Кутман Султанов, ырчы: «БИР КОЙГО АЛМАШКАН КОМУЗ МЕНИ ӨНӨР ДҮЙНӨСҮНӨ СҮЙРӨДҮ»

«Чолпонум», «Мырзайым», «Көк сулуу», «Аксыдагы алым сабак», «Насаат», «Кыз-жигиттин айтышы», «Нестан дарежан» жана башка ырлары менен белгилүү ырчы жана тамада Кутман Султановго түштүккө болгон сапарыбызда жолугуп, маектештик. Репертуарында жалпы 60тай ыры, 17 клиби бар ырчы сахнага кантип келип калганын, устаттары жана үй-бүлөсү тууралуу баяндап берди.

Туулган жылы – 1984-жыл, 14-агвуст

Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Алтын-Күрөк айылы

Билими – Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн

Материалдык байлыгы – машинасы, жаңы бүтүргөн үйү

Үй-бүлөсү – үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы. Жубайы Мунара Султанова кесиби боюнча физик, математик

«ЧОҢ ЭНЕМ МЕНИ ЫРЧЫ КЫЛГЫСЫ КЕЛЧҮ ЭМЕС»

– Бала кезде шок элем. Мектепте окуп жүргөндө музыка, кол эмгек сабактарын жакшы окуп, алгебра, математиканы жаман көрчүмүн. Далай ирет сабактан качтым.

Атам Тагайбек комуз чертет, ырдайт. Учурда 60 жашта. Атамды көрүп кыңылдап ырдап эле жүрчүмүн. Мектепте комуз ийримине барып жүрүп, кичи күүлөрдү черткенди үйрөнүп калган 5-класс кезим. Бир күнү атам экөөбүз сатмакка бир топ койду айдап, базарга бараткан элек. 15 чакты комуз көтөрүп алган бир киши алдыбыздан чыкты, ал да базарга баратыптыр. Атам «комузуң канчадан?» десе, ал «1 кой берсең бир жакшы комуз тандап берем» деди. Ошентип 1 койго 1 өрүк комуз алдык. Атам «бул комуз сеники. Каалашыңча черте бер» деди. Ошондон кийин күү, ырга болгон ышкым мурункудан да арта баштады. Ошол комуз азыркыга чейин бар, үйдө илинип турат. Ар жакка ташып, чертип жүрүп, капкагын бир нече жолу сындырып, жаңырттым. Ошол комуз мектепти бүткөндөн кийин, 2001-жылы, Ош мамлекеттик университетине тапшырганымда сары чемоданым менен кошо келди.

Окууга келгенимде искусство факультетине эмес, тарых факультетине тапшырдым. Анткени мен чоң ата-чоң эненин колунда чоңойдум. Чоң энем болсо мени ырчы, музыкант кылгысы келген жок. «Артисттердин үйү жок болот, аялы көп болот» деп койчу.

Окууга өтүп, жатаканада жашап калдым. Ал жерден азыркы ырчылар Айпери Кулбаева, Эмил Балтагулов менен таанышып, жакын болуп кеттик. Ырга, комуз, аккордеонго шыктуулар топ түзүп, жатаканалар арасында сынактарга катышып, алдынкы орундарга илинип жүрдүк.

Биздин факультеттин имаратында дастанчы, ырчы Жолболду Алыбаев, белгилүү композитор Эгемберди Талипов агайлардын кабинети бар эле. Ары-бери өтүп комуз, аккордеондун үнүн угуп, эшигине баш багып жүрүп алар менен тааныштым. Эгемберди агайдын «Үмүт» деген фольклордук-эстрадалык ансамбли бар эле. Ошого кабыл алындым, Айпери Кулбаева да анда солист болчу. Экөөбүз тамашалуу «Кыз-жигиттин айтышын» дуэт ырдай баштадык. «Үмүт» менен «Ала-Тоо жазы» республикалык студенттер фестивалында ошол ырды ырдап, Гран-прини утуп алдык. «Үмүттө» жүргөндө комузум колумдан түшчү эмес. Ошентип ал комуз мени өнөр сересине сүйрөдү жана алып келди.

«ГАСТРОЛДОП КЕТИП ЖҮРҮП, ОКУУНУ 9 ЖЫЛДА БҮТҮРДҮМ»

– Жолболду Алыбаев агайдын дастандарын өз алдымча ырдап жүрчү элем. Бир күнү чечкиндүүлүк кылып «Чолпонум», «Мырзайым», «Көк сулуу», «Балам жоктун» 1-2 куплетинен комуз менен өзүнө ырдап берсем абдан мактады. Ошондон тартып 21 жылдан бери Жолболду жана Эгемберди Талипов агай менен устат-шакирт жана ата-баладай мамиледе болуп келе жатабыз. Бир ирет Жолболду агай менен телевидениеге тартылып жатканыбызда «Кутман менин мыкты шакиртим» деп айтты. Ошондо «менин деле талантым бир топ экен» деп өзүмө болгон ишенич бир топ жогорулады. Агайга урматым мурункудан да артты.

Университеттин 5-курсун аяктап сынак тапшырар маалда Эмил Балтагулов, Айпери Кулбаева Москвага гастролго жөнөп калды. Мени «барасыңбы?» дешти, Москваны көрүп келмекчи болуп кошулуп кетип калдым. Сынактар калды. Ошентип окуудан куулуп, кайра кабыл алынып, окуумду калыпка келтирип жүрүп 9 жылда бүттүм. Анда Эмил Балтагуловдун «Ичпечи, апа», Айпери Кулбаева экөөбүздүн «Кыз-жигит айтышы» ырыбыз популярдуу болуп турган кез болчу.

Окууну бүткөндөн кийин өзүм окуган окуу жайда 2 жыл жатаканалар боюнча комендаттардын үстүнөн тарбиячы болуп иштедим. Иш менен чыгармачылыкты кошо ала жүрдүм. Эгемберди Талипов агай «үнүңөр калыптанат, концерт койгула» деп бизди «Үмүт» ансамбли менен жатаканаларга, кийин санаторий, курортко концерт бердире баштады. 2 сааттан тынбай ырдай берип үнүбүз калыптанды.

«КӨКСУЛУУМА ЫР ЧЫГАРЫП ЖҮРҮП АРАҢ ЖЕТТИМ»

– Окуп, жатаканада жашап жүргөн кезде келинчегим Мунараны бир көрүп жакшы көрүп калдым да, артынан 3 жыл жүгүрдүм. Ал Аксыдан. Ошого ата-энеси жигитиң алыстан экен, бербейиз дегендей болушту. Мен Мунарага 3 ырды обону менен чыгарып ырдап жүргөн элем. Бир ирет ага чыгарган

«Карлыгачтын канатындай каштарың,

Кундуз сымал капкара экен чачтарың.

Бир көргөндө жүрөгүмө чок салдың,

Кыйын болду, Мунар, арбап мени алганың.

Сүйүү отун жакканыңды туйбадың,

Сезимимди бийлеп алып кыйнадың.

Сүйүп калдым, бото көздүү Мунарым,

Сен деп жүргөн Кутманыңды сыйлагын»,- деген ырымды дискке жаздырып, Мунарага карматтым. Ал аны апасына угузуп, айтор, алар кызын мага беришкен. Мунараны аксылык экенин билген Жолболду агай «Көксулууң жүрөбү?» деп тамашалап сурап калчу.

Ошентип Мунарага 2006-жылы баш коштум. Жаңы тиричилик болгон үчүн жашообуз эптеп эле болчу. Бирок элге ырчы катары атым аздыр-көптүр таанылып калган. Жашообузду көрүп Жеңишбек Айтиев мага «күндө саат 5те келесиң» деди. Күндө саат 5те барып, ал менен тойлорго катышып, ырдап да жүрүп тамадалыкты үйрөндүм. Анан тамада боло баштадым.

2017-жылы Мунара экөөбүз дуэт ырдап чыга баштадык. Мунара жакшы ырдайт. Экөөбүз аткарган 10 ырыбыз бар, үчөөсүнө клип тарттырганбыз.

Алгачкы тушоо кесүү концертимди 2009-жылы Ош улуттук драма театрында бердим. Андан кийин Мунара экөөбүз 5 жыл катары менен чай-концерт өткөрдүк.

Тапкан каражаттарды чогултуп, жакында эле Ош шаарында чоң там салдып бүттүк.

«ЖАМАКТАТЫП, АЛ ТУРГАЙ КЭЭДЕ ТӨГҮП ДА ЖИБЕРЕМ»

– Репертуарымда патриоттук, ата-эне, туулган жерге арналган ырлардын тышкары лирикалык ырлар да бар. Рыспай Абдыкадыровдун, Жолболду Алыбаевдин ырларын аткаруудан ырахат алам. Эстрадалык, фольклордук ырлардан тышкары комуз менен ырдалчу ырларым көп. Той алып барып жатып тойдогу абалга жараша жамактатып, кээде анча-мынча төгүп да жибермейим бар. Молдо кайып деген чоң атабыз учурунда төкмө, жазгыч акын болгон экен. Алымбек датканын жакшысын ашырып, жаманын жашырган ырчысы болуптур. Азыр чоң атамдын ырлары Ташкенттеги архивдерден табылып жатат. Ошол атамдын өнөрү мага өткөн окшойт. Жамактап чыгарган ырларым 1 дептер толо.

Тамада катары 10 чакты баланы таптап чыгардым. Учурда жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп жатам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан