11-июлга карата Кыргызстанда COVID-19га каршы 1 миллион 571 миң адам эмдөөдөн өттү.
92 Кыргыз жараны атайын меморандумдун алкагында Түштүк Кореяга жумушка ороношууга жиберилди.
Ташкент-Бишкек багыты боюнча аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү, эми аптасына 4 жолу учат деп билдирет “Манас” аэропорту.
УКМКнын төрагасынын орун басары Бекбосун Апсатаров кызматынан бошотулду.
Чүйдө үгүт жүргүзүп келген диний-экстремисттик кыймылдын 3 мүчөсү кармалып, камакка алынганы айтылды.
12-18-июль күндөрү кесиптик орто окуу жайларга документтерди онлайн форматта каттоонун 1-этабы жүрөт.
Бишкекте “Ихсан” турак жай кооперативинин жетекчиси кылмышка шектелип кармалды.
Бир аптада Кыргызстанда 190 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүргөн учурда кармалганы маалымдалды.
Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын мурдагы жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды.
Улуттук статистика комитети: Июль айына карата бензиндин баасы 50 тыйынга арзандады.
УКМК: Бишкекте Курман айт күнү жардыруу уюштурууну пландаган жергиликтүү жана чет элдик жарандар кармалышты.
Миң-Куш аймагынан 150 тонна көмүрдү мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалышканы маалымдалды.
2022-2023-окуу жылында ЖОЖго тапшыруудагы босоголук чек негизги тест боюнча 110 балл, предметтик тест боюнча 60 балл деп белгиленди.
2022-жылы өлкөдө 400 чакырым жолго асфальт төшөлөрү айтылды.
Бишкекте 11-июлда чет элдик жаранды тоноп кетүүгө шектелип 4 жаран кармалып, камакка алынды.
Төө-Ашуу тоннелинде оңдоп-түзөө иштери жасалды.
Баткендин Кадамжай районунда 10 жашар бала дарыяга агып кетип каза тапты.
Бишкекте 13 жашар кызды зордуктоого шектелип кармалгандар кылмышты моюнга албай жатканын жабырлануучунун жактоочусу билдирди.
Кыргыз жеринде ПЧР-тесттин баасы арзандады, эми 490 сомго тапшырууга мүмкүн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.