Жан Воинов, бийчи: “МАДОННАНЫН БИЙЧИЛЕРИ КАЛПАК КИЙИП БИЙЛЕШКЕН”

Алпаруучу, бизнесвумен Ассоль Молдокматова жана спортчу Александр Воиновдун уулу Жан Воинов кыргыз желегин эл аралык аренада желбиретип жүрөт. 14 жашынан бери бий ааламында жүргөн бийчи учурда 25 жашта. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Маек бийчинин жашоосундагы үйлөнүүдөн кийинки өзгөрүүлөр, чыгармачылык тууралуу болду.

– Салам, Жан! Көптөн бери көрүшө элек экенбиз, баары жакшыбы?

– Саламатсызбы, баары жакшы.

– Мурунку интервьюңда бойдок элең. Эми бир кыздын атасы болдуң, кандай сезимдер болду?

– Албетте, балалуу болгондо адам бир чоң тепкичти аттап өткөндөй сезилет. Кызым төрөлгөндө абдан бактылуу болуп, чоң жоопкерчилик алдым. Акырындан чоңоюп келе жатат, 3 жашка чыкты. Ар кандай кылыктары менен баарыбызды кубандырууда. Ата болуу сөз менен айтып жеткире албаган сезим экен, эң биринчи жоопкерчилик сезими басымдуулук кылды менде.

– Үйлөнгөндөн кийин кандай өзгөрдүң?

– Дагы деле жоопкерчилик (күлүп). Мурун өзүң үчүн эле жооп берсең, сен дагы бир адамга жоопкерчилик алып жатпайсыңбы? Дүйнө таанымым үйлөнгөндөн кийин өзгөрдү десем болот. Жубайым менен жолдорубуз кесилишип, үйлөнүп калганыбызга мен аябай кубанам. Анткени өзүңдүн адамыңды табуу өтө кыйын. Жубайым кесиби боюнча юрист, аудитор.

– Дайыма сенин эл аралык бий сынктарга катышып жатканыңды көрчү элек. Кийинки убакта анча активдүү болбой калгандай сезилип жатасың...

– Мен азыр көп убактымды өзүмдү өстүрүүгө арнап жатам. Убактымдын көбү машыгууга кетет. Бирок бий дүйнөсүндө мени такыр эле жок болуп кетти дегенге да болбойт. Иш-чаралардын баарына барып катышып жүрөм, коронавирустун дүрбөлөңү менен дүйнөдө бир топ сынактар өз ишин токтотуп коюшту. Азыр жаңы жанданып келе жатат. Эл аралык сынактар болуп калса эле мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай катышабыз.

– Кел, артка бир аз кылчайып көрөлү. Балалыгыңда кандай бала элең?

– Бала кезимден эле бир орунга тура албаган, тынчы жок, тентек бала болчумун. Менде чоң энергиянын агымы бар эле, аны кайда жумшаарымды билбей кыйналчумун. Бий менен алек боло баштаганда бул нерсе меники экенин түшүндүм, бардык энергиямды бийге, чыгармачылыкка жумшадым. Бул өз жайынтыгын берип, көп өлкөлөрдө кыргыздын желегин көтөрүп чыктым.

– Атаң Александр Воинов спортчу, бий өнөрү менен алек болушуңа каршы болгон жокпу? Көбүнчө аталар уулунун өз жолун улантышын каалайт эмеспи.

– Жок, атам такыр каршы болгон эмес. Ата-энем менин кесип тандоомо эч кандай каршылык көргөзгөн жок. “Негизгиси кесибиң сага жаксын, сага жана башкаларга пайда алып келе турган иш болсун” деп тандоону өз колума беришкен. Атам экөөбүздүн ортобузда маселе болгон эмес, азыр деле эч кандай маселе болбой келе жатат. Бийчиликти эмнеге тандадым? Мен кичинемден эле чыгармачылыкка жакын болуп, сахна менен аралашып чоңойдум. Мен бий менен адамдарга жакшы маанай тартуулагым келет. Чыгармачылыктын өзүнүн бир кумары бар, мени ошол нерсе жетелеп кетти деп ойлойм. Ритмди сезе алам. Бийчиде бир топ сапат биригип, жан дүйнөсүнөн сыгылып чыгып элге өз өнөрүн тартуулайт. Бийлеп жатканда мыкты маанайды, жашоо кумарын элге тартуулайсың. Жакында Францияда өтүүчү эл аралык сынакка менин окуучуларым барат. Алар менен чогуу барам, жакшы ийгиликтерге жетишебиз деген ойдомун. Францияда өтө турган бул чоң сынакта мен калыстар тобунун мүчөсүмүн.

– Ассоль Молдокматова жакында турмушка чыга турганын билдирди. Апаңдын болочок жолдошу менен мамилеңер кандай?

– Мен конфликтсиз адаммын, мамилебиз жакшы. Бардык адамдар менен тил табышканга аракет кылам. Бирөөнү жаман көрүү деген нерсе менде жок. Апам, атам, иним, досторум мени курчап турган бардык адамдар менен жылуу мамиледемин. Ачык-айрым, позитивдүү жигитмин.

– Бул өтө жакшы сапат, негизи жан дүйнөнү кантип байытасың?

– Китеп окуганды жакшы көрөм, дүйнөлүк адабиятты, психология боюнча, бизнес боюнча, кээде мектеп программасындагы китептерди деле окуп калам. Акыркы эки жылда эски тасмаларды көргөндөн ырахат алчу болдум.

– Сен үчүн эмне маанилүү, чыгармачылыкпы же байлыкпы?

– Мен үчүн жасап жаткан ишимден эргүү алуу маанилүү. Мындан ырахат аласың, байыйсың. Байыйсың дегеним, сен бир ишти кылып жатсаң, ырахат алсаң, андан сага акча түшүп турса сен бул жашоодо өтө бактылуу адамсың. Мен үчүн сүйүп жашап жаткан ишим маанилүү, андан акча табуу экинчи планда калат. Мисалы, биз бий боюнча чемпиондукту өткөрүп жатканда Мадоннанын бийчилери Кыргызстанга келди. Биздин улуттук кыргыз кийимин кийип, калпакчан бийлешти. Аябай кубандым, анткени алар биздин маданиятты, салт-санаабызды позитив менен кабыл алышты. Өтө масштабдуу сынак болду. Кыргызстанда мындай биринчи жолу жана ийгиликтүү өттү. Андан жеңген бийчилер Францияга өз өнөрүн көрсөткөнү барышат.

– Бийчи Атай Өмүрзаков менен чыгармачылык байланыштасыңарбы?

– Биз чогуу иш алып бара элекпиз, анткени эки башка жанрда, форматта бийлейбиз. Бирок жакшы мамиледебиз, сүйлөшүп турабыз.

– Маегиңе рахмат, чыгармачылык ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан