ГЛАУКОМА – СОКУРЛУККА ЖЕТКИРЧҮ ДАРТ

Акыркы жылдары иши компьютерде иштөө менен байланышкан кесиптегилердин, чөнтөк телефонду көп карап, ойногондордун саны арбып барат. Алардын арасында өспүрүм балдар да бар. Булар көрүүсү үчүн кам көрбөсө глаукома оорусуна жолугуу коркунучу бар. Көрүүнүн начарлоосуна, ал тургай сокурлукка дейре жеткирүүчү глаукома оорусу боюнча Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн кызматкери Кундуз Бекбоевадан маалымат алалы.

БАШКЫ КҮНӨӨКӨР – КОМПЬЮТЕР ЖАНА ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОН

Глаукома оорусу – бул көздүн ички кан басымынын дайыма же убак-убагы менен көтөрүлүп турушу, натыйжада көрүүнүн төмөндөшү, көрүү нервинин ичкерип, бузулуп башташы. Акырында жарым-жартылай көрүп же толук сокур болуп калуу. Көздүн ички кан басымы көздүн гипертензиясы деп аталат.

Көздүн ички кан басымынын көтөрүлүшүн негизинен компьютер менен көп иштөө, чөнтөк телефонду көп кароо же андагы оюндарды көп ойноо, көздү эс алдырбай китеп окуй берүү, шакый, жолду тикирейип карап дамамат узак жолго унаа айдоо шарттайт.

Көздөн көздү кургап кетүүдөн, көзгө кирген ар нерселерди тазалап жууп чыгарып туруу үчүн суюктук бөлүнүп чыгарылып турат. Суюктук анан көздүн каналчасы менен агып чыгып кете берет. Качан гана кандайдыр жогорку жана башка себептерден улам суюктук агып чыкпаса көз чарасында топтоло баштайт. Бул көздүн кан басымын көтөрөт. Кан басымдан чечекей менен тунук килкилдек зат (стекловидное тело) кысылат. Булар болсо көздүн тор кабыгын азыктандыруучу кан тамырды кысып калат. Кан менен жакшы камсыз болбогон тор кабыктын клеткалары өлө баштайт, ушундан улам көздүн нерви ичкерип, анан иштебей калып, сокурлук жаралат.

Көздүн калыптагыдай кан басымы сымап мамычасы боюнча 10-20 миллиметр болушу керек. 20дан жогору болгондо глаукома оорусунун белгилери байкала баштайт. Башкача айтканда, көз тунарып, кызарып, көздүн айланасы жана чыкый тарап, баш ооруйт. Мындай белгилер билингенде офтальмологго барса ал көздүн ички басымын тонометр менен өлчөйт. Дары-дармек жазып берет. Муну менен ооруну глаукомага өткөрбөй калууга болот. Оорунун 4 даражасы бар.

БАШКА ФАКТОРЛОР:

• Тукум куучулук;

• Антидепрессанттарды көп колдонуу. Мындай каражаттар депрессиядан арылууда, уйку качып адам уктай албаганда пайдаланылат;

• Ичимдиктерди көп ичүү, тамеки тартуу;

• Кант диабети;

• Семиздик, жогорку кан басым оорусу. Булардын организми инсулинди көп бөлүп чыгарат, инсулин болсо көздүн кан басымынын жаралышына өбөлгө. Андыктан таттуу азыктарды, анын ичинде кантты, нан, күрүч, макарон түрлөрүн, майлуу тамактарды аз жеши керек;

• Баштан, көздөн алган жаракаттар. Мисалы, кулоо, жол кырсыгына кабылуу, мушташ жана башкадан жаракат алуу;

• Миопия оорусу (алысты начар көрүү);

• Баш сөөк алдындагы басым;

• Бөйрөктүн басымынын жогорулашынын өнөкөт түрү;

• 40 жаштан кийинки курак. Көзгө кам көрбөсө көрүү начарлай берет, оорулар, анын ичинде глаукома жаралышы ыктымал;

• Атеросклероз. Кан тамырларда туруп калган май түйдөкчөлөрүнүн айынан көзгө кан, аны менен кошо азык-заттар калыптагыдай жетпей баштайт.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

• Көз тунарып, кызарат, көрүү начарлайт

• Көздүн көрүү талаасы кичирейип, көз алдында жаркыраган түстүү, мисалы, жашыл, сары шакекчелер пайда болот

• Көздүн кайсы жагы (оң же сол) глаукомага чалдыкса баштын ошол тарабы алгач аздан ооруп баштап, убакыт өткөн сайын оорутуу көбөйөт, аягында токтобой ооруп баштайт. Оорутууну басуучу дарылар жардам бербей калат.

• Көңүл айланат, кусуу күтүлөт

Көпчүлүк эл башым ооруп жатат деп эле өз алдынча баш оорунун дарыларын ичип жүрө берип, офтальмологго оорусу өтүшүп баштаганда же өтүшүп кеткенде кайрылышат. Андыктан баш басылбай ооруса невропатолог менен кошо офтальмологго да текшерилүү зарыл.

ООРУНУН ФОРМАЛАРЫ

Ачык бурчтуу глаукома. Бул түрүндө глаукома менен жабыркагандардын 80 пайыздайы ооруйт. Бул формада көздүн карек айланасындагы челинин бурчу (радужная оболочка глаз) ачык болот. Көздүн ичиндеги суюктук иштелип чыгылат, бирок агып чыкпайт. Ушундан улам көздүн басымы жогорулайт.

Жабык бурчтуу глаукома. Көздүн ичиндеги суюктук иштелип чыкпайт, агып да чыкпайт. Көздүн көрүү талаасы начарлайт.

ООРУНУН ТҮРЛӨРҮ

Курч кармаган түрү. Көздүн ички кан басымы сымап мамычасы боюнча 50 миллиметрге чейин кескин көтөрүлүп, приступ берет. Көз кан куйгандай кызарып, көрүү дароо начарлайт. Көңүл айланат. Дароо офтальмологго кайрылып дарыланбаса сокур болуу коркунучу жаралат.

Өнөкөт түрү. Көздүн кан басымы кескин түрдө өтө жогорулабай жүрө бергендиктен адам өзү ооруга чалдыкканын билбей, качан гана бир көзү жакшы көрбөй баштаганда дарыгерге барышы ыктымал.

Тубаса түрү. Бала глаукома менен туулат.

Ювенилдик түрү. Бул жаш балдарда жолугат.

ДИАГНОЗ

Диагноз коюу үчүн тонометр менен текшерүү, офтальмоскопия, периметрия (көрүү талаасын текшерүү), оптикалык когеренттик томография керектелет.

ДАРЫЛОО

Дарылоодо 3 ыкма бар: консервативдүү, лазердик жана операциялык. Оорунун даражасына жана ачык, жабык бурч түрүнө карап дарылоо ыкмасы тандалып алынат. Жабык бурч түрүндө операция жасалып, бурч ачылат. Ачык бурч түрүндө көздүн суюктугунун агып чыгышы калыпка келтирилет.

Дары-дармектерден көздүн кан басымын төмөндөтүүчү тамчылатма дарылар куюлат, асма укол берилет.

Дарылоого кошумча көздүн чет жактарына сүлүк курт коюу, бутка жылуу ванна жасоо сунушталат. Бутка ванна кан тамырдын тромбофлебит, варикоз оорусу барларга врач сунуштаса гана алардын көзөмөлү менен колдонулат. Болбосо ванна жасоодо буттагы тромб жылып, жарылып кетип, адам каза болуп калуусу ыктымал.

Гипертония, баш сөөк алдындагы басым оорусу, бутунда артрит оорусу бар айрым адамдар глаукома оорусу бар экенин билбей курортко барышат да, дарылык ысык ванна кабыл алышып, анан көзүм начар көрүп калды же көрбөй калдым деп келишет. Андыктан көрүү начарлаганы, көздүн ооруганы билинер замат текшерилип, дарыланса мынчалыкка жетпейт.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

Компьютерде узак иштөөдө ар 2-3 саатта көздү эс алдыруу, көз үчүн көнүгүүлөрдү жасап туруу керектелет. Врачка көзүн текшертип, ал жазып берсе дары алып, аны убак-убагы менен тамызып туруу кажет. Андан тышкары оптика дүкөндөрүнөн авторефрактометр аппараты менен көзүнүн абалын текшертип алса болот жана антирефлексттик коргоочу катмары бар көз айнек сатып алып тагынуу сунушталат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан