ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУЛАРЫ

21-декабрда КРнын улуттук чемпиондугунун эң сенсациялуу сезонунун жыйынтыгы чыгарылды. КРнын Футбол федерациясы жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатын Бишкектеги “Сейтек” борборунда өткөрүүнү чечти. Аземде баары болду: сыйлуу коноктор, түрдүү жаштагы футбол күйөрмандары, ыр-бий, майрамдык салют жана, албетте, жаңы чемпион...

ФУТБОЛДУН КҮЧҮ
Алгач салтанаттын ачылышында КРнын ФФсынын башкы катчысы Нуртазин Жетыбаев сөз сүйлөдү. Ал кубанарлык бир топ маалыматтар менен бөлүштү. Алсак, Орусиянын “Спартак” жана “Локомотив” командаларында тажрыйба арттырып келген Борис Стрельцов федерацияда техникалык директордун милдетин аткарып жатат. Быйылтан баштап аялдар арасында өтүүчү "Үмүт" мелдеши ФИФАнын желеги астында өтө турган болду. Жаңы жылдын алгачкы айларында жаш өспүрүмдөрдү машыктыруу максатында Япониядан адис келе тургандыгы маалымдалды.
Сахнага чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында Аскар Салымбековдун келтирген мисалы сыймыктанууну жаратты. "Гуанчжоудо өткөн Азия оюндарында курама командабыз Кытайдын командасын оюндун 80-мүнөтүнө чейин 1:0 эсебинде жеңип баратканын билебиз. Ошондо Кыргызстан Кытайдын оозун ачыра алды. Анткени 1,5 миллиард кытай таң калып, картадан Кыргызстан деген өлкөнү издей башташты”,- деди Аскар мырза.

КӨП НААМДАРДЫ “ДОРДОЙЧУЛАР” ИЛИП КЕТИШТИ
Бул күнү “Жылдын мыкты дарбазачысынан” баштап “Жылдын мыкты чабуулчусу” наамына чейин сыйлыктар өз ээлерин тапты. Абройлуу делген “Жылдын мыкты футболчусу” наамы “дордойчу” Азамат Байматовго буюрду. Ошондой эле калыстар да белгиленип, “Жылдын ачылышы” аныкталды. Аталган сыйлыктардын баары “ЮАР-2010дун” гимнине айланган Шакиранын аткаруусундагы “Африканын мезгили келди” ырынын коштоосунда тапшырылып жатты.

ШОУ ДЕМЕКЧИ...
Куттуктап келгендердин ичинде футбол ардагерлери менен чоңдор гана эмес, сахна адамдары да болушту. Ырчылардан футбол күйөрманы болгон Урмат Усенов ырдап берсе, “Тамашоу” Лигасынын курама командасы боорду эзди. Ал эми “Бриллиант” бий тобунун "Тропикана" бийин көргөндөр эшикте кыш экендигин унутуп коюшкан болсо, ажеп эмес.

“НЕФТИЧИГЕ” ИЙГИЛИК!
Кеченин кульминациясы, албетте, “Нефтичиге” сыйлык тапшыруу болду. Сезондо башкалардан айырмаланып, чемпион болгон “нефтичилер” аземде да өзгөчөлөнүштү. Алар башкалардан айырмаланып, окшош костюм-шымчан чыгышып, сахнага көрк кошушту. Аларга кубок тапшырылып жатканда айтылуу “Queen” тобунун “We are the champions” ыры жаңырып, салют атылды. Ушул мүнөттөрдө “нефтичилер” менен алардын күйөрмандарынын кубанычына чек жок эле. Аягында кочкор-аталыктарга ийгилик кааланып, “Шериктештик кубогунда татыктуу оюн күтөбүз” деген тилек билдирилди.

НААМДАР БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:
Мыкты футболчу – Азамат Байматов ("Дордой")
Мыкты дарбазачы – Владислав Волков ("Дордой")
Мыкты коргоочу – Фарух Абитов ("Дордой")
Мыкты жарым коргоочу – Эсенкул уулу Чолпон ("Абдыш-Ата")
Мыкты чабуулчу жана бомбардир – Талай Жуматаев ("Нефтичи")
Мыкты машыктыруучу – Александр Крестинин ("Нефтичи")
Мыкты футболчу айым – Наталья Гайваронская ("Азалия")
Сезондун ачылышы – Азиз Сыдыков ("Алга")
Мыкты калыс – Дамир Жаныбеков
Мыкты аймактык футбол федерация – Жалал-Абад жана Чүй облустук футбол федерациясы

(Чемпиондорго сыйлык тапшыруу аземин "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Luckyman
2010-12-26 03:53:19
Ай оштуктар барсынарбы озу? же футбол не наш стиль би?))качан Ош чемпион болот? качан Кыргызстан ЧМ га катышат?))
0
asyl
2010-12-27 03:17:46
оштон чыгып "Дордойго" кетип атпайбы.Байматов бир кездерде Ошто "Акбуура","Алайда" ойноп жургон.Молочик.
0
mister sultan
2010-12-28 23:50:09
На кубке содружества наверняка как всегда в группе займут последнее место и обратно приедут....
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан