Токмокто зордукчуга туш болгон келиндин жолдошу: “КАЙНАГАМДЫН ОРДУНДА БОЛСОМ МЕН ДЕЛЕ АТЫП САЛМАКМЫН”

Үстүбүздөгү жылдын 1-июль күнү Токмоктун чыгыш тарабындагы Сайлык айылында адам өлүмү менен коштолгон окуя катталды. Анда карындашын зордуктоого аракет кылган жаранды агасы тапанча менен атып алган. Бул окуяда көпчүлүк “карындашынын намысын коргоп кокусунан ок атып алган жаран акталсын” десе, айрымдар “мыйзам баарына бирдей, жазасын алышы керек” деп жатышат. Биз окуянын чоо-жайын ачыктоо максатында Токмокко барып, тараптардын пикирин угуп келдик.

Асел Жумакулова, жабырлануучу: “Жолдошума айткандан коркуп, агама биринчи чалгам”

– Өзүм банкта Токмоктон Кеминге барып-келип иштечүмүн. 1-июль күнү эртең менен 8:45те жол тосуп бир унаага отурдум. Ал бир аз жүрүп бир аялдын жанына токтоду. Ал аял кетпейм деп койгондо унаанын ылдамдыгын көбөйтүп, музыканын үнүн бийик чыгарып зуулдата айдап жөнөдү. Жүрөгүм солк дей түштү. Жолдон токтоп дүкөндөн бир нерсе алганы чыгып баратып денемди сылап өттү. “Расслабься, эмне болуп жатасың? Могундай чегесиңби?” деп тамеки сунуштады. Мен “жок, чекпейм” деп дароо баш тарттым. Башкача тамеки экен, мен буга чейин андай тамеки көргөн эмесмин. Айдоочу дүкөнгө кирип кеткенде мен унаадан түшө качтым. Чыксам башка унаадан бир адам түшүп жатыптыр, анын ордуна дароо отуруп “байке, Кеминге барасызбы, тезирээк айдаңызчы” дедим. Ал байке дароо унаасын от алдырып айдап кетти. Бирок дүкөнгө кирип кеткен таксист байке биздин артыбыздан кууп жөнөдү. Мен “байке, ылдамыраак айдаңызчы” деп суранып жаттым. Башка унаага отурганда дароо байкеме чалдым, жардам сурадым, артымдан белгисиз эркек кууп келе жатканын айттым. Жолдошума айткандан корктум. Мен бараткан унаанын айдоочусу видеокамераларды көрүп "айып пул алып калбайын" деп ылдамдыгын азайтты, артыбыздагы унаа келип бизди бурчка такап токтотуп калды. Мен дароо эшиктерди бекитип, айдоочуга “эшикти ачпаңыз, мен бул кишини тааныбайм” дедим. Ал түшүп сүйлөшөм деди. Эшикке чыгып сүйлөшүп, эшикти ачып берип койду. Тиги киши кирип мени сабап баштады, “унаадан түш” деди. Мен түшпөйм деп телефонумду кучактап алдым. Телефонум күйүк болчу, агам менин бакырып, ыйлап жатканымды угуп жаткан. Чачымдан тартып эшикке чыгаргысы келип, төбөмө койгулап жатты. Бир убакта шампандын оозун ачкандай “тык” деген үн чыгып, үстүмө чыгып алып койгулап жаткан таксист байке мага кулап түштү. Нес абалда болуп агамдын келгенин деле билген эмесмин. Унаадан түшсөм агам мени кучактап калды. Көрсө, тиги зөөкүр мени сабап жатканда агам артынан келип, аны тарткылайт, колунда тапанчасы болгон экен, ал жулкунганда атылып кетиптир. Агам мени көп киши зордоп жатыптыр деп ойлоп тапанчасын алып алган экен.

Ал тапанчасын мыйзамдуу көтөрүп жүрчү, буга чейин куралы менен бирөөгө зыян келтирген эмес. Агам соттолгон эмес, кесиби автоэлектрик, 5 баласы бар, ак эмгеги менен иштеп үй-бүлөсүн баккан адам. Мындай окуя болору үч уктасам түшүмө кирген эмес. Агам менин коргоочум, ал менин намысымды коргойм деп ушул ишке барды. Биз эки эле бир тууганбыз, жалгыз агам бар. Бул окуя адилеттүү иликтенип, агама жеңилдиктер каралышын суранам.

Эрлан Кожомамбетов, жабырлануучунун күйөөсү: “Кылмышкер тоногусу да келген”

– Келинчегим 1-июль күнү эртең менен жумушка кеткен. Мен балдар менен үйдө калган элем. Ал түндө кайнагам менен сүйлөшүп жаткан болчу. Окуя болгондо шашылыш телефонун караса чалынган номерлердин башында кайнагам менен биздин балабыздын телефон номери болгон, анан дароо кайнагама чалган. Мен деле кайнагам баргандан 5 мүнөт өтпөй барып калдым, бирок ок атылып кетип, киши өлүп калыптыр. Аселдин чачтары сапсайып жерде отуруптур. Кайнагам “милицияны чакырдым, куралды өткөрүп бердим”  деди, бирок анын колдору титиреп нес абалда эле.

Келинчегим экөөбүз 15 жылдан бери чогуу жашайбыз, 3 балабыз бар. Сурасаңар бизди Токмоктун 80 пайызы тааныйт. Бирок интернетте “бул келин түнү менен ошол киши менен жүргөн болушу керек”, “күйөөсү каякта жүрөт” деп жазып жатышыптыр. Мен коомчулукка чыгууну каалай бербейм, айла жоктон сиздерге окуя боюнча айтып берүүгө туура келип жатат. Аселя ал зөөкүрдү тааныбайт. Быйыл чогуу жашаганыбызга 15 жыл болгондо Аселяга iPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү смартфон белек кылган элем. Айдоочу артынан кууп келип, келинчегим отурган унаанын айдоочусуна “байке, бул кыз менин телефонумду уурдап алды, ач эшикти” деп жалган айтып эшигин ачтырыптыр. Башына соккулап “келе, бер телефонду” деген. Келинчегим телефонун кучактап бербей койгон. Зордуктоого аракет кылгандан сырткары тоногусу да келген окшойт. Териштирсе баары калкып чыгат. Кайнагам аффект абалында болуп өзүнө ээ боло албай ок атылып кеткен. Бирок кайнагамдан биринчи ал жерге мен жетсем деле ошол окуя кайталанмак. Кыздарыбызды, карындаштарыбызды зөөкүрлөрдөн биз коргобосок, ким коргойт? Учурда бизге моралдык колдоо көрсөтүп жаткан Токмоктун элине жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирем.

Окуядагы экинчи тараптын да пикирин угуу максатында каза болгон жарандын үйүнө барганыбызда жубайы “журналисттер жазчусун жазыпсыңар, жазып-жазып алып менден комментарий сурабай эле койгула” деген жоопту айтып, окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Марат Маразыков, маркумдун кошунасы: “Маркумдун туугандары эч кимге дообуз жок, Кудайга койдук дешүүдө”

– Маркум Руслан менден 2 жаш кичүү, аны көп жылдан бери тааныйм. Үйүбүз да маңдай-тескей жайгашкандыктан алышып-беришип турабыз. Ушундай окуя болуп кеткенин угуп биз деле таң калып отурабыз. Намазга чогуу барып, чогуу амалдарыбызды аткарар элек. Өзү ар кандай курулуш иштеринде иштеп үй-бүлөсүн бакчу. 80 жашка таяп калган энеси бар, жубайы милицияда иштейт, бойго жеткен бир кызы болуп ынтымактуу жашашчу. Интернетте эл жазып жаткандай маньяк, психикалык жактан оорулуу же баңги эмес. Эми өлгөн адамдын артынан эмне айтсаң да боло берет экен да, ал тирилип келип “жок, мен андай кылган эмесмин” деп айта албайт. Ошондуктан азыраак жалаа жаап, жанын тынч койсок дейт элем. Туугандары да “эч кимге дообуз жок, келиндин 3 баласы, атып салган агасынын 5 баласынын убалына калбайлы, баарын Кудайга койдук” деп жатышат. Үй-бүлөсү баары намаз окуган адамдар. Жабырлануучуга да ден соолук каалайбыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан