Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, мас абалында унаа башкарып жол эрежесин бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, иштеп жаткан мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп жазылган.
Демилгечи айдоочу мас абалында кармалса, ага 50-80 миң сом айып салууну сунуштады. Азыркы тапта айып пул 17 500 сомду түзөт. Ал эми медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тарткандыгы үчүн, ошондой эле унааны мас адамга башкарууга бергендиги үчүн да 17 500 сом айып каралууда.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Кыргызстанда жол кырсыктарынын эң негизги себеби – мас абалында унаа башкаруу болуп жатканы белгиленет. Экинчи орунда жогорку ылдамдыкта айдоо турса, кийинки орунда айдоочулук күбөлүктү сатып алуу, айдоо тажрыйбасынын жоктугу турат.
2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон. Мунун ичинен 93ү балдар.