СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Казак-Кыргыз медиа өкүлдөрү футбол талаасында беттешти

Бишкекте 5-июлда Кыргызстандын жана Казакстандын медиа өкүлдөрүнүн ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттеш болуп өттү. Анда «Top team KG» жана «One game» деп аталган эки команда кез келди. Эки өлкөнүн достугун бекемдөө максатында уюштурулган оюн 0:1 эсебинде Казакстандын «One game» командасынын пайдасына жыйынтыкталды. «Top team KG» командысынын курамын Максат Садырбеков, Кубаныч Курманбеков, Жеңиш Майрамбек уулу, Актан Рыскелдиев, Эрмек Кененсаров, Азамат Уланов жана башка медиа өкүлдөрү толуктады.

Орусиялык жөө күлүк кыргыз жарандыгын алды

Орусиялык жөө күлүк, марафондор боюнча Орусиянын беш жолку чемпиону Сардана Трофимова Кыргызстандын жарандыгын алды. Ал эми мелдештерге Кыргызстандын атынан катышуусу мүмкүн. "Мен Кыргызстандын жарандыгын алдым, азыр спорттук карьерам боюнча сунуштар каралып жатат. Олимпиада комитети бир нече жылга карантин же дароо мелдешке катышууга уруксат бериши мүмкүн. Эгер уруксат болсо Олимпиадага жолдомо алуу үчүн мелдештерге катыша алам”,- деди спортчу.

Сардана Трофимова маектеринин биринде Кыргызстанда машыгуу өткөргөн ага жагарын айткан.

Грек-рим күрөшү боюнча Курама команда 3-орунду ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Кыргызстандын курама командасы Бахрейнде өткөн Азия чемпиондугуна катышты.

Мелдеш 5-6-июль күндөрү өтүп, жалпы 10 комплект медалдар топтому ойнотулду. Кыргыз курама командасында жалпы 9 спортчу барып, 7 күмүш, 1 коло медалга ээ болушту. Жалпы командалык эсепте Кыргыз курамы 3 орунду ээледи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан