КЫРГЫЗСТАН СЫРТТАН КӨМҮР САТЫП АЛБАЙТ

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдан тарта сырттан көмүр сатып алууну токтотот. Бул тууралуу 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Айтымында, Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылууну "Кавак" улуттук компаниясы колго алат. "Кавак" – Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин эффективдүү иштетүүнү уюштурат деп быйыл жазында түзүлгөн ишкана. Расмий маалыматка таянсак, быйылкы жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБине 1,5 миллион тоннанын тегерегинде көмүр керектелет. Учурда мекемеде 225 миң тоннадай көмүр запасы бар экени айтылган. Буга чейин Бишкек ЖЭБине көмүрдүн басымдуу бөлүгү Казакстандан ташылчу. Бекмурзаевдин айтымында, көмүр импорттоого мамлекеттик бюджеттен 32 миллион доллар жумшалчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан