Кубаныч Баркалбасов, ырчы, тамада: “ӨЗҮМДҮ ЖЫЛДЫЗДУУМУН ДЕП ЭСЕПТЕЙМ”

Бул жигиттин дайыма шаңдуу жүргөнүн гана көрөбүз. Тойлордун көркүн ачкан тамада, акыркы учурда жылдыздардын жакшылыктарын башкарып жүргөнүн да байкасаңыз керек. Ырчылык өнөрү да бар, айтор, шоу-бизнестин көркүн ачкан жигит Кубаныч Баркалбасов маектешим. Ал адаттан тыш суроолорго бирде олуттуу, бирде шайыр маанайда жооп узатты.

– Кубаныч Баркалбасов ырчы, тамада, дагы ким?

– Бир баланын атасы, бир аялдын жолдошу (күлүп).

– Элди таң калтырыш үчүн кандай кадамдарга бара аласыз?

– Экинчи аял алып салыш керек го дейм.

– Ага таң калбай калышкан...

– Билбейм, ойлонуп көрбөптүрмүн. Азыр таң калтыра албай деле калдык го элди.

– Бир күн тойго барбай калсаңыз өзүңүздү кандай сезесиз?

– Буулугуп, үйдөгүлөргө той алып барып баштайм (күлүп). Кээде тойлор жок болуп калат да. Мисалы, орозо маалында кеч киргенде эле буулугуп, эмне кыларымды билбей ары-бери басып калдым, көнүп калат экенсиң тойдо иштеп жүрүп.

– Качан хит ыр жаратасыз?

– Ар бир ырды чыгарганда “ушул ыр хит болсо экен, элдин жүрөгүнө жетсе экен” деп чыгарасың. Бир ырчынын 20 ыры болсо, бир ыры менен элге таанылат да. Хит ырды жаратабыз, Кудай буюрса. Сиз түптүз эле бетке чабасыз го адамды (күлүп).

– Маектин форматы ушундай, капа болбоңуз. Ырчылыкта канчанчы атамансыз?

– Биринчи атаманмын, “любоюн” артта калтырам деп салсаң, ээ (күлүп)? Тамашалап жатам, кыйын ырчымын деп айта албайм. Биринчи атаман бололу, буюрса.

– Тамадалыкта канчанчы атамансыз?

– Тамадалыкта биринчи атаманмын. Ал жактан бербейм эч кимге деппи (күлүп). Тамаша, чоң тамадалар эртең келип мени коколобосун. Тамадалар деле шоумен, классика түрүндө алып барган, ырдаган, бийлеген тамада деп көпкө бөлүнөт. Айрымдарын харизмасына карап чакырышат. Менде баары бар, классикалык түрдө да алып барам, үнүм да кооз, ырдаганыма да карашат. Экинчиден, жылдыздардын тойлорун көбүнчө мен алып барам. Ушул жыл тамадалык жаатта жемиштүү болду.

– Биринчимин дебесеңиз дагы өзүңүздү мыкты ырчы, мыкты тамада сезесизби?

– Кудайга шүгүр, талантым бар. Бирөөгө жакшылык каалай алмайынча өзүңө жакшылык келбейт деп коёт го. Бирөөдөн мыктымын же андан ашып кетейин дебейм. Чын айтам, башкаларды чын эле мыкты болуп кетсе экен дейм. Калп эле маекте жакшы көрүнөйүн деп айтып жаткан жокмун. Чын жүрөгүмдөн тамада досторума ийгилик каалайм, ырчы досторумдун ырлары хит болуп кетсе экен дейм.

– Кимдин тоюн алып барганыңыз менен сыймыктанасыз?

– Ар бир тойду алып барганыма, бата алып жатканыма сыймыктанам. Жылдыздардын ушунча тамаданын арасынан мени чакырып жатканына сыймыктанам. Нурлан Насип байкенин атасынын тоюн алып бардым, Шумкар Бейшенелиевдин, Аяна Касымова, азыр талкуу болуп жаткан Нуркул менен Мадаленанын тоюн алып бардым. Ошолордун тоюн алып барганыма сыймыктандым. Алардын тамада достору аябай көп, он досу болсо, бешөө тамада. Арасынан иргеп мени чакырып жатканы мен үчүн чоң бакыт.

– Тойдогу күлкүлүү окуялардан айтып берсеңиз.

– Бир ирет Кара-Балтага тойго бардык. Кудайга шүгүр, мен жакшы ырдайм, үнүм бар. Бирок кээ бир жерлерде аппаратура “өлүп калган”, айла жок фонограмма менен ырдадым. Ырдап жатып 3-куплетке жеткенде музыкант экөөбүз тамашалашып сүйлөшүп кетип, алаксып кетиптирмин. Ырым кете бериптир, мен тиги менен сүйлөшүп тура бериптирмин. Антракт жаңы башталган да. Эч ким байкаган жок. Тойго же бийлебейт, же тамак жакшы жебейт, сынап келген адамдар болот го, ким эмне кылып жатканын карап отурушат. Ошондой 3 эже көрүп калыптыр. Тиктеп отурушат мени. Уялып ошол эжелердин бетине карай албай койгом.

– Аялдардагы кыжырыңызга тийген сапат?

– Аял деген назик болушу керек го, эркек мүнөз боло берген кыздар көп жакпайт. Үйдү башкарам дей берип, үйдөн чыр чыкканынын себеби ошондон деп ойлойм, кыз деген кыздай, назик болушу керек.

– Эркекчи?

– Эркек эркектей болуп айтканын аткарышы керек. Эркектерден майдачылдар жакпайт.

– Аялыңыз чыр чыгара баштаганда эң биринчи айткан сөзүңүз кайсы?

– Бүктөп таштайм де (күлүп). Тамаша, аялым чыр чыгара элек ушуга чейин. Мактанып коёюнчу, менин аялым ушундай сонун, такыр чыр чыгарбайт.

– Миллиард доллар берип, досуңдун сырын айт десе эмне кыласыз?

– Айтмакмын, сатып кетмекмин, достун кереги жок, миллиард керек деп (каткырып). Тамаша. Сиз эмне кылмаксыз?

– Акчаны алмакмын (күлүп).

– Мен деле карап көрмөкмүн, сатып салчу дос болсо сатмакмын. Бир досумдун сырын ачып миллиард доллар алып туруп, анын миллионуна толтура дос күтүп алмакмын деп салсаң, ээ (күлүп)?

– Эң көп канча суммадагы акча кармап көргөнсүз?

– Бир миллион сом.

– "Красавчик" дегенди кандай түшүнөсүз?

– Ар кандай түшүнүп алсаң болот. Кээ бири жакшы иш кылсаң "красавчик" дейт. Башкасы татынакайлыкты түшүнөт.

– Сиз "красавчиксизби?"

– Ооба. Мен, шайырмын. “Барбалаңдап турат экенсиң” деп көбү айтышат. Кээ бир балдар болот го, келбеттүү, бирок жылдызы жок, сүйкүмү жок. Мен өзүмдү жылдыздуумун деп ойлойм. Буга чейин кыздар менен сүйлөшүп калганда алар шайырлыгымды, күлдүрүп сүйлөгөнүмдү жактырышчу. Бир кыз “маймылдан айырмаң жок. Көзүң жымшыйып, мурдуң барбайып картошка, бирок ушундай башкача жылдызың бар, адамды тартып турган нерсең бар” деген.

– Бир учурда канча кыз менен сүйлөшүп жетишсе болот?

– Антип жетишсе болбойт, уят, антпеш керек. Мен бир эле кыз менен көп убакыт сүйлөшкөм. “Однолюб” деп коёт го, ошондоймун.

– Эмнеңиз менен мактана аласыз?

– Кудай берген үнүм, кесибим менен, айланамда курчап турган жакшы досторум, үй-бүлөм менен, мактанчу нерсем көп.

– Сизге көз тийди беле?

– Жымшыйып турсам эмнеме көз тиймек эле.

– Көрө албагандар көппү?

– Көп эле болуш керек, билдирбейт да.

– Жашоодо кылган эң чоң жиндилигиңиз?

– Ушундай жакшы баламын, такыр жиндилик кылбай түптүз жүрөм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан