– Базарда эттин баасы асмандын башы. Качан кымбаттайт билесизби? Качан сиз жашаган аймакта аялдардын эти арзандай баштаса, жоон санын ачык эле көрсөтүп басып калса... Аны тыйган, уяткарган аталардын жоктугунун себебинен аялдардын эти арзандады, ушул себептүү базардагы койдун эти кымбаттады,- дейт Доолов.
Анын “аялдын эти” деген сөзү коомчулукта талкуу жана нааразычылык жаратты. Аялдын көйнөгү менен базардагы эттин баасынын кандай байланышы бар экенин билбей жооп издегендер да көп.
6-июлда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Дооловдун билдирүүсү текшерилерин маалымдады. “Садыбакас Доолов ал сөздөрдү кандай максатта айтканын такташ үчүн териштирүү жүргүзүлөт” дешти муфтияттан.
Садыбакас Доолов анын айткан сөздөрү айрымдар тарабынан атайын бурмаланып жатканын билдирди.