Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочуларга жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2017-2021-жылдары Кыргыз жеринде 32 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болсо, 49 639 адам ар кандай жаракаттарды алган.
– Айдоочулардын айынан
28 142 жол кырсыгы катталып, бул жалпы жол кырсыктарынын 86,9 пайызын түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70 пайызы эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар. Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду же жалпы көрсөткүчтүн 23,1 пайызын түзөт. Жөө адамдар жана жүргүнчүлөр – жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт. Кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдык боюнча чектен ашкандыгы, ашып өтүү же каршы тилкеге чыгуу менен эреже бузган айдоочуларга жаза күчөтүлгөнү жатат,- деди министр.
Кантип күчөтүлөрү тууралуу айткан жок.
Айта кетсек, парламент депутаты Марлен Маматалиев мас абалында унаа башкаргандарга жазаны күчөтүүнү сунуштап жатат. Тагыраагы, андай айдоочуларга азыркыдай 17 500 сом эмес,
50-80 миң сомго чейин айып пул салууну, 15 жылга чейин эркинен ажыратууну демилгеледи. Тийиштүү мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда.