САГА СӨЗСҮЗ КЕРЕК КЕҢЕШТЕР...

1. Алдыга койгон пландарыңды эч ким менен бөлүшпө. Сени колдогондорго караганда, “колуңдан келбейт, эмне кыласың бул пайдасыз ишти” деп айныткандар көп болот.

2. Дени сак болуунун, ийгиликке жетүүнүн, сергек жана бактылуу жашоонун бир булагы – күнүнө 7-8 саат тынч уктоо.

3. Жашоодо бардык адамдарга жага албайсың. Андыктан өзүңө жага тургандай жаша.

4. Таң эрте 5 мүнөт физикалык көнүгүүлөрдү жасоо – такыр жасабай койгонго караганда ден соолукка өтө пайдалуу.

5. Тарбия, сылык-сыпаалык – ийгиликке жетүүнүн биринчи тепкичи.

6. Өзүнүн маселелерин чече албаган адамдын кеңешине кулак салбай эле кой.

7. Сени келечекте өкүндүрбөй турган нерсе – күнүгө эртең менен жана кечинде тиш жууганың. Андыктан зерикпе!

8. Ката кетирсең, көгөрүп өз оюңдан кайтпай тура бербей, катаңды моюнга алып койсоң тынч уктайсың.

9. Адамдардын артынан ушак сөз эмес, комплимент айт. Анткени айткан сөзүң ал адамга сөзсүз жетет.

10. Өзүңдү, келбетиңди кандай болсо ошондой кабыл ал, сүй. Башкаларга салыштырба. Анткени сен башка эч жерде кездешпеген керемет адамсың!

11. Жардам керек болсо коркпой, намыстанбай эле сура. Бардык учурда күчтүү болуу Кудайга гана таандык сапат.

12. Куру санаага алдырба. Маселени чече алсаң чеч, колуңдан келбесе санаа менен жардам бере албайсың.

13. Айланаңдагы сага пайда алып келген бардык нерсеге кубана бил, күл, жырга! Кубаныч, жылмаюу адамдын өмүрүн узартарын унутпа.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан