КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Сот залынан чыкканда Тимур Нурзаттын жанына келди. Тимур эмнегедир сөзү буулуп сүйлөй албай койду. Экөө үн-сөзсүз бир топко турушту.

– Мен эми тынчыңды албайм, кетип жатам,- деди Нурзат мукактана. Үнү дирилдеп чыкты.

– Кайда?- Тимур тайсалдап Нурзаттын көздөрүнө карады.

– Уулумдун жанына,- көзүнөн жаштар сызылды аялдын.

– Ыйлаба, баары жакшы болот. Ишенчи, сени дагы жан дүйнөңө жага турган жашоо күтүп жатат,- Тимур Нурзаттын жашын сүрттү.

– Мен барайын, сага чын жүрөктөн бактылуу жашоо каалайм,- деди аял. Тимур Нурзатты кучактап коштошту. Аял жолдун аркы бетине өткөндө кылчайып аркасын бир карады. Жүзүндөгү жашын сүртүп, бир жылмайып койду. Нурзат “Тимур менден кутулганына сүйүнүп аркасын карабай кетсе керек” деп ойлогон. Бирок Тимурдун анын жанына келгени, жакшы сөзүн айтып, көз жашын сүрткөнү жүрөгүн жылытты. Унаада бирде ыйлап, бирде сооронуп бара жаткан аял “болду, Нурзат, жаш кызча бырылдап ыйлаганыңды токтот. Өзүң үчүн жаша, убактыңды өзүңө бөл. Эми сен эркинсиң, эркин” деп үнүн чыгара сүйлөндү.

ххх

– Айсара, Айсара...- деп кыйкыра кучак толо гүл көтөргөн Тимур үйгө кирип келди. Үнүндө кандайдыр бир кубанычтын белгиси байкалат.

– Тынччылыкпы?- уйкулуу көзү менен Айсара оозгу үйгө чыга калды.

– Бүттү, баары бүттү. Эми экөөбүздүн жашообуз башталат, экөөбүздүн,- деп колундагы гүлүн берип, маңдайынан өптү да, тизелей отура калып шакекти сунуп кыздын колун сурады.

Уйку-соонунун ортосунда турган Айсара таң калгандай Тимурду карап калды. Аялы көпкө сүйрөсө керек, жөн эле ажыраша калмак беле деп ойлогон. Тимурду ишенбегендей карады.

– Эмне болду? Мына ажыраштык,- кагазды ачып көрсөтө салды.

– Биз менин мыйзамдуу түрдө ажырашуумду күтүп жатпадык беле? Жок дегени турасыңбы? Жок дей көрбө...- чый-пыйы чыгып кетти Тимурдун.

Айсара унчукпай колун сунду, көзүнөн жаш айланып кетти эмнегедир. Тимур шакекти салып, кызды көтөрүп тегерете берди. Качан гана башы айланганда токтотту да, бекем кучактады.

– Сен меникисиң. Биз сөзсүз бактылуу болобуз,- Тимурдун жүрөгү сүйүүгө толуп турду.

ххх

Нурзат Тимурду унутам, өткөнгө кайрылбайм, өзүмдү гана ойлойм дегени менен, оюнан чыгарып сала албай койду. Курбулары менен жолуксам алаксыймбы деп ойлоду, бирок аларга жолугушууну жан дүйнөсү каалабай турат. Үйдө да отургусу жок. Акыры кийинип, боёнуп көчөгө чыкты. Бул сапар унаасын айдаган жок, жөө басмай болду. Айлана-тегерекке көз чаптырып шашпай баскан аял китеп саткан жерге көз токтотту. Буга чейин китеп саткан дүкөнгө эч маани берчү эмес. “Жашоону жаңы барактан башта” деген китеп көзүнө урунду, дароо сатып алды. Акчанын кайтарымын кайрып берейин деп боорундагы сумкасын чукулап жаткан баланы күтүп отурган жок.

– Ал сага кала берсин,- жылмайып жолун улап кетти.

– Жок, эже, мен ала албайм, мынча акчаны алгыдай эч нерсе кылып берген жокмун го сизге,- бала артынан жетип барды.

– Мен сага белек кылып берип жатам, беймарал ала бер,- аял баланы башынан сылап кетип калды. Бала акчаны бир карап, аялды бир карап ага ушунчалык ыраазы болду. Ооруп жаткан атасынын дарысына кайдан акча табам деп баш катырып турган өспүрүмдүн көзүнө Нурзат Кудай жөнөткөн периштедей эле көрүндү.

Нурзат жол боюндагы кофейняга кирип төрдөгү столдон орун алып, китеп окуп отурду. Бир учурда жанына бейтааныш мырза басып келди.

– Жаныңызга отурсам болобу?

– Башка орун калбай калыптырбы?- Нурзат китептен көзүн албай туруп жактырбагандай үн катты.

– Ачууланбаңыз, сиз менен бир аз сүйлөшкүм келди.

– Эмнени сүйлөшөбүз, айтыңыз,- Нурзат китепти жаап, кишини карап отуруп калды. Нурзат жактырбай турганы менен, экөө таанышып, бат эле тил табышып кетишти.

– Колуңуздагы китеп жактыбы?

– Чынын айсам, атына кызыгып эле сатып алдым, азырынча түшүнбөй эле окуп жатам.

– Эмнеге дал ушул китепти тандадыңыз,- деген кишинин суроосун Нурзат жоопсуз калтырган жок. Төгүлүп жашоосунда болуп жаткандарды саймедиреп отурду.

– Аа, ошондой деңизчи, жан дүйнөңүздүн тынч эмес экени жүзүңүздөн байкалып турат.

– Эми жолдошумду, баарын унутуп өзүм үчүн жашайын деп чечтим,- деген Нурзат телефонуна үңүлдү. Жүзү дароо өзгөрө түштү. “Бир күн чыдай алган жоксуңбу?” деген сөзү жанындагы кишиге дагы угулду.

– Эмне дедиңиз?

– Бүгүн эле ажыраштык го. Күйөөм, тиги жаш сүйгөнүнүн колун сураптыр.

– Азыр эле баарын унутуп, өзүм үчүн жашайм деп жатпадыңыз беле... Демек, сиз ал адамды коё бере албай жатасыз. Сиз аны коё беришиңиз керек. Жек көрүү, таарыныч менен сиз өзүңүз үчүн эч качан жашай албайсыз,- деди.

– Мени жалгыз калтырасызбы, жалгыз калгым келип жатат.

– Болуптур, сизди жалгыз калтырайын. Бирок жаман нерселерди ойлонбоңуз, бул күндөрдүн баары артта калат. Колуңуздагы китептин автору менмин. Сиз мага келиңиз, эски жараатыңызды айыктырабыз. Баарын жаңы барактан баштайбыз,- киши визиттик карточкасын сунду. – Кош болуңуз,- деп сыртка чыгып кетти.

Психолог Эрмек Таиров деген визиттик карточканы карап отуруп калды Нурзат.

ххх

“Чын эле экөөлөп иштеп, кредитти төгүп бүтүрүп алсак, анан ал жактан дагы кафе ачсак, эмнеге болбосун? Бул жактагы, ал жактагы ишим жолуна түшүп кетсе жаманбы, жакшы идея экен”. Карлыгачтын Орусияга кетүү тууралуу айтканын көп ойлонгон Байыш акыры анын айтканына көндү. Экөө кеңешип кафелерин башкартууга ишеничтүү киши издеп, документтерин дайындап, кетүүгө камылга көрө башташты. Байыш кафенин көптөн бери бүтпөгөн иштерин бүтүрүп керели-кечке колу бошобой жүрдү. Бул учурда Карлыгач эки баласын бир көрүп кетүү тууралуу ойлонуп жатты. Эптеп бир мүмкүнчүлүк таап көрүп кетсем деп кимге байланышууну билбей турду. Мараттан, кайненесинен өтүнүп көрөйүн деп аларга чалып көрдү. Чоочун номер болгону үчүн экөө тең чалуусун алды. Бирок "мен, Карлыгач" дегенде калган сөзүн укпастан өчүрүп салышты. Алардан майнап чыкпасын билген келин акыры айылдагы алысыраак тууган бир абысынына чалды. Мурун экөөнүн мамилеси жакшы болчу, ага барган сайын белек-бечкек алып барчу. Анткен менен азыр экөө мурдагыдай шатыра-шатман учураша алган жок. “Эптеп балдарымды бир көрсөтүңүзчү” деп суранды эле, анысы көнбөй койду.

– Кой, Карлыгач, саатыңды чыкылдатпа. Бул жакты айыл деп коёт, сенин келип-кеткениңди эч ким көрбөй калмак беле? Эртең Марат менен жеңем менин теримди тескери сыйрыбайбы.

– Жеңе, акча деле берейин, Москвага кетип жаттым эле, бир көрүп кетейин дегем. Жарым эле саатка үйүңүзгө ойноткону болсо да сурап чыгыңызчы. Үйүңүзгө чейин такси менен барам, эч кимге көрүнбөйм.

– Акчаң өзүңө буюрсун, ортомчу боло албайм. Карыган жеңем бооруна басып багып жатат балдарды. Менин сага жашырып жолукканымды укса зар какшабайбы. Марат үйүмдү үч көтөрүп кетер. Азыр алардын сага балдарды көрсөтө турган түрү жок. Көнүп калганда алардын дагы оюн бузуп, бир көрүнүп кетип калганда аларды ыйлатып кейиткенден башка эмне кылат элең? Болору болуптур эми, жакшысы, ошол жашооңду тынч жашай бер. Балдардын өз ырыскысы бар, чоңоёт. Чоңойсо өздөрү сени таап барар...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан