ДАРБЫЗ – ЖАЙДЫН ХИТ ЖЕМИШИ

Дарбыз – жайкы ысык күндөрдүн, эс алуу, отуруштардын “жылдызы”. Жаш-кары дебей жактырган бул сергитүүчү жемиштин пайдасы, зыяны, ал тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

  • Биздин заманга чейинки 5000-жылдары өстүрүлгөнү байыркы египет жазууларында маалымдалат. Сатуучулардын жардамы менен Жер ортолук деңизине чейин жетип, 10-кылымда Кытайга келген.
  • Дарбызды жемиш дегенибиз менен, ашкабактар түркүмүнө кирет.
  • 90дон ашык өлкөдө 1200гө жакын сорту өстүрүлөт. Бизде көп өстүрүлгөн сорту астрахань деп аталат.
  • Дарбызды эң көп өстүргөн үчтүк – Кытай, Түркия, Индия. Түпкү мекени болсо Түштүк Африка. Кыргызстандын аймагында Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында өстүрүлүп, көпчүлүгү Орусияга экспорттолот. Ал 80-100 күндүн ичинде бышат.
  • 2006-жылы АКШда эң чоң дарбыз өстүрүлгөн, анын салмагы 121 килограммды түзүп, Гиннесстин рекорддор китебине катталган.
  • 2013-жылы Японияда өстүрүлгөн кара денсукэ дарбызы 3 миң долларга сатылган.
  • Орусиядагы дон казактары дарбыз ширесинен нардек деп аталган бал сымал улуттук таттуу азык кайнатышат.
  • Түштүк Америкада узундугу 3-4 сантиметр болгон дарбыздар өстүрүлөт. Даамы бадыраңга окшошуп кеткен бул жемиштен кымбат ресторандарда салат жасашып, аны өстүрүү азыркы тапта популярдуу болууда.
  • Дарбыздын сортуна жараша сырткы түсү сары, кара, ачык жашылдан күңүрт жашылга чейин болсо, ички эти ак, күлгүн, кызыл, сары түстөгүсү кездешет. Ичи сары болгон дарбыздар учурда кошуна Өзбекстан, Казакстанда өстүрүлүүдө.
  • Кытайда дарбыздын кызыл этин эле эмес, ак кабыгын кууруп, бууга бышырып да жешет. Анда цитруллин деген антиоксидант көп өлчөмдө бар.

Косметологияда

Дарбыз экстракты, ошондой эле данегинин майы ар кандай максатта сулуулук каражаттарына көп кошулуп жүрөт. Мисалы, анда суюктук көп болгондуктан нымдаштыруучу каражаттарга кошууда натыйжалуу, ошондой эле курамында гликол кычкылын камтыган жөнөкөй канттар (сахароза, глюкоза жана фруктоза) бар болгондуктан жумшак пилинг каражаттарына кошушат. Бул кычкыл териге зыян келтирбестен өлгөн клеткалардын катмарын кетирүүгө жардам берет. Дарбыз ширеси териге кам көрүү үчүн үй шартында көп колдонулуп келет, Мисалы:

1. Бет терисин сергитүү, түсүн жакшыртуу үчүн: дарбыздын ширесин муз калыптарына куюп, тоңдургучка салып тоңдуруп алып, аны менен бет терисин укалоочу кыймыл менен сүртүп, 15 мүнөттөн соң жууп салуу керек.

2. Безетки чыгып жатса: 2 аш кашык дарбыз данегин майдалап жанчып, үстүнө 100 миллилитр жылуу сууну аз-аздан куюп эзгенче аралаштыруу керек. Бетке сиңиргенче аны менен жууп, 20 мүнөттөн соң таза суу менен жууп салуу кажет.

3. Кол шуудурап кургап жатса: дарбыздын 1-2 кесимин эзип, ага ошол өлчөмдөгү жылуу сүттү куюп колду 10 мүнөттөй салып туруу зарыл. Кайсы өсүмдүк майы болбосун сүйкөп сиңирип коюңуз. Бул процедураны жатарда жасоо натыйжалуу.

Пайдасы

  • Дарбыз калориясы аз, көпчүлүк пайызы суудан тургандыктан ысыкта сергитүүчү, диеталык азык болуп саналат. Суунун көптүгү менен бирге антиоксиданттын, минералдык заттарга бай болгондуктан заара кубалап бөйрөктүн иштешин жакшыртат, таш пайда болуусунун алдын алат.
  • Курамындагы кант бат сиңүүчү органикалык кошулма болуп эсептелет.
  • Калий менен магний – кан басымды жөнгө салуучу жана жүрөктүн иштешин жакшыртууда зарыл болгон минералдык зат;
  • С витамини – иммунитет жана терини серпилгичтиги үчүн зарыл болгон антиоксидант.
  • А витамини – көздүн, теринин, чачтын абалын жакшыртууга көмөкчү.
  • B тобундагы витаминдер – нерв системин жакшыртууга жардам берет.
  • Лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин 100 грамм дарбызда ликопин антиоксиданты 5-10 миллиграммды түзөрү аныкталган. Дарбызды кызыл түскө боёгон ушул зат. Ликопин жүрөк-кан тамыр системинин иштеши, сөөктүн бекем болушу үчүн таасирин тийгизип, өпкөнүн, ичеги карындын, сүт бездеринин, простатанын залалдуу шишигин алдын алууга көмөктөшөт. Ошондой эле сезгенүүгө каршы туруштук берет.
  • Кан айланууну жакшыртуучу жана заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан организмдеги токсиндерди чыгарууда эң сонун жардамчы.

    100 грамм дарбызда:

92 пайызы суудан турат

Калориялуулугу – 38 килокалория

Углевод – 7,75 грамм

Белок – 0,6 грамм

Май – 0,1 грамм

Кант – 5,8 грамм

Калий – 110 миллиграмм

Кальций – 14 миллиграмм

Магний – 12 миллиграмм

Жез – 0,4 миллиграмм

Темир – 1 миллиграмм

С витамини – 8,1 миллиграмм

А витамини – 28 микрограмм

В5 витамини – 220 микрограмм

В6 витамини – 50 микрограмм

Тандоо

  • Дарбыздын сортуна жараша өң-түсү, формасы ар кандай болушу мүмкүн. Тандоодо сыртынын бир да жери жумшарып кетпеген болушу керек, чертикелегенде үнү жаңырып, жерде жаткан тарабы ачык сары түстө болушу кажет. Дарбыздын өзү бышып жетилген убагы август, ага чейин чыккан дарбыздардын көпчүлүгү химиялык жер семирткичтер менен бышкандыктан көп өлчөмдөгү нитрат кездешет. Ошондуктан врачтар бул дарбыздарды аз жеш керек экенин, 2 жашка чейинки балдарга бербей турууну белгилешет.
  • Күндө турган, автожолдордо сатылган дарбыздарды сатып алууда абайлаңыз. Ысыктан бузулуп, абадагы оор металлдарды өзүнө сиңирип алат.
  • Кесилген дарбызды салкын жерде үстү целлофан менен аба киргизилбей жабылса 1 түн, муздаткычта 1 сутка сактоого болот.

Зыяны

Дарбызды ченеми менен жеген организмге пайда алып келет, көп жегенде:

кан басымы бат түшүп, кандагы канттын деңгээли көтөрүлөт;

дарбыздагы ликопин аталган пайдалуу антиоксидант жаш балдарда, карыларда 30 миллиграммдан көп болуп кетсе тамак сиңирүү системин бузуп, ич өтүү, кусууга жеткириши мүмкүн;

бөйрөктүн ар кандай ооруларында шишитет;

кош бойлуу аялдар көп жесе шишитет.

Дарбыз жээрден 1-2 саат мурун же аны менен кошо туздуу азыктарды жегенге болбойт. Анткени туз организмдеги суюктукту кармап, адамды шишитип жиберет.

Данегин кургатылган же куурулган түрүндө жеген оң.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан