ЫДЫК КӨРСӨТКӨНДӨРДҮ ЖАЗАГА ТАРТА АЛАБЫЗБЫ?

Жакында Бишкектеги №164 маршруттук таксиде 12-14 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн сүрткүлөп жаткан жигиттин жоругун байкап калган жүргүнчү анын аркасынан кубалап урушуп, сөгүп жаткан видеосу интернет желесине тарады. Көп өтпөй жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалып, ага “майда бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5500сом айып пул салынганын кабарлашты Октябрь РИИБи. Бул окуяга чейин деле коомдук транспортто, жумуш ордунда, көчөдө ыдык көргөн айымдар баштан өткөн окуяларын байма-бай айтып келишкен. Ыдык көрсөтүү – бул харассмент, асылуу, чекти бузуп тийишүү. Беймаза телефон чалуулар, адепсиз кол жаңсоолор, мазактоо, жыныстык катнашка мажбурлоо, жыныстык катнашка үндөгөн ар кандай ишарат, куугунтуктоо, көчөдө ышкырып, кыйкырып тийишкен жоруктардын баары ыдык көрсөтүүгө кирет. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга туш болору аныкталган. Биз төмөнкү макалада ыдык көрсөткөндөрдү мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тарта алабызбы, ыдык көрсөткөндөр кандай психотиптеги адамдар, аларды туура жолго салуу мүмкүнбү? Ушул тууралуу кеп кылабыз.

Айдай Токоева, журналист: “Мага ыдык көрсөткөндөрдүн иши бир жумадан кийин эле токтотулуптур”

– Окуя 2021-жылы 9-июнга караган түнү курбуларым менен шаардагы көчөлөрдүн биринде кетип бара жатканда болгон. Биз бараткан жол менен маңдайыбызда балдардын тобу басып келе жатышкан. Алардын бири мени жамбашка чаап өтүп кетти. Бир секунд нес болуп туруп калдым. Анткени жанымда ушунча курбум турса мындай болот деп күткөн эмес элем. Биз курбуларым менен артынан барып, “эмнеге ушундай кылдың?” дегенибизде, “кааладым, чаптым!” деген. Андан кийин милицияга чалып, аны кармоого аракет кыла баштадым. Милиция бул фактыны “майда бейбаштык” беренеси менен каттаган. Көп өтпөй мага ыдык көрсөткөн жигит табылды, ал 1999-жылы туулган жигит экен, беттешүү учурунда кечирим сурап, ишти токтотууну суранды. Мас абалында болгонун, капыстан мага тийип кеткенин айтып актанды. Бирок ишти токтоткондон баш тартканымда “болбогон нерсе үчүн ушунча ызы-чуу кыласыңбы?” деди. Ал иш бир жумадан кийин эле, тагыраагы, 2021-жылдын 16-июнунда “жорук жасалган эмес” деген негизде кыскартылганын билдим. Ыдык көрсөтүү – бул кылмыш! Биз ар бир аялды мындан коргошубуз керек.

Эльвира Сурабалдиева, депутат: “Ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз керек”

– Ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзам долбоорунун демилгесин мен көтөргөм. Алгач мыйзам долбоорун кабыл алардан мурун ыдык көрсөтүү, тийишүү эмне экенин коомчулук түшүнүп алышы керек. Көпчүлүк кесиптештерим муну феминисттик көз караш деп баалап, парламенттен өтпөйт деп айткандар да болду. Бирок бул көйгөй коомчулукта абдан актуалдуу деп эсептейм. Мыйзам долбоору аларды коркутуу үчүн эмес, ыдык көрсөтүү жакшы эмес экенин түшүнүү үчүн керек. Ушундай жол менен биз кыздарыбыздын келечегин коргойбуз. Мисалы, жумушта жетекчисинин тийишүүсүнө кабылган айым стресс болуп жумушун таштап кетиши мүмкүн. Кайсы бири унчукпай чыдап жүрө берет. 2021-жылдын 25-июнунда Эл аралык эмгек конвенциясында жумуш учурундагы тийишүү, зомбулук боюнча биринчи келишим иштеп баштаган. Ал келишим биздин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кире элек экен. Ушул келишим ратификация болсо эле мыйзам долбоорун талкуулоону баштамакпыз. Биз эл аралык уюмдар менен бирге Кыргызстан аялдары арасында ыдык көрсөтүү боюнча мониторинг жүргүзүп, айрым окуяларды угуп төбө чачыбыз тик турган. Агайынан ыдык көргөн студент кыздар, жумушта жетекчисинин тийишүүсүнө кабылган кызматкер айымдар, коомдук транспортто тийишүүгө кабылгандар көп экен. Айрым кыз-келиндер өз өмүрүнө кол салууга чейин барышкан фактылар билинди. Андыктан ыдык көрсөтүү жөнүндө мыйзам долбоору бизге керек.

Назира Кубанычбек кызы, психолог: “Психологиялык, моралдык жактан туруксуз адамдар ыдык көрсөтүшөт”

– Ыдык көрсөткөндөр адамдын өздүк чеги тууралуу маалыматы жоктор, психологиялык, эмоционалдык, моралдык жактан туруксуз адамдар болот. Алар өзүнөн алсыз адамдарга ушундай мамиле жасашат. Булардын ар бир сексуалдык ыдыкка ыктаган ишаратын ашкерелеп жазалап туруш керек, мыйзам жагынан болбосо да, моралдык жаза колдонсо ыдык көрсөткөнү тыйылат. Аң-сезимин өстүрүп, психотерапия курсуна окутуу да дарылоого жардам берет. Психотип катары алсак, булар көбүнчө нарцисстер же психопат болушу мүмкүн. Нарцисстер өздөрүн башкалардан өйдө көрүп, башкаларга карата оюна келгенин жасоо мүмкүн, жасаган жаман иштери үчүн жаза албайм деген сыяктуу жаңылыш ишенимдери бар адамдар. Демейде статусу бийик, колунда бийлиги бар адамдар ыдык көрсөтөт. Жетекчи секретарына, мугалим окуучусуна, үй кожоюну үй кызматкерине, таксист жүргүнчүсүнө жана башка ушул сыяктуу мисалдар көп. Ыдыкка кабылгандардын көбү көйгөй тууралуу эч кимге айтпайт. Кээ бир аялдар өч алуудан коркушат, башкалары жөн эле айткандан уялышат. Же болуп өткөн окуяга өзүн күнөөлүүдөй сезишет. Себеби айрым кыска ой-жүгүрткөндөр кыз кыска юбка кийип алганы үчүн, көп ичип же жөн эле катуу күлүп башкалардын көңүлүн бурганы үчүн күнөөлүү деп эсептешет. Тийишүүнү, асылууну “эркектин табияты ушундай” деп түшүнгөндөр бар. Жок, андай эмес, ар бир мамиледе адамдын жеке чеги болот, аны сактоого, коргоого адам укуктуу. Ыдык көрүп жатканды далилдөө абдан кыйын, мындай учур катталса дароо фиксация кылып видео, аудиожаздыруу, күбөлөрдү даректерин, датасын, саатын жазып алуу керек. Баарыбыз айтпай жашыра берсек бул нерсе улана берет. Башка кишилер да жабыркайт. Бул сыяктуу аракеттер мындай адамдарды моралдык жазалоого кирет. Жамаатта эркектер иштеген жерде да ыдык көбүрөөк болот. Жалпысынан коомчулукта адамдардын укугу, өздүк чек жана анын кол тийбестиги, этика, жыныстык дискриминацияга жол бербөө сыяктуу түшүнүктөр жайылтылышы керек.


Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан