Нурмат Садыров, ырчы: «АПАМДЫ КӨРГҮЧӨ КУСА БОЛУП ТЫБЫРЧЫЛАП КЕТИП ЖАТТЫМ»

“Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,

Өз баласын артык көрүп баарынан.

Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,

Эне – кымбат, эне – ыйык баарынан”,- демекчи, эне – дүйнөдө теңдеши жок асыл зат. Бул жолу алтын апасы тууралуу ырчы Нурмат Садыров сыр бөлүштү. Анда мугалим, беш баланын апасы Базаркан эжени уулу кандай сүрөттөп берет, көз жүгүртүңүз.

“АПАМ НЕБЕРЕ БАГЫП ИШТЕЙТ”

– Апам Базаркан Тажыбаева быйыл 65 жашка толот. Апамдын бир кыз, төрт эркек баласы бар, азыр небере баккыч болуп иштейт (күлүп). 25 жылдан ашык мектепте мугалимдик кесипти аркалады, азыр ардактуу эс алууда. Окуучулар эң мээримдүү, урушпаган мугалимди жакшы көрөт эмеспи, апам ошол окуучулар жакшы көргөн мугалимдердин бири. Мүнөзү аябай жоош, бирок тамаша-азил менен айтчу сөзүн айтып ала турган киши. Менин тамашакөй мүнөзүм апамды тарткан деп ойлойм. Апама да, атама да жакын чоңойдум. Шариятта “эгерде апаң менен атаң бирдей убакта чакырса, биринчи апаңа бар, экинчи, үчүнчү жолкусунда да апаңа бар, төртүнчү жолу чакырганда гана атаңа бар” деп айтылат эмеспи. Апанын даражасы баары бир бала үчүн бийик болушу керек. Ошол үчүн ар бир баланын апасы менен башкача байланышы болот. Бирок атанын атадай орду бар. Мен экөөнү тең жакшы көрөм.

«АПАМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМА ЖОЛ САЛДЫ»

– Апам менен болгон таасирдүү окуялар көп. Кичинемде кароо-сынактарга көп катышчумун, өзү алып барып сынак бүткөнчө тынчсызданып жанымда болор эле. Айылдагы тигүүчүлөргө жылтырак-жултурак кийимдерди тиктирип алып менин сынактарыма күйүп-бышып кошо даярданчу. Ар дайым экөөбүздүн мээнетибиз кайтып, сынактардан байгелүү келчүбүз (күлүп).

Апамды жакында Мекке шаарына алып барып келдим. Ал жакта аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө отурат эмеспи, анан ажы акелерден апа тууралуу укмуш баяндарды уктум. Ыйлагың келет экен. Апам менен эрте саат 7де тамак ичкенде ашканадан жолугабыз, Каабага чогуу барабыз, анан кийин апам аялдар жамааты менен бирге кетет. Ошо баяндардын таасириби, же ыйык жердин таасириби, эртең менен апамды саат 7де көргүчө тыбырчылап кусаланып кетип жаттым. Жаш бала апасына жабышып калат го, куду ошондой ысык сезимдер болду. Апама өмүр бою кызмат кылсам да аз экенин сездим. Ошол Меккеге болгон сапар аябай мен үчүн таасирдүү болду.

«БЕЛЕГИМ...»

– Апамды ар дайым кубантып тургум келет, сүйүнткөн белектерди берип турам. Бирок көп учурда Инстаграмга чыгарбайм. Анткени апама көз тийип кетеби деген кооптонуу бар. Эл баласына көз тийип кетет деп абайлайт эмеспи, меники тескерисинче, апамды аярлап турам. Апамдын мага берген белектери толтура. Кичине кезимде мектепке жакшылап даярдачу. Ал күнү уктай албай, апама кайра-кайра кийимдерди көрсөтүп толкунданып чыкчумун. Бир сюрприз жасаганым эсиме түшүп кетти. Алгачкы концерт берип жатканымда апама айтпай эне тууралуу ыр жаздырдым. Ага чейин эне жөнүндө ырларым жок болчу. “Жан апа” деген ырдын сөзүн өзүм жазып, обонун Эдил Маматовго чыгарттым. Ыр даяр болсо да көпкө чейин угузбай жүрүп, анан концертте ырдап чыктым. Апам өзүнө арналган ырды угуп аябай толкунданып ыраазы болгон.

«АПАМ МЕНИ МЕНЕН БОРБОРГО КЕЛГЕН»

– Апам эч бир баласын өзүнчө бөлүп мамиле жасабайт. Мээрими, сүйүүсү баарыбызга жетет, ал тургай неберелери да апамдын сүйүүсүнө балкып турат. Бирок мен эң кичүү баласымын, анан элдин көзүндө жүргөн үчүнбү, мени менен сыймыктанып калганын байкайм. Апамды эл көчөдөн таанып калышат, сүрөткө түшүп калышат. Ошондой жерлерде апам мага ыраазы болуп калат. Мен 9-классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырганда, апам айылдан мени менен чогуу келген. Улуу агаларым бизден биринчи Бишкек шаарына келишкен эле, апам экөөбүз батирлеп жүрүп, кийин үй алып, баарыбыз шаардык болуп отурукташып калдык. Андыктан апам дайыма жанымда. Гастролго же чет өлкөгө кеткенде эле айрылышпасак, дайыма эле чогуубуз.

«ӨЗҮМДҮ ЗАМАНБАП МУУНМУН ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙМ»

– Апам экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр, карама-каршылыктар такыр болгон эмес. Азыркы муун, же мурунку муун ортосунда каршылыктар болот эмеспи, мен өзүмдү заманбап муун деп деле эсептебейм. Атам менен апам берген тарбия менен эле келе жатам, алар кандай деп айтса ошондой болот. Азыр демократия деп эле укмуш болуп кетишпедиби жаштар, биздин үй-бүлөдө ата-эне менен баланын ортосунда чоң сый-урмат бар. Ушундай болуш керек деп ойлойм, мен деле кийин, буюрса, балдарымды так ушундай тарбиялайм.

Апам менин эч бир тандоомо каршылык көрсөткөн эмес, ырдайм десем ырдатты, музыкалык окуу жайга тапшырам десем “макул” деди. Ушул күнгө чейин эле эркиме коюп келе жатат. Келечекте келинчек тандоомо деле каршы чыкпайт болушу керек. “Сенин акыл-эсиң бар, сага ишенем, жүрөгүң кандай деп жатса ошондой чеч” деп гана коёт.

Апам бар үчүн мен ырдап, жыргап жашап жүрөм. Мен үчүн байлык, бийлик, атактуулуктан, баарынан бийик турган –апам! Ушул кишинин ыраазычылыгын издеп келем, апама жакшы карай турган келинчек издеп жүрөм. Менин келинчегимдин да апама окшош мүнөзү болсо деп тилек кылып келем. Апамды аябай сыйлаган, жакшы көргөн келинчек алсам экен.

Апа, мен сизди жакшы көрөм. Дөөлөттүү карылык каалайм. Биздин төрүбүздүн көркү болуп көп жашаңыз. Бала төрөлгөндө эненин бардык күнөөлөрү кечирилет дешет. Периштедей таптаза апам жана жалпы эле апалар, дайым бар болуңуздар!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан