Жылдыздар турмушунан
Супер ырчы, мыкты аранжировкачы Ильяз Абдыразаков бойдокчулук менен кош айтышып, “малыш” аты өчүп, бир коломтонун кожоюнуна айланды. Кадамжайдын таланттуу жигити Ак-Талаанын перисине сүйүүсүн арнап үйлөнүп, 19-декабрда, борборубуздагы ресторандардын биринде 200дөн ашык санаалаштарын чогултуп той берди. Чындыгында, канчалаган кара көздөр дал ушул жигиттин караанына кагылып, анын ырлары менен кирпик какпай таң атырчу эмес беле. Андыктан, күйөрман кыздар, көз жаш төкпөй, сүйүктүү ырчыңызга бакыт тилеңиз.
Ильяздын апасы Уулкан эже:
“КЕЛИНИМ АЗЫРЫНЧА ОЙДОГУДАЙ...”
– Уулкан эже, келин кут болсун! Келиниңизди кызыңыздай кабыл алдыңызбы?
– Рахмат. Албетте, келинимди кызымдай көрөм. Медина “мама, чай ичиңиз. Папам кайда жүрөт?” деп сурап сүйүнтүп жатат. Демейде унчукпай, жоош жүргөн Ильяз күлүп-жайнап бир башкача болуп калды. Азырынча келиним ойдогудай, кийин деле уулумду, бизди сыйлайт деп ишенем.
– Калыңды катырып бердиңиз. Нарын менен Баткендин салтында айырма болсо керек?
– Калыңына 2 миң доллар, эне сүтү деп 30 миң сом бердик. Баш алып жатабыз, бизге бүлө болот деп балабыз үчүн баарына даярбыз, колубуздан келгенди жасадык. Салтыбызда айырма бар, ооба. Бирок эки жактын салтын бирдей аткардык. Биз барганда алардын салтына баш ийсек, алар келгенде биздин салтты карманышып, куда-кудагыйлар менен жакшы эле тил табыштык.
– Тойду тез аранын ичинде өткөрүп жибердиңиздер...
– Жакшылыктын эрте болгону жакшы эмеспи. Ильяз тойдун алдында Медина менен тааныштырды. Уулума жаккан кыз мага да жакты. Медина Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын юридикалык факультетинде 2-курста окуйт.Той болот дегенди уккан тууган-урук айылдан 3 күн мурун келишти. 16-декабрда келиниме сөйкө салып, үйүмө киргиздим. Азыр келген коноктордун аягы үзүлө элек. “Той качан болот? Тойго эмне бизди чакырбадың?” деген таарынычтар көп болууда. Буюрса, Ильяздын кичи мекени Кадамжайга, анан тага журту Араванга жаз келери менен той берип, элден бата алып берсекпи деп турабыз.
– Күйөрман кыздары сизге чейин чалышчу эле, той болорун укпай калышкан окшойт...
– Той болордо деле, той күнү, мына бүгүн да чалып жатышат, албай койдум. Эмне деп айтмак элем, баарынан да күйөрмандардын көңүлү суубасын. Мен ойлойм, Ильяз бардык кыргыздын кыздарын жакшы көрөт, сыйлайт. Чыгармалары уулумдун ырын сүйгөн адамдарга арналат. Уулум менен келинимди маңдайыма отургузуп алып айттым. “Турмуш жолуна бирге аттандыңар. Эми экөөң бири-бириңерди колдогула. Ильяз, чыгармачылыкты таштаба. Медина, сен ага жардам бер” дедим.
Ильяз Абдыразаков:
“АЯЛЫМДЫ САГЫНЫП КЕТТИМ, БАРАЙЫН”
– Ильяз, Медина күйөрманың беле?
– Карындаштарымды узатып барып, Мединаны көрүп калган элем. Анан алардан телефонун алып чалдым, кийин ал чала баштады. Чындыгында, Медина менин бир да концертиме барган эмес экен. Мүнөзү, сырткы сулуулугуна ички сулуулугу дал келгени менен өзүнө арбап алды окшойт. Эки айдан ашык сүйлөштүм. Оу, Медина үчүн далай концерт, тойлордон калдым. “Келип кал” дегенде, кайда жүрбөйүн такси менен болсо да жетип барчумун. Ошентип жүрүп баш коштум.
– Нарынга күйөө бала болдум де, балдыздарың кулагыңды кызарта чойгондур...
– Медина үч кыздын ортончусу. Кайын атам, кайын энем экөө тең жеке ишкер. Бир кайнежем, бир балдызым бар. Алдына түшүп барган күнү бир эмес, эки балдыз келип кулакты чойду. Экөөнө эки жүз сомдон бердим. Калган кыстырмай, салттарды досторум чыгарып жатышты.
– Эмнегедир тойдо мурдагы продюсериң Баяке Чааров көрүнбөдү...
– Баякеге чакыруу кагазын жөнөткөм, келбеди. Достору келип, куттукташты. Сурасам, сыркоолоп ооруканада дешти, ошон үчүн келбей калган окшойт, айыгып кетсин.
– Бал айын кайда өткөрөйүн деп жатасыңар?
– Досторум Антальяга жолдомо алып беребиз дешүүдө. Шах деген досум Түркияга чакырууда. Байкем Мирлан Ниязов “Дубайда эс алып келгиле” деп айтууда. Бирок азырынча баралбайбыз го. Себеби Жаңы жыл алдында көп жумуштарым бар. Казакстанга да чакыруу алып койгом. Кечээ Медина экөөбүз отуруп алып ыр жаздык. Азырынча экөөбүздүн бал айыбыз үйдө эле өтүп жатат. Бүгүн кечке көчөдө жүрүп, көп кыздарды көрүп... Кыскасы, аялымды сагынып кеттим, жанына барайын.
– Медина сени азыртадан ноктолоп алган окшойт, азамат. Ильяз, эми “арманым, азаптар” деп сыгылбай, “Эркем айды” кайра жаңыртып ырдап жүр. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн, бактылуу болгула!
Бурул Исмаилова
star@super.kg