МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ ЭМИ СЫНАК АРКЫЛУУ ТАНДАЛАТ

Мектепти 5 жылдан ашык убакыттан бери жетектеп келген директорлор иштен алынышат. Тийиштүү жарлыкка 12-июлда президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мектеп директорлору эми сынак аркылуу тандалат. Тандоодон өткөн талапкерлер мектеп директорлугуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору аталган жарлык күчүнө киргенден тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет. Мектепке жаңы жетекчи дайындалганга чейин кызматтык милдетин убактылуу аткара алышат жана башка талапкерлердей эле директорлук кызмат үчүн сынакка катышууга укуктуу.

Билим берүү жана илим министрлиги сынактык тандоонун тартибин, сынакка катышкан талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыгууга тийиш.

Мектепти узак жылдарга башкарган директорлор окуу жайды “менчиктеп” алышат, өз билемдик кылып эч кимди тоготушпайт деген сын көптөн бери айтылып жүрөт. Ошондуктан жогорудагы чечим көпчүлүктүн колдоосуна татыды. Башкысы – мектеп директорлорун тандаган сынактар эми ачык-айкын, тааныш-билишсиз, калыс өтсүн деген талаптар айтылууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан