Маанилүү маек
Өзүн-өзү таратуу жөнүндө декретке кол койгон Убактылуу Өкмөттүн курамында вице-премьерликти аркалаган Азимбек Бекназаровду кепке тарттык.
– Жаңы өкмөт куралып, ал эми сиз иштеген өкмөт отставкага кетти. 7-апрелден берки өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?
– 7-апрелден кийин УӨ өлкөнүн тагдырын мойнуна алды. Биз ошол кезде алдыбызга койгон максаттарды ишке ашырдык. Ошентип, Убактылуу Өкмөттүн акыркы декретин кабыл алып, ага ылайык, УӨ өзүн-өзү таркатты. Мындан кийин УӨ болбойт. Эсиңизде болсо, 17-мартта, Элдик курултайда 7 пункттан турган талап менен чыкканбыз. Анын негизгилери президенттин ыңгайына жараша конституцияны реформалай берүүнү токтотуу, жарыктын баасын мурунку калыбына келтирүү, уюлдук телефондордун 60 тыйындык салыгын жоюу жана башкалар болчу. Булардын баары аткарылды. Сегиз айдын ичинде референдум өткөрдүк, Баш мыйзам өзгөрдү, тынчтык жолу менен бийликти парламентке өткөрүп бердик.
Баалай келгенде, ага “беш” бергенге болбойт. Парламенттик өлкө төрөлдү, ал өз алдынча жашап кетүүсү үчүн убакыт талап кылынат. Биз өзөктүү талаптарды ишке ашырдык, эмки иш-аракеттер легитимдүү өкмөт жана парламенттин колунда болот.
– Жаңы өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн “бакиевчил” деп атадыңыз. Бул билдирүүңүз кимге карата айтылды?
– Жаңы жана эски өкмөттүн мүчөлөрү катышкан жыйында ушинтип президентке айтканым туура. Коомдук пикир деген бар. Парламент шайлангандан кийин эки ай бою партиялык лидерлер эки кызмат үчүн соодалашып отурушту. Жаңы өкмөт куралган соң тизмени карап чыктым. Райондук жана облустук жетекчилерди мындай кой, атүгүл гезиттерден бери бөлүшүп алышыптыр. “Эркин-Тоо” “Ата Журтка” карайт, “Слово Кыргызстана” КСДПныкы, дагы бирөө “Республикага” берилди деп жүрөт, эми бул уят иш да!
Экинчи сын-пикирим “бакиевчилерге” карата болду. Кечээ эле үй-бүлөлүк башкарууга чоң салым кошкон, ошол эле Максимдин оң-сол колу болгон адамдар министрликке дайындалыптыр. Мунун айынан элдин арасында нааразычылык жаралууда. “Биз эмне үчүн кан төктүк эле? Соту бүтө электе өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, эмне үчүн Максимдин достору бийликке келди?” деп эл катуу талкуу кылып жатат. Калк эмес, өзүм ошол тизмени көргөндө төбө чачым тик турду. Чыдабай, өздөрүнө президенттин көзүнчө “мунуңар жарабайт” деп айттым. Жооп деле болгон жок, унчукпай кутулушту. Бирок кеч боло электе өзгөрткүлө деген талапты коюп чыктым.
– Демек, аларга каршы жазында эле митинг уюштурушуңуз мүмкүнбү?
– Мен эле эмес, эртең эл деле чыгышы ыктымал. Анткени кыргыз эли аябай революциячыл жана акыйкатчыл болуп калды. Мен болбосом, менден башкалары бар. Ошолор деле муну жөн калтырбаса керек. Бирок жакын арада өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев коомдук пикирди эске алып, жөнгө салып кетет деп эсептейм.
– Өткөн саныбызда бир окурмандын катын жарыялаган элек. Анда сизди “апрель окуясы боюнча соттон күнөөлүүлөрдү качырууга себепчи” дептир. “Бакиевчилерден акча алып, аларды чыныгы жазадан качырууга аракет жасоодо” деп жазышты. Буга жообуңуз кандай?
– Ушак-айыңдарга дайыма: “Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсү Кудай, абийир жана тарых алдында жооп бергенге даярбыз”,- деп айтып келе жатам. “Ушул сыяктуу күбүр-шыбыр кептерди токтотсоңор, сөз эркиндигинен пайдаланып, көрүнгөн жерде түрдүү сөздөрдү жайылтууну койгула, ар нерсенин чеги бар” демекчимин. Мен качып кеткендерге жооп бергидей УКМКнын башчысы белем же Баш прокурормунбу? Алар сот жүрүп жатканда качып кетишти. Демек, буга сот жоопкер, аларды милиция кызматкерлери кайтарып турган. Менин ал жерде тиешем жок. Эгерде чындап эле менин акча алып же качырып жибергенимди далилдеген материалдар болсо, тийиштүү органдарга беришсин. Мен дайыма жооп берүүгө даярмын.
Негизи, жаман нерселердин баарын мага жүктөмөй мода болуп кетти. Ал эми кылган жакшы иштерим көмүскөдө калып, айтылбай калууда.
– Бир гезит “Роза Отунбаеванын Англияда үйү бар” деп жазып, сүрөтүн кошо басты. Аны президенттик басма сөз кызматы жокко чыгарып же ырастаган да жок. Сиздин да чет өлкөдө үйүңүз барбы?
– Менин чет өлкөдө үйүм жок. Бул баягы эле реваншисттердин каралоосу деп ойлойм. Ушул мен иштеген сегиз айдын ичинде чет жерден алган үйүм бар экенин ким тапса, үйдү ошонун өзүнө өткөрүп берем. Ала берсин.
– Апрель революциясынын башчыларынын бирисиз. Ошондо коюлган максаттарды толугу менен ишке ашыруу үчүн кызматка келүү оюңуз барбы?
– Мен ар дайым эл менен болуп келгем. “Азимбек, туруп бер” дегенде, эл башында туруп бердим. Тарыхый мезгилдин талабына жараша керек болсом, кызмат кылгандан качпайм. Бирок сунуш болбосо, азыркы парламенттен барып кызмат сурап жалдырабайм. Эгерде сунуш түшүп калса, колуман келер-келбесине карап көрөм.
Жаңы жылда аз күн болсо да эс алам го. Анын үстүнө китебимдин экинчи бөлүгүн жаза баштадым. Экинчи революциянын жүрүшүн жарым жылда бүтөйүн деп жатам. Андан сырткары кесибим адвокат, тиешелүү конторам да бар. Кыскасы, жумуштар көп.
Эльвира Караева
koom@super.kg