Арзыбек Бедияров, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “АК ЖОЛТОЙ ҮЙҮМДӨН КИШИ ҮЗҮЛБӨЙТ”

Жараткандын Арзыбек Бедияровго тартуулаган белеги – бул обончулук өнөрү.

Ошол өнөрдүн үстүндө изденип, акындардын мааниси терең, сөздөрү мыкты ырларына обондорду жаратып, элге тартуулап келе жаткан инсан кичи мекени Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылында жашайт. Ошол үйүндө конокто болдук. “Биздин үй бири-бирине уланып, бир бүтүндүктү түзүп турган 2 үйдөн турат. 2 үйдү бириктирип турган бөлүктө менин иш бөлмөм жайгашкан. Бирок учурда ал бөлмөнү башка буюмдар ээлеп алган” деген Арзыбек мырза үйү менен тааныштырды.



“2 ҮЙДҮ 3 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК КАРАЖАТКА КУРДУК”

– 1980-жылдары Сузакта тамеки эгиле баштады. Атам “сен да элге окшоп тамеки тик. Тиккендер бутуна туруп кетет экен” деди. Макул болуп тамеки эктик. Бизге карындаштарым да жардамдашты. Алгачкы жылкы түшкөн кирешени иниме бердик, кийинки жылкы кирешеге мен машина алдым. 3-жылкы кирешеге жер тилкебизге 2 үй салганбыз. Анын бирин, башкача айтканда, чийки кыштан салынган үйдү бузуп, ордуна азыркы кыштоо үйүбүздү 2010-жылы салдык. Ага 1 миллион 300 миң сом каражат жумшадык. Аны салып жатканда чоң үйдө жашап турдук. 2016-жылы чоң үйдү бузуп, жаңыладык. Жаңы үйдү 9 айда куруп бүттүк, 1 миллион 800 миң сом каражат кетти. Ошого досторум мени “үй куруп эле жүрө берет турбайсыңбы” деп тамашалашкан.

2 ҮЙДҮН ОРТОСУНДА МЕНИН ИШ БӨЛМӨМ БАР, АЛ 2 ҮЙДҮ БИРИКТИРИП ТУРАТ.

Үйлөрдүн долбоорун өзүм түзгөм. Ички жасалгалары балдарга, жубайыма таандык. Эмеректерди балдарыбыз тандады.

Стол, стулдар мурунку өзүбүз колдонуп жүргөндөр. Буюрса, эми жаңыларына алмаштырабыз.

Үйүбүз ак жолтой үй, ушул үйгө келгени эч нерседен кем болбой келе жатабыз. Үйдөн такыр киши үзүлбөйт.

“БАГБАНЧЫЛЫККА ЖАКЫНМЫН”

– Сыртта селкинчек, чарпая (топчан) бар. Короого алма, өрүктүн сорттору, шабдалы, кокон гилас, анжир, помидор, бадам, бий алма, карагат, жаңгак, малина, бадыраң, гүл жана башкаларды эккенбиз. Учурда шабдалы, алма, помидор дегендер бышып, жеп жатабыз. Анжир азырынча жаш, бирок быйыл мөмө түйдү, буюрса, бышат деп турабыз. Көчөттөрдү жубайым алып келе берет, мен тигип, чоңойто берем. Бош убактымда бак, гүл, жашылчаларды сугарып, отоп жүрө берем. Ошондуктан менде тыным жок. Короодогу кооздукту карап чарпаяда чай ичсең кандай ырахат!

Мурун мал кармап, тоок бакчу элек. Балдар, кыздар окууларын бүтүп, ар кимиси ар жакка иштеп, турмуш куруп кетип, үйдө жубайым экөөбүз калдык. Ошого бир жакка кетсек карай турган адам жок, малды жок кылдык. Былтыр 24 жөжө баксак мышыктар жеп кетип, үчөө эле калды. Анан аларды дарылайбыз деп жатып өзүбүз өлтүрүп алдык. Ошентип азыр тоок жок. Күзгө чейин жөжө багып, чоңойтуп, кышта союп жесек деп турабыз.



Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан