Чолпон Даниярова, саякатчы: “САЯКАТКА АКЧА ТОПТОШ ҮЧҮН ТОЙ-АШТАН БАШ ТАРТТЫК”

Бул жолку каарманым – 55 жаштагы саякатчы Чолпон Даниярова. Карыдым деп отуруп калбай, экстремалдык спорттун бир канча түрүн үйрөнүп, машыгып келет. Жолдошу экөө жайында Ысык-Көлдүн жээгинде автоүйдө жашаса, кышында жылуу өлкөлөргө “учуп” кетишет. Той-аш, эл эмне дейт деген нерселер менен иштери жок. Өзгөчө жашоо образы бар замандашым менен кызыктуу, мотивациялык маек болду.

“БАЛДАРЫБЫЗ ЧОҢОЮШТУ, ЭМИ ӨЗҮБҮЗ ҮЧҮН ЖАШАЙЛЫ ДЕДИК”

– Мен Кыргызстанда төрөлгөм. ЖОЖду Москвадан бүтүрдүм, иштедим, турмушка чыктым, балалуу болдук... Баары элдикиндей эле. Бирок жолдошум экөөбүз дайыма саякаттоону кыялданчубуз. Ошондуктан ашыкча буюм албай, акчабызды саякатка чогултчубуз. Азыр балдарыбыз үй-жайлуу. Жолдошум экөөбүз өзүбүз үчүн жашайлы деп чечтик. Мен лыжа тепкенди, сууда сүзгөндү жакшы көрөм. Учурда кайтинг менен машыгып жатам. Жайында биз Ысык-Көлдө автоүйдө жашайбыз. Кайт, САП тебебиз. Башка адамдарга да үйрөтөбүз. Кышында болсо жылуу өлкөлөргө кетип калабыз.

“ЭКСТРЕМАЛДЫК СПОРТТУН ТҮРЛӨРҮ МЕНЕН МАШЫКТЫМ”

– Мурда парапланда учуп, виндсёрфинг, сноуборд жана лыжа тепчүбүз. Азыр баарынан да дайвингди, снорклингди жана кайтингди жакшы көрөм. Кайтинг жана САП тебүү – бул хобби жана жумушубуз. Өзүм үчүн бул спорттун түрлөрүн экстремалдык деп атай аламбы, билбейм. Экстремалдык деген жашоо үчүн коркунуч туудурган деген мааниде да. Бирок мен аларды жашоо үчүн коркунучтуу деп эсептебейм. Спорттун бардык түрү даярдыксыз адамга коркунучтуу.

“ТОЙЛОРДУ ЖӨНӨКӨЙЛӨТСӨК ЖАКШЫ БОЛМОК”

– Биздин эл той-аштарга көп акча кетиришет. Андыктан эс алууга акча калбай калат. Бир канча тойго барбай коюу менен саякатка акча үнөмдөп калса болот. Мен салт-санааны унутуп калыш керек дебейм. Жөн гана тойлорду жөнөкөйүрөөк, кредит албай, ресторанда эмес, үйдө же жаратылыш коюнунда өткөрсө болот. Биз балдарыбыз үй-бүлө курганда тойдун ордуна саякат белек кылганбыз.

“ҮЙЛҮҮ БОЛУШ ҮЧҮН КРЕДИТ АЛГЫБЫЗ КЕЛБЕЙТ”

"Автоүйлүү болуу – менин кыялым” деп көптөр жазышат мага. Саякат каражаты катары автоүйүңдүн болгону жакшы. Бирок жыл бою анда жашоо оор. Бул үйдүн артыкчылыгы саякаттоону жеңилдеткенинде. Айдап барып каалаган жериңе коюп алып жашай бересиң, болгон буюм-тайымдарың жаныңда болот. Бирок канчалык ыңгайлуу болсо да, бул үй кичинекей. Ошондуктан жалгыз калганга, жеке мейкиндигиңди түзүп алганга мүмкүнчүлүк жок. Бардык үйлөрдөй эле бул үй дагы техникалык тейлөөнү талап кылат. Менин жолдошум көп нерсени өзү жасап коёт. Мындай үйдөн бир нерселер бузулса бизде усталар оңдой алышпайт. Кир жуучу машина жок. Кээде Бишкекте өзүбүздүн батирибиз болушун каалайбыз. Бирок азырынча бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Үй сатып алуу үчүн банктан кредит алгыбыз келбейт.

“25 ӨЛКӨДӨ БОЛДУК”

– Саякатташ үчүн биз кандай өлкөлөрдү тандайбыз? Чөнтөккө көп күч келтирбеген болушу керек. Биз барган жерибизде батирди бир айга ижарага алабыз. Бул суткасына алганга караганда арзаныраак түшөт. Өзүбүз тамак жасап, өзүбүз кир жууп, жергиликтүү элдей жашайбыз. Негизинен жылуу, деңизи бар жана шамал болуп турган өлкө болушу керек. Анткени кайтинг биздин хобби жана жумушубуз. Саякаттоодо эң көп акчабыз жол киреге кетет. Ошондуктан билет арзан болгон өлкөгө же акция, арзандатуу болгон учурда билет сатып алабыз. Негизинен, Египет, Вьетнам, Таиланд, Камбоджа, Индияга барабыз. Жалпы 25 өлкөдө болгонбуз.

“ЖОЛДОШУМДУН ЫРДАГАНЫН УГУП ЖАКТЫРЫП КАЛГАМ”

– Жолдошум менен кантип таанышканымды көп сурашат. Ошону айтып берейин, курбум жолдошу экөө мени бир жигит менен тааныштырайын деп тоого эс алууга чакырышкан. Ал тууралуу мен билчү эмесмин. Барсам эле бир бала мага кам көрүп баштады, ал мага жаккан жок. Арабызда азыркы жолдошум Калыбек да бар болчу. Ал бир маалда гитарасын чертип ырдап баштады эле, мен ага арбалып уктум. Ушинтип биздин сүйүү башталган. Бир көз караштан эмес, биринчи ырдан. Андан бери 30 жыл өттү. Мен азыр деле анын ырдаганын жүрөгүм эзилип угам. Эгер ал мени карап алып ырдаса, анда жан дүйнөм бакыттан бийлеп жиберет.

“КЕЛИН МЕНЕН ДОС БОЛГОН ТУУРА”

– Кандай кайнене болуш керек? Менимче, кайнене менен келин өз-өзүнчө жашаганда гана жакшы мамиледе болуп, бири-бирин сыйлап, сүйө алышат. Кайнене, биринчиден, уулунун үй-бүлөсү башка үй-бүлө экенин кабыл алышы керек. Ооба, алар эң жакын адамдарың, бирок сенин жеке менчигиң эмес. Андыктан көзөмөлдөй бербеш керек. Балдарга жардам берип, ката кетирүүдөн коргогуң келгени нормалдуу көрүнүш. Бирок биз көпчүлүк учурда ашыкча кам көрүү балага зыян экенин түшүнбөй калабыз. Акыл үйрөтүп, ката кетиргенден коргой берип балабызды чоңойтпой коёбуз. Алардын чечимдерине кийлигишпей, үй-бүлөсүнө киришпеш керек. Үй-бүлөсүндө кандай гана конфликт болбосун бир тарапка өтүп кетпей, нейтралдуу болуш керек. Бизде келиндер кайненесине жагайын деп аракет кылышат. Кайнене көпчүлүк учурда келинди атаандаш көрүп, келин ага кызмат кылууга милдеттүү деп эсептейт. Менимче, келин менен дос болуу туура. Мен баарын билем дей бербей, келин менен өзүңдү бирдей эле карашың керек. Келин кандай болсо да ал балаңдын тандоосу. Балаңдын бактылуу болушун кааласаң, жакшы кайнене болушуң керек. Мага келинимдин кандай кийинсем жарашарын, кандай чач жасалгасы жарашарын айтып кеңеш берип турганы жагат. Анын табити сонун (ред.: келини модель Аида Даниярова).

“ӨЗҮҢДҮ СҮЙҮП, ӨЗҮҢӨ КАМ КӨРҮШҮҢ КЕРЕК”

– Жаш көрүнүп, дене боюбузду бир калыпта алып жүрүү үчүн спорт менен машыгуу жетишсиз. Өзүңдү сүйүшүң керек, өзүңө кам көрүшүң керек, сулуулук салондоруна, косметологго барып турган жакшы. Негизгиси, жылмайып жүрүш керек. Жылмаюу адамды жашартат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан