты жандандырам деген жадыраган келиндер болсун. Улуу нуктун башатында турган улуулар болсун. Сулулуукту сузуп ала турган кыздар болсун, сүйүүгө толгон балдар көп болсун, мээримге толгон үй болсун, урпакка жаккан сөз болсун!
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева