Темирбек Матыбаев, төкмө: “АР ЗАМАНДЫН ТОКТОГУЛУ, АРЗЫМАТЫ БОЛОТ"

Төкмөлүк өнөрдүн жаш муунун карап эртеңкиге үмүт артат. Максат, тилектери жакшы. Айтылуу Элмирбек Иманалиевдин шакирти, төкмө акын, Токтогулдун кулуну Темирбек Матыбаевди кепке тарттык.

Аккан арыктан суу агат

Туулган жылы: 2003-жыл, 28-март

Туулган жери: Токтогул району, Өзгөрүш айылы

Билими: Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын элдик ырдоо бөлүмүн аяктаган

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси

– Темирбек, салам. Учурда 19 жашта экенсиз, айтышка кызыгып, аралашып баштаганыңызга канча болду?

– Саламатсыздарбы? Мен айтышты бала кезимден кызыгып көрүп, комуз үйрөнүп жүрдүм. Айылда 6-класска чейин окуп, 7-класста Бишкекке келгем. Бул жакта №5 жатак-мектепте окуумду уланттым. 2017-жылы Элмирбек Иманалиевди издеп “Айтыш” коомдук фондуна барып, учурашып ырдап, анын шакирти катары кабыл алынгам. Ошондон тарта устатымды дээрлик 5 жыл ээрчип, чогуу жүрдүм. Эң алгач 2017-жылы устатымдын “Мен тандаган жол” аттуу жеке концертинде сахнага чыктым. Ал концертте жаш акын Элмирбек Иманалиев, Турат Турдуев үчөөбүз устатыбыз тууралуу ырдап айтышканбыз. Ошол эле жылы Ашыраалы Айталиевдин 90 жылдык мааракеси өткөн. Ошондо биринчи жолу айтыштым, Болот Назаров, Мундузбек Усупбек уулу, Акматбек Султан уулу менен айтышып, 2-орунду алгам. Албетте, алгачкы жолу айтышка чыкканымда сүрдөө, толкундоолор болду. Ал кезде “Көк кит” деген оюн дүң болуп жаткан эле, Болот Назаров мага “көк китти ойной көрбөгүн” десе, мен “көк китти эмне кыламын, бүгүн кара кит менен ойноймун” деп жооп берип, ошол айтыш бир топко айтылып жүрдү. Жашоодо сыймыктанганым – дүйнө жүзүндөгү ушунча элдин арасынан кыргыз элинин уулу болуп, андан да кыргызда өтө сейрек кездешкен төкмө акындык өнөрдү аркалап, анын ичинен Элмирбек Иманалиевдин шакирти болуп калганым. Муну мен мактануу менен айтам.

– Айтыштан кийин “каап, ушуну айтпай койсом болмок” деп бармак тиштеген учурлар болобу?

– Устатым “эмоцияны көзөмөлдөш керек” дечү. “Оболу жакшы адам болгула, адам болбой туруп жакшы акын болуу мүмкүн эмес” деп кеңешин айтчу. Ошондуктан улуулар менен айтышканда тамаша болсо да өтө орой эмес айтышууга аракет кылам. Бирөөнүн көңүлүн калтырып алган учур боло элек.

– Дароо шатырата төгүп жиберүү жаш акындарга кыйын болсо керек, жаттап алып айтышуу сизде да болобу?

– Дээрлик баарын сахнадан төгүп жатам деген туура эмес. Айтыштын тематикасына жараша “ушундай саптарды айтам” деп алдын ала даярданып, оюңду топтоп чыгасың. Кээде акын сахнада төгүп жатканда оюңа укмуштуудай идеялар өзү келет. Төкмөлүк Кудайдан берилген касиет. Ысмайыл Борончиев айтчу экен “акындын даяр жүргөнү жакшы болот” деп. Акында бардык темада жок дегенде 10дон сабы, даяр термелери болсо зыяны тийбейт деп ойлойм.

– Идеалдуу төкмө болуш үчүн эмне керек?

– Адамгерчилиги бийик болушу керек. Көрөгөч, эртеңди сезе билген, элдин зарын, замандын муңун айта билиши зарыл. Устатым “төкмө акын деген атка татыктуу болуш үчүн обончу, аткаруучу, комузчу, дастанчы, ырчы, санжырачы, адабиятчы, публицист, журналист болушуң керек. Ушулардын баары биригип келип 4 тарабы төп жорго кылат” дечү. Биз азыр жамакчыбыз. Аталар баскан жолдо төкмө акындыкты аркаласак деген ниет менен аракет кылып келатабыз.

– Элдин зарын, замандын муңун айтыш керек дедиңиз. Учурда сиз кайсы муңду айткыңыз келет?

– Жаштар арасында кыргыз тилинде сүйлөгөндөр азайып баратат. Эски сөздөрдү унутуп калдык, көп сөздөр архаизм болуп калды. Кыргыз тили көйгөйүн айтыш керек. Жаштар корей, батыштын таасирине чулганып туура эмес жолдо бараткандай, ошону айтыш керек. Илгери кыргыздар кыздын өрүм чачынан эле бул кыз бойго жетиптир, бул кыз турмушка чыга элек экен, бүлөсү бар экен деп билип койчу да. Ушул сыяктуу баалуулуктарыбыз жоголуп баратат. Арстанбек Буйлаш уулу айтып жатпайбы, “кунан, тайы мингисиз, кулу, бийи белгисиз, жабагысы мингисиз, жарды, байы белгисиз” деп. Илгери кыргыздын кимиси бай, кимиси жарды экени белгисиз болчу экен. Баары бирдей кийинип, кедей менен байды топчусунан, тебетейинен гана ажырата алышчу экен. Улуттук баалуулуктарыбызды жоготпоого чакырып ырдоо акындын милдети деп билем.

– Бир нече ай мурун Казакстанга эл аралык айтышка барып келдиңиз, ошол айтыш тууралуу айтсаңыз...

– Былтыр декабрь айында Көкчө-Тоо шаарында өткөн айтышка Асылбек Маратов экөөбүз бардык. Алар Асылбек агабызды чакырышты, агабыз казакты көрсөтүп айтыштырып келейин деп жаштардан мени ээрчитип алды. Адегенде Аспанбек Шугатаев менен айтыштым. Шугатаев Кененсары хан тууралуу айтып, “кыргыздар башты кестиңер эле, биз силерди кечирдик, бирок унуткан жокпуз” дегендей айтты, жооп бердик. Бөлөк элде башкача болот экен. Казак акындарын өз эли күүлдөп сүрөп, мен ырдасам кол чаппай мостоюп калган учурлар болду. Кыргыздагы митингдерди айтышты. Анысына “жакпаганын айдайбыз, жаңысын кайра шайлайбыз, оңобос башчылар менен, 30 жыл жашай албайбыз” деп жооп бердим. Финалда Мурадым Мирланов деген акын менен айтыштым, юмору күчтүү акын экен. Өнөргө мамиле кылуу жагынан кыргыз эли өнүгүп калыптыр деген ойго келдим. Анткени кыргыздар өнөрдү бөлүп карабайбыз. Казак жакшы ырдаса казакка жакшы баасын берет, кыргызга да өз баасын берет. Казакстандан 1-орунду алып келдим. Асылбек Маратовго айтыштын коногу катары ардактап ат мингизип узатышты.

– Күйөрмандарыңыз көппү?

– Ар бир акындын күйөрманы болот. Бизде да бар болуш керек. Аксакалдар чалып батасын берип, тилегин айтып, социалдык тармактар аркылуу “жолуң ачылсын, балам, жакшы ырдадың, Элмирбектин балдары, бар болгула” деп жазгандар бар.

– Эми өзүңүз тууралуу сүйлөшсөк, бала кезиңиз кандай өттү?

– Айылдын тиричилиги менен, мал-кел карап өттү. Жаш кезден эле куйкум сүйлөп, ырдап калмайым бар болчу.

– Үй-бүлөдө дагы кимде өнөр бар?

– Атам Казыбек Сасыкулов санжырачы, ата-тегин изилдеп китептерин чыгарып жүрөт. Улуу агам аскер жаатында иштейт. Анын да ыр жазып коймою бар болчу, кийин жазбай калды. Чоң таятам Малабаш айтылуу Коргол Досуевдин шакирти болчу экен. Айылда той-топурда ырдап калчу дешет көргөндөр. Бирок ырлары сакталып калган эмес.

– Ата-энеңиздин сиз менен сыймыктанганын байкайсызбы?

– Ата-энем, бир туугандарым дайым колдоо көрсөтүп, жардам беришет. “Кандай муктаждыгың бар?” деп сурап турушат. Ийгилик жараткан учурларда көздөрүнөн сыймыктанууну байкайм. Мендеги улуу максаттардын бири – ата-энемди ыраазы кылуу, жүрөгүн оорутпоо.

– Дагы кандай максаттарыңыз бар?

– Төкмө акындык жолду аркалоо, устатымдын мектебин сактап, элге жайылткан акын болуу. Эң биринчи максатым – адам деген атка татыктуу болуп, улуттун керегине жараган улуу иштерди кылуу. Устатым айтып калчу “ар заманда Токтогул болот, Арзымат болот. Токтогул болгондон коркпогула, Арзымат болгондон корккула” деп. Ошондон корком. Токтогулдан келаткан мектепти улантып, устатымдын арбагын ыраазы кылсам, Арзымат эмес, Токтогул болсом деген ниетим бар.

– Сонун. Максаттарыңызга жетиңиз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан