ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 18-24-июлга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жумушта өнөктөштөр менен маселе жаралышы мүмкүн. Алар өз кызыкчылыгын коргоп сизге бир топ чабуул жасашат, бирок сиз туруштук бересиз. Сүйүктүүңүз менен жумшак жана этият болгонго аракет кылыңыз, анткени сиздин жүрүм-турумуңуздагы көп нерселер ал үчүн күтүүсүз болушу мүмкүн. Ата-энеси менен чогуу жашагандарда пикир келишпестик орун алат, жакшысы ата-энеңиз менен жаңжалды курчутпаңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылыңыз. Мында туура тамактануу, диета кармап салмак таштоо да маанилүү роль ойнойт. Аптада кирешелер көбөйүшү мүмкүн, көптөн бери кыялданып жүргөн жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк болот. Алыска иш сапарга же эс алууга даярданып жаткан болсоңуз сапарыңызды кийинки жумага жылдырып туруңуз. Ден соолугуңузга көбүрөөк көңүл буруу сунушталат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада көбүрөөк эркиндикке ээ болуп, каалаганыңызды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жылдыздар стресске туруктуулугуңузду сынайт, андыктан анча-мынча коркунуч жараткан жагдайлардан алыс болгонуңуз туура. Жумушта жетекчиңиздин мактоосуна татып сүйүнөсүз. Сүйүктүүсү барлар аны менен өзгөчө эмоционалдык жакындыкты туя алышат. Бойдоктор жакшы көрүү сезимин сүйүү менен алмаштырып албаганы туура.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бул жумада бөйөндөр жалгыз болууну каалашат. Талаш-тартыштарга аралашпаганга, чыр-чатактардан оолак болгонго аракет кылыңыз. Түгөйүңүз менен чечилбей жүргөн маселени аптада козгобой турганыңыз жакшы. Балдарга көп убакыт, мээрим бөлүңүз, ушул учурду өткөрүп жиберсеңиз балаңыздын жүрүм-туруму кескин өзгөрүп кетиши ыктымал. Эс алуу күндөрү үйдөгү чарба иштери менен алек болуңуз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада көп нерсени каалагандыктан эмес, муктаж болгондуктан жасашыңыз керек болот. Жумуштун көлөмү, үйдөгү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн алдындагы милдеттер көбөйүшү мүмкүн. Үй жаныбарларын сатып алуу жана аларга кам көрүү үчүн жакшы убакыт эмес. Ошондой эле достор менен көбүрөөк убакыт өткөрүү, кечелерге, чакырууларга калтырбай баруу сунушталат. Апта соңунда өзүңүз тууралуу башкалардан мактоо сөздөрүн угуп кубанасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Балалуу бийкечтер алардын жүрүм-турумуна тынчсызданышы мүмкүн. Балаңыздын баш ийбей, агрессивдүү болуп калышына көзөмөлдөн чыгып кеткени себеп, андыктан аларга жетиштүү убакыт бөлүңүз. Карьералык өсүш үчүн өзгөчө жакшы учур. Балким, сизге жаңы кызмат оруну сунушталат. Кол алдыңыздагы жумушчуларга сылык болгонго аракет кылыңыз, антпесеңиз компанияңызга жумушчу токтобойт. Эс алуу күндөрүн табият коюнунда жакындарыңыз менен чогуу өткөрүңүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аба ырайы сиздин маанайыңызга түздөн-түз таасирин тийгизет. Бирок жамгыр жааса да күн чайыттай ачылгандай маанайда жүрүү сиздин колуңузда. Үй-бүлөдө лидерликти талашып ызы-чууга барбаңыз, башкаруу рулун өз карамагыңызга алгыңыз келсе ал максатыңызга дароо эмес, акырындан жетсеңиз болот. Жакындарыңызды таарынтып албаңыз, ортодогу таарыныч көпкө узап кетиши мүмкүн. Шаардан анча алыс эмес жерлерде саякаттоо үчүн ыңгайлуу учур.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Эски, керексиз буюм-тайымдарды таштандыга ыргытып, ордун жаңы керектүү жабдыктар менен толтуруңуз. Аптада алыска сапарга чыгуу сунушталбайт, жолдо кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Унааңыз болсо, анын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруңуз. Ошондой эле насыя алуу, карыз төлөө милдеттенмелерин чечүүдө ийгилик коштойт. Бойдоктор баш аламан мамиле түзүүнү токтотуп, туруктуу өнөктөш тапканы туура.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Түгөйүңүз менен мамилеңиз сонун болгонуна карабастан сиздерди каржы көйгөйү бир топ түйшүккө салат. Жакшысы чыгашаңарды катуу көзөмөлдөө зарыл. Үй-бүлө кура элек, бирок туруктуу мамиледе жүргөн түгөйлөр мамилесин мыйзамдаштырып, той күнүнүн датасын белгилеши мүмкүн. Кыймылсыз мүлк алам деп пландап жүргөндөр ийгиликтүү сатып алуу жүргүзүшөт. Башкысы туура максат койгонду билсеңиз эле баары орундалат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада энергияңыздын көбүн үйдөгү жана жумуштагы абалды тартипке салууга жумшайсыз. Үйдөгү тазалык ден соолугуңузга жакшы таасирин тийгизет. Адамдарга ишенип төгүлүп сырларыңызды айта бербегениңиз жакшы, себеби айткандарыңыз кайра сизге каршы колдонулуп калышы толук мүмкүн. Ишемби, жекшемби күндөрү буга чейин кылган жакшылыктарыңыздын акыбети кайтып кубанасыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Романтикалык мамилелердин бышкан мезгили, балким, сүйүктүүңүз менен мамилеңизди мыйзамдаштырганга убакыт келди. Турмушка чыгуудан же үйлөнүүдөн коркпоңуз, мындай кадам эң биринчи сиздеги жоопкерчилик сезимин күчөтөт. Суу куяр айымдар алтын зер буюмдарын белекке алышы мүмкүн. Бойдоктор биринчи таанышкан адамына байланып калуудан абайлашы керек.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жылдыздар балыктарга достору менен байланышты убактылуу токтотуп, үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көбүрөөк убакыт бөлүүнү сунушташат. Анткени сиздин аларга жакындыгыңыз алар үчүн башкача мааниге ээ болот. Үй-бүлө менен чогуу пикникке чыгуу, эс алуу түйшүктөн арылтып, сизди чындап кубандырат, шыктандырат. Өнөкөт оорулардын алдын алуу үчүн медициналык кароодон өтүп коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан