ЫСЫК-КӨЛ: ЭС АЛДЫҢБЫ, ТАШТАНДЫҢДЫ АЛА КЕТ!

Жай мезгилинде Ысык-Көлдөгү тазалык, экология, туристтердин эс алуу маданияты көңүлдү буруп келет. Жакында интернет желесине Ысык-Көлдүн жээгинде самындап палас жууп жаткан жубайлардын видеосу тарады. Көп өтпөй Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде массалык мушташ орун алды. Мушташ көл жээкте заара ушатып жаткан адамдын айынан чыкты деген маалымат да чыкты. Буга чейин айрым пансионаттардын канализациясы түптүз Ысык-Көлгө куйган фактылардын бети ачылган. Кымбат баалуу жол тандабасын көлдү кечип токтотуп алып жууган көпкөндөр дагы болгон. Көл жээгине дасторкон жайып жеп-ичип, кумдуу жээк желим бөтөлкө, полиэтилен баштыкка толуп калган көрүнүш жаңылык деле эмес. Айтор, Кыргыздын сыймыгы болгон Ысык-Көлдү таза кармоо, кам көрүү чакырыктары улам-улам айтылып келе жатканы менен, абал жакшырып кеткени байкалбайт. Бул санда Кыргыз туризминин чордону делген Ысык-Көлдүн тазалыгына токтолууну чечтик.

Акжолтой Тукунов, “Ысык-Көлдү булгабайлы” акциясынын уюштуруучусу: “Эс алуу маданияты өнүкпөй жатат”

– Биз “Ысык-Көлдү булгабайлы” акциясын жылына эки жолу уюштуруп турабыз. Күзүндө жана жайында. Быйыл 2-июль күнү акциянын алкагында көлдүн жээгин тазалап келдик. Эс алуучулардан калган таштандыларды тазаладык, улуу сөздө уят жок, заңдын калдыктарынан бери жатат. Желим бөтөлкө, айнек бөтөлкө, ыштан-дамбал, ич кийим, бут кийимден бери таштап кеткендер болуп жатат. Айтор, бизде эс алуу маданияты бизде өнүкпөй жатканы чын. Илгери ата-бабаларыбыз көлгө заара ушатмак тургай, булганбасын деп бети-колун жуугандан айбыкчу экен. Масштабдуу түрдө алсак, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын таштанды полигондору көл жээкке жакын жайгашкан. Аларды обочороок жылдырып же таштандыны кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу керек. Эртең эс алуучулардын саны 2 миллионго жетсе, Ысык-Көлдүн экологиясы анча адамдын калдыгын көтөрө албайт. Адамдардын сууда заара ушатып, жээкке жакын жерлерде заң калдыгын калтырганынын бир себеби – айрым пансионаттарда ажаткана алыс жайгашкан. Пансионаттар сервисти жакшыртышсын, ажатканалар жээкке жакыныраак жерлерде болушу зарыл. Быйыл Көлдүн суусу 30 метрге чейин тартылып кетти, анткени багбанчылар көбөйдү. Алма, алмурут, өрүк өстүргөн багбандар Көлгө куя турган сууларды буруп кетишүүдө. Багбандар бактарын тамчылатма сугаруу ыкмасына өткөрсө жакшы болмок. Биз 2016-жылы водолаздар менен көлдүн түбүн да тазалап чыкканбыз, суунун астынан да желим бөтөлкө, айнек бөтөлкө, тор, желим баштыктарды алып чыкканбыз. Эс алуучулар жеке гигиенасын сактап өзүнүн калдыктарын көлгө таштабаса дейт элем. Дүйнө элине мактанчу бир эле көлүбүз бар. Ошону көздүн карегиндей сактообуз зарыл!

Руслан Термеев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көлдөгү башкармалыгынын жетекчиси: “Саркынды сууларды тазалоочу, таштандыны кайра иштетүүчү жабдыктар алып келинди”

– Ысык-Көл облусунун негизги экологиялык көйгөйлөрүнүн бири – таштандыны жана саркынды сууларды кайра иштетүүчү жайлардын начардыгы болчу. Буюрса, бул маселелер чечилип келе жатат. Бостериде таштандыны сорттоочу, Саруу айылында таштандыны кайра иштетүүчү жай ачылды. Ал жакта катуу темир-тезектен башка бардык желим баштык, бөтөлкөлөр кайра иштелип чыгат. Ал эми Бостеридеги таштанды сорттоочу жай болсо таштандыны сорттоп, анан заводдорго өткөрүп берет. Ысык-Көлдө 3 чоң шаар бар: Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата – бул үчөөндө тең саркынды сууларды тазалоочу жайлар эски, Союз убагындагы жабдыктар менен жабдылган эле. Быйыл өнөктөштөрдүн жардамы менен саркынды сууларды тазалоочу жайлар реконструкциядан өтүп, жаңы заманбап жабдыктарды чет өлкөдөн алдыртып жатабыз. Ошондой эле быйыл туристтик мезгил ачыларга жакын 150 ыктыярчы менен биздин министрликтин өкүлдөрү Каркыра жайлоосуна барып таштанды тазалап келишти. Ысык-Көлгө эс алуучулар гана таштанды таштап кетип жатат дегенден алыс болушубуз керек. Акыркы 5 жылда адамдардын жаратылышка болгон аң-сезими бир топ өстү. Сиз, биз элди табият менен таттуу мамиледе болууга, жаратылышты сүйүп, таштанды таштабоого, тазалыкка үндөп, элди агартууга салым кошсок коом акырындан бизди ээрчийт.

Максат Сабиров, экс-депутат: “Курулуштар көл жээгинен 300 метр алыс болсун дегенбиз”

– Ысык-Көлдүн экологиялык абалы кооптонууну жаратат. Таштандылар боюнча маселе да оор бойдон калууда. Эс алуучулардан калган таштандылар жээкке жайылып, күзүндө шамал менен суунун ичине кирет. Ошондуктан биз саркынды суулар көлгө агып кирбесин деп, көл жээгиндеги курулуштар жээктен 300 метр алыс жерге курулсун деген мыйзам чыгарганбыз. Экологиялык көйгөйлөр туристтердин келүүсүнө терс таасирин тийгизбесе болду. Бул жерде маселе эс алуучуларда же жергиликтүү элде гана эмес. Ошол жерди иштеткен пансионат ээлери да экологиянын бузулушуна шарт түзүүдө. Жыл сайын эле текшерип “баланча пансионат жабылды” дешет, бирок кайра аларды барып текшерип жатышабы, балким, алар кемчиликтерин оңдобой эле пансионатын иштетип жатат. Туристтердин саны көбөйгөн сайын таштанды көбөйөт, суу кирдейт, айтор, Көлүбүзгө болгон мындай мамиле менен аны баткак, сазга айлантып алыш бат эле.

Чынар Капарова, коомдук ишмер: “Кагаз көтөрүп камыш аралап кеткендерди өз көзүм менен көрдүм”

– Бизде, Ысык-Көлдө сервис абдан начар, кымбат пансионаттардын бир аз да болсо тегерек-чети тосулуп тазалык сакталып, жээкте ажатканалары болот.Бирок мен арзан пансионаттарга конок болуп баргам, барсам жээкте ажаткана жок экен. Эл анан каякка барат, айла жок көлгө барышат да. Кагаз көтөрүп камыш аралап муктаждыгын бүтүргөнү кеткендерди өз көзүм менен көрдүм.Бизде эс алуу маданияты да жок, бир жылы санаторийге дарыланып, эс алганы барганбыз. Ал санаторий тегерегиндеги жерлерди ижарага берет экен. Ден соолугуңду чыңдаганы барган жерде таң аткыча дүңкүлдөп музыканын үнү уктатпайт экен. Тескерисинче, нерв болот экенсиң. Барып айтсам жергиликтүүлөр “жакпаса, бул жактан кете бер” дешти. Санаторийдин жетекчисине да кайрылдым, тыянак чыккан жок. Ошентип ал жакка экинчи баргыс болгом. Жээктеги тосмолорду алдыртып салышты, ал да туура эмес, эс алуучунун коопсуздугу каралышы керек болчу. Биз го кыргыздар “кой, бул жергиликтүүлөргө теңелбейли” деп кетип калабыз. Ал эми чет өлкөдөн келген турист аны түшүнбөйт да. Кыргыздар накта жапайы, караңгы эл экен деп кетет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан