Балалык дегенде сиздин көз алдыңызга эмне тартылат? Ар кимдики ар түрдүү, ээ? Адамдагы эң капарсыз учур балалык эмеспи. Бул жолу кыргыз музыкалык аспаптарына тил киргизип сүйлөткөн кыл кыякчы Залина Касымованын балалыгына чогуу сапар тарталы деп турабыз.
– Залина, саламатсызбы? Бул жолу балалыкка сапар алалы дедик, сиздин балалыгыңыз кандай өттү?
– Саламатсыздарбы? Балалыгым музыка дүйнөсүнө кызыгуу менен өттү. Мектепке барганга чейин эле атамдан комузду үйрөнүп калдым. Менде музыкалык аспаптарга башкача бир кызыгуу бар болчу. Ошону ата-энем байкаса керек, 4-классымда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайга жиберишти. Мени менен чогуу сиңдим дагы окуду. Ал фортепиано жаатында окуду, 11 жыл окуп, бирок кесибин кийин өзгөртүп жиберди. Учурда эжем жана сиңдим врач. Үч кыз удаабыз. Иним кийин төрөлдү. Иним да музыкалык окуу жайда пианинодо окуду. Ал дагы кийин башка тармакка кетти. Мен эле музыкага туруктуу болдум (күлүп). Көп музыкалык аспапта ойноп көрдүм, бирок кыякта башка бир өзүнө тартып турган нерсе бар. Кыяк үйрөнүү кыйын болгону менен кызыктуу. Мен ушул убакка чейин эле кыяктын сырын ачып бүтө элекмин. Мектепке киргенимден баштап эле сынактарга катышып баштадым. Ойлосом балалыгым сынактар, окуу, эмгек менен өтүптүр. Башкалар бир күндө эле “жылдыз” болуп кетип жатышпайбы. Меники андай болгон жок. Балалыгымдан бери тынбаган эмгектин аркасы менен бүгүнкү күнгө келдим.
– Музыка дүйнөсү, сынактардан башка балалык эмне менен эсиңизде калды? Мисалы, үй-бүлөдө ордуңуз кандай эле?
– Мени атам үй жумуштарынан алыс кармады. “Музыканттын колу назик болушу керек, бир жерин кесип алса кыягын черте албай калат” деп калкалап турчу. Музыкалык окуу жайда жатаканада жашадым, дем алыш күндөрү үйгө барып, кайра даярданып эле келип калчумун. Балалыкта тентек кылып, топуракка оонап, сууга түшүп кетип, ата-энеме таарынган учур болбоптур. Жайында ата-энебиз жайлоого жиберип ийчү. Ошол жактан турмушка быштым деп ойлойм, балким, мен жайлоого көп чыгып жүргөндүктөн да кыргыздын нукура аспабында ойноп калдым. Сиз сурасаңыз ойлонуп жатам, менде ойноп-күлүп, бир жакка барганга да убакыт болбогон экен. Балким, кызыккан эмесминби, билбейм.
– Үч кыз удаа чоңойгон экенсиңер, атаандаштык болчу беле?
– Азыркы балдар батпай тытышып кетет го, бизде эмнегедир андай эмес эле. Ата-энем бизди үйгө таштап кеткенде менден бир жаш улуу эжемдин сөзү биз үчүн мыйзам болчу. “Кичине кезиңде өзүңө жаккан бир кийимди такыр чечпей жүрө берчүсүң” деп апамдар айтып калышат. Үч кыздын ичинен эжем жоопкерчиликтүү болду, мен чыгармачылык менен алыштым, сиңдим бир аз эрке болуп чоңойду. Азыркыга чейин эле ал атасынын кызы. Маселе болуп калса ал аркылуу атама айтып, анан чечип алабыз (күлүп).
– Бир нерсени туура эмес кылганда ата-энеңердин жазалоо ыкмасы бар беле?
– Жок, таяк эмес, катуу сөз угуп көрбөпмүн. Ата-энебиз бизди аябай эле калкалап, бейпил атмосферада чоңойтушуптур. Мен жашоону балалыгымдагыдай эле бейпил, таза, эч бир кири жок кабыл алчу экем. Кийин гана турмуш менен кагылышканда турмушта ар түрдүү адамдар бар экенин билдим.
– Андай тарбиядан балдар кандай чоңоёт экен?
– Эркин, эч нерседен коркпогон адам болуп чоңоёт экен. Ошол эле учурда жан дүйнөсү назик болуп калат экен. Ичиме кир сактап, бирөөлөрдөн өч алам, минтем-тигинтем дебегеним деле ошол тарбиядан улам болуш керек.
– 14-15 жаштарда балалык сүйүү башталат эмеспи? Ал этап кандай өттү?
– Мен ал учурду деле кыйратпадым (күлүп). Турмушка чыкканга чейин деле жигит жандабаптырмын. Артымдан чуркап көз салгандар бар эле, бирок мен сынактардан бошобочу окшойм. 11-классты бүткөндө мамлекеттик экзаменди берип жатканда комиссияда отургандар мени байкап калышып, филармонияга жумушка чакырышты. Улуттук консерваторияга тапшырып студент болуп жүргөндө андан тышкары эки-үч жумушта иштечүмүн. 19 жашымдан баштап гастролго чет өлкөгө чакырыктар боло баштады. Эң биринчи Москвага баргам, кийин Тайванга кеттим. Кийин Европаны кыдырдым. Көп учурда чет жакта болуп калчумун, улам жаңы нерсени билгенге кызыгып жүрө берчү экенмин. Студенттик кезим чет өлкөдөгү сапарларым менен эсимде калды.
– Балалык учуруңуз сынак, музыка менен өткөн экен, бул нерсе сизди “мен өзгөчөмүн” деген текеберликке жетелеген жокпу?
– Жок, тескерисинче, мектепте эң жоош кыз мен болчумун. Азыр деле укмуш болуп кеткен жокмун (күлүп). Үн-сөз жок, музыкалык аспабымды көтөрүп алып эле ошол дүйнөдөн чыга албай жүрө берчүмүн. Дос деле күтпөгөм. Мектепте көңүл борборунда болгон кыздардан эмес элем. Максат койгон бала ушундай болуп калат экен. Бир максат койсом жетпесем жаным жай алчу эмес. Экинчи жагынан мүнөз дагы таасир берди окшойт. Азыр деле бир калыптамын (күлүп).
– Азыр ошол мүнөз балдарыңызда барбы?
– Уулумда бар, бир максат койсо сөзсүз жетет.
– Биз балдарыбызга ата-энебизден эмне алсак ошону гана бере алат экенбиз, сиз эмне алдыңыз жана эмне берип жатасыз?
– Сүйүү, колдоо, бейпилдик алдым. Ата-энем экөө тең конфликтсиз, ток пейил, ар бир нерсеге шүгүр кылган адамдар. Экөө тең тытынып иштешип эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Мен деле ошол нерсени балдарыма берип жатам деп ойлойм. Баланы сүйүүгө, мээримге тойгузуп, материалдык жактан да колдоп, кыскасы, бардык жактан ток чоңойтуш керек.
– Бала кездеги таасир берген бир окуя...
– 5-классыбызда “ким болосуң?” деген сыяктуу дил баян жазган экенбиз. Мен ошондо “өнөрүм менен элге алынып, дүйнөнү кыдырсам” деп жазыптырмын. Балалык кыял да, билесизби, ошонун баары ишке ашты. 5-класстагы дил баяныбызды таап чыгып окуп, 11-классты бүтүп жатканда мугалимдерибиз дил баяндын маанисине жараша грамота тапшырышты. Мага Африкага жолдомо беришкен. Канча жыл мурун кыялданган балалык кыял ишке ашканга аябай таасирленгем. Ошол үчүн балдарга кыялдангыла деп көп айтам. Балдар эле эмес, чоңдор деле кыялданса сөзсүз жакшы натыйжа берет.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева